Москвадагы парадга АКШ, Франция, Улуу Британия жана Польшанын аскерлери да катышты.
Салтанаттуу аскерий параддар Орусиянын 70 шаарында жана кошуна өлкөлөр Украина менен Беларуста да өттн.
Орусиянын борборундагы бул жолку парад СССР чачырагандан кийинки эң көп жоокер катышкан жана чыгымы оор парад болуп калды.
Бул жолку чыгымды экономисттер 1 миллиард 2 миллион рублга тете деп эсептеп чыгышкан.
Дагы бир олуттуу жагы – бул аскердик парадга алгач ирээт НАТО жаатына кирген өлкөлөр: Британия, АКШ, Франция жана Польша аскерлери катышты.
Алардан сырткары КМШ жаатынан 10 өлкөнүн (алардын ичинде Кыргызстандын) аскерлери катышканы да биринчи жолу болуп аткан көрүнүш.
Орусиялык ордо калаага Жеңиш күнүн майрамдаганы 24 мамлекеттен – гитлердик Германияга каршы коалиция өлкөлөрдөн 3 миң согуш ардагери чакырылган.
Кызыл Аянтта президент Дмитрий Медведев аларга жылуу–жумшак кайрылуу жасады:
- Кымбаттуу ардагерлер, силер 65 жыл мурда биздин өлкө жана бүтүндөй жер жүзү үчүн тынчтыкты жеңип бердиңер. Сиздердин алдыңыздарда биз башыбызды ийебиз! Жеңишиңер кут болсун! Жеңүүчүлөргө даңк!
Президенттин бул сөзүн ураалаган кыйкырыктар коштоп кетти.
Салтанатка Германиянын канцлери Ангела Меркель, КЭР төрагасы Ху Цзиньтао, Польша президентинин милдетин аткаруучу Бронислав Коморовский, Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева жана башка көптөгөн чакырылган улуу даражалуу коноктор катышышты.
Француз президенти Никола Саркози менен италиялык өкмөт башчы Силвио Берлускони чакырылса, алар Грекиядагы учурдагы каржылык кризиске байланыштуу себептен улам келе алышпаганын билдиришкен.
Грузиянын жетекчиси – КМШдан чыгып кеткенге байланыштуу – Маскөөдө өткөн салтанатына келе алган эмес. Аны расмий Кремль бул салтанатка чакырган эмес деген да кеп бар.
Орусия коомчулугунда биринчи жолу салтанатка НАТО күчтөрүнүн чакырылышы кыйла кепке алынууда.
Левада сурамжылоо борбору жүргүзгөн иликтөө жыйынтыгында сурамжылоого катышкан орусиялыктардын тең жарымы НАТО аскерлеринин келип кетишин жактырган.
Бирок 20 пайызы – нааразыбыз дешкен. Ал эми 8 пайызы – такыр жолотпоо керек дешкен.
Алар коммунистер менен улутчулдар жааты болушкан жана алар бетке кармаган кеп: «Гитлерди батыштык союздаштардын жардамы жок эле советтик армия өзү жеңген» - деген жоромол болгон.
Ушуга чукул пикирди Мамдумадагы КПРФ депутаты Василий Стародубцев айтат:
- Кызыл Аянт менен биздин жообуз НАТОчулар өтүп атат. Бул баардык патриотторду, тылда иштеген, фронтто болушкандардын баарынын көңүлүн абдан иренжитип салды.
Фашисттик Германияны жеңгенге 65 жыл толгон күндү белгилеген парадга катышканы келген штабдык-сержант Жонатан Хоффмен буларды белгиледи:
- Василий Блажен сарайынын түбүнөн өткөн америкалык байрак – эсте каларлык көрүнүш. Бул кансыз согуш учурундагы жоолашуунун артка чегингенин билдирет. Ал эми бул жерге биздин келишибиз – Экинчи дүйнөлүк согушта жеңишке жетишибизди белгилөө.
Маскөөдөгү Карнеги борборунун жетекчиси Дмитрий Тренин мырзанын айтымында, бул жолку парад, баарынан мурда, советтик кезде жазылган окуу куралдарына чабуул жасайт. Айрым эски китептерде Экинчи дүйнөлүк согушту бир гана советтик-германиялык кагылыш катары баалаган ой айтылып келген.
Дагы бир көзгө урунган маанай - бул жолку парадга Кыргызстандын мурдагы жетекчилери: 7-апрелде болгон ыңкылаптын натыйжасында кызматынан четтетилген К.Бакиев жана андан беш жыл мурда тагынан айдалган А. Акаев катышкан жок.