Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Түркия Евробиримдикке умтулат, бирок...


Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна Франция, Германия жана Австрия каршы.
Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна Франция, Германия жана Австрия каршы.

Европанын ардагер саясатчылары жана таанымал академиктеринен турган бейөкмөт комиссия Евробиримдикти Түркиянын биримдикке мүчөлүк жараянын создуктурганы үчүн сынга алды.

7-сентябрда Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, Финляндиянын мурдагы президенти Марти Ахтисааринин жетекчилигиндеги көз карандысыз комиссия жарыялаган баяндамада айрым Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Түркиянын Евробиримдикке мүчө болуу мүдөөсүнө жолтоо болуп жатканы сынга алынат.

Брюсселди Түркиянын биримдикке мүчө болуу жараянын создуктурбоого үндөгөн комиссиянын баяндамасында, эгер бул иш создуктурулса, Түркиянын ички реформаларына жана Евробиримдиктин өзүнүн таламдарына да зыян алып келе турганы эскертилген.

2008-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгынын ээси болгон Ахтисааринин жетекчилигиндеги комиссиянын пикирлери европалык саясатчылар үчүн жол көрсөтүүчү мүнөзгө ээ. Комиссиянын 2004-жылы жарыялаган алгачкы баяндамасы европалык өкүмөттөрдүн Түркия менен 2005-жылы мүчөлүк сүйлөшүүлөрүн баштоого макул болуусунда орчундуу рол ойногон.

Комиссия кийинки баяндамасында Европа өлкөлөрү Түркиянын мүчөлүк маселесинде миграция, жумуш орундарынын коопсуздугу жана исламофобия өңдүү Батыш Европанын утурумдук камтамаларынын аралчасына айланып калышына жол бергени үчүн сынга алынган.

Баяндамада Европанын лидерлеринин мындай саясаты Евробиримдиктин бардык илгерки токтомдоруна кайчылаш келери жана Биримдиктин ишенимдүүлүгүнө, келишимдерди урматтоонун принциптерине доо кетирери баса көрсөтүлөт.

“Мүчөлүк сүйлөшүүлөрүнө бүлгүн салуу - Түркияга берилген убадалардан артка чегинүү дегендикке жатат жана Түркияда улутчул маанайдын кайра күчөшүнө шарт түзүп, “Евробиримдик мусулман өлкөнүн мүчөлүгүнө келгенде дискриминациялык турумду карманат-стандарт колдонот” деген түшүнүктүн жайылуусуна алып келет” деп айтылат баяндамада.

Марти Ахтисаари буларды айтат:

- Биз эмоцияга алдырбай, акыл менен иш алып барышыбыз керек. Жасалма тоскоолдуктун кереги жок. Биз 1999-жылы кабыл алган токтом менен Түркия Евробиримдиктин мүчөлүгүнө талапкер өлкө болгонун жана ага башка талапкер өлкөлөргө жасалгандай мамиле жасала турганын моюнга алганбыз. Бирок айрым өлкөлөр, эң оболу Франция берилген убадага каяша мамиле жасап келет.

Түркиянын Евробиримдикке мүчө болушуна Франция, Германия жана Австрия каршы. Бул өлкөлөр Түркияны мүчө кылуунун ордуна ага “өнөктөш өлкө” макамын берүү сунушун айтып келишүүдө.

XS
SM
MD
LG