Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:52

Бойдон алдыруу - сактануу эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жашаган аялдар үчүн күтүүсүз бойго бүтүү маселеси курч бойдон калууда. Мындай абал ар дайым кооптуу, бойдон алдыруу эненин өлүмү менен бүтүшү ыктымал.

Пландалбаган, күтүүсүз бойго бүтүү адатта төмөндөгүдөй учурларда болот:

  • Сактанбаган жыныстык катнаш, үй-бүлөнү пландоодогу талаптардын жоктугу, аялдарга контрацептиваларга байланыштуу маалымат жетпей калганда.
  • Кээде аял колдонгон контрацептивалык каражат 100 пайыз таасирлүү болбой, аны колдонууда кандайдыр бир мүчүлүштүк болсо;
  • Кокустан бойго бүтүү кээде зордуктоонун кесепетинен да болот.

Кыргызстандагы бойдон алдыруунун статистикасы

2019-жылы 20 миң 172 аборт катталган. Жылына бойдон алдыруу 1,6 пайызга көбөйүүдө. Мунун негизги себеби, акыркы жылдары аялдар арасында бойго бүтүрбөөчү каражаттар аз пайдаланылууда.

Ошондой эле өспүрүм кыздар арасында аборт жасаткандар көбөйүүдө. Акыркы беш жыл ичинде 12 жаштан 17 жашка чейин аборт жасаткан кыздардын саны 445тен 1060ка чейин, б.а. беш эсеге же 9,6 пайызга өстү.

Атайылап бойдон алдыруу Кыргызстандагы мыйзамдар менен бекиген, ар бир аял ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнө жараша бойдон алдыруу тууралуу чечимди эркин кабыл алышы керек.

Ошондой эле ар бир аял айыз циклин көзөмөлдөөнү өз жашоосундагы негизги эрежелердин бири кылганы оң. Себеби, айызы качан келгенин унутуп калса, бойго бүтүп калышы ыктымал. Андыктан айыз бир эле күнгө кечиксе, дароо дарыгер менен кеңешүү зарыл.

Кош бойлуулукту аныктоонун жалгыз ишенимдүү жолу – ультра үндүү аппарат (УЗИ) менен текшерүү.

Шашылыш диагностика кылуунун дагы бир жакшы ыкмасы – «тест-сызыкчаны» бардык дарыканадан сатып алса болот. Аны кечкисин алып, эртең менен ачкарын колдонсо, кош бойлуулукту аныктоо ошончолук так ишке ашат.

Лабораториялык анализдер – кош бойлуулукту аныктоонун татаал жолу. Аялдын организминдеги гормондорду текшерүү менен ишке ашат. Кан тамырдан кан же заара тапшырып, бир нече убакыт күткөндөн кийин жыйынтыгын уга аласыз. Лабораториялык ыкма – өтө так, бирок убакытты талап кылат.

Ошентип, кош бойлуу экениңиз аныкталды, эгер аял кайсы бир себептен улам төрөгүсү келбесе, дарыгер ага төмөндөгү нерселерди айтып берүүгө милдеттүү:

  • Эч качан өз алдынча бойдон түшүрүүгө аракет кылбаңыз, кээде аялдар же өспүрүм кыздар ысык сууга буулоо, ар түрдүү дарыларды ичүү сыяктуу ыкмаларды колдонушат, бул ден соолук үчүн өтө кооптуу!

Анткен менен баары бир бойдон алдыруу канчалык жогорку деңгээлде болсо да, аялдын организми үчүн төмөндөгүдөй коркунучтуу кесепеттерди алып келет:

  1. Аборттун айынан аялдардын 12 пайызынын айыз цикли бузулат, айыз келбей турган күндөрү жатындан кан агышы мүмкүн, мурда төрөгөн аял кийинки кош бойлуу кезинде аборт жасатса, айыз цикли үч-төрт айда гана араң калыбына келет. Ал эми такыр төрөй элек аялдыкы жарым жылга чейин кыйналат.
  2. Аборт – гинекологиялык оорулардын эң башкы себептеринин бири. Аны жасаткандан кийин ар бир бешинчи аялда оору пайда болуп, өрчүйт.
  3. Аборт эндокриндик жана нерв системасын бузат, аялдын организмин алсыздантат, иммунитетин түшүрөт.
  4. Башка бардык операциялардай эле аборт ар түрдүү деңгээлдеги ден соолукка коркунучтуу кесепеттерге дуушар кылат.

Жогоруда айтылгандардын баары да аял бойдон алдырам деп туруп алса, кесипкөй дарыгер аборттун кесепетин эң зыянсыз кылуунун жолдорун издеши керек. Алгач болочок баланын атасына кош бойлуулук тууралуу маалымат берип, бойдон алдыруу чечимин аял менен чечиши керектигин эскертет.

Абортту мүмкүн болушунча эрте, түйүлдүккө алты апта болгуча ишке ашырат. Дарыгер ар дайым чечим чыгарууну аялга гана коюшу керек.

Бойдон алдыруу кооптуу жана коопсуз болуп, экиге бөлүнөт:

  1. Коопсуз аборт – квалификациясы бар адис тарабынан дарыгер, акушер, медайым катышып, бейтаптын кош бойлуулук мөөнөтү да коопсуз болуп, медицинадагы коопсуз ыкмалар аркылуу, ооруканада гана жасалат!
  2. Кооптуу аборт – медициналык билими жок же жетиштүү даярдыгы аз, кир, антисанитардык шартта, ооруканадан тышкары жайда болот же аял өз алдынча ишке ашырат.

Коопсуз абортту кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндө ишке ашыруу менен эне өлүмүн жана ар түрдүү оорулардын алдын алса болот. Ошондой эле саламаттык сактоо системасы зыянга учурабай, кош бойлуулуктун алдын алуу жана пландоо боюнча программаларга кирбеген же контрацептиванын таасирин толук кандуу пайдалана албаган аялдарга жардам болот.

Көп өлкөлөрдүн тажрыйбасынын анализи көрсөткөндөй, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуунун санын арттыруу менен абортту 50 пайызга чейин азайтуу мүмкүн.

Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине жетип, аборттун санын бир топ эсеге азайтуу үчүн бизде төрөт жашындагы аялдарга бойго бүтүрбөөчү каражаттар жок дегенде 70-75 пайызга чейин жетиштүү болушу керек.

Аборттун эң мыкты профилактикасы – күтүүсүз бойго бүтүп калуунун алдын алуу. Адистердин айтымында, аборттордун санын азайтуу менен гана эне өлүмүн 25-30 пайызга азайтууга мүмкүн.

Коопсуз бойдон алдыруу боюнча медициналык кызматтар баарына жеткиликтүү болуп, адам укугун коргоо менен ага муктаж болгон аялдарга көрсөтүлүшү абзел.

Бактыгүл Бозгорпоева, тукум улоочу саламаттык боюнча эксперт

Бул макала SAAF долбоорунун алкагында жазылды
XS
SM
MD
LG