Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

"Адамдар тобу менен жинди болот, жалгыздап акылга келет"


Алмаз Кулматов
Алмаз Кулматов

Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Британ акыны, журналисти Чарлз Маккей (1814 - 1889) калың эл кадимкидей акылдан ажырап, ойго келбеген нерсеге ишенип, жетелеме болгон учурларды баяндаган “Көпчүлүк акылдан адашканда” аттуу эмгиче окумдуу китебинде “Үймөктөшкөн топ киши үйүр сымал. Үйүр тобу менен жинди болот да акыл-эске бир-бирден араң келет” деп жазган. Маккей келиштире сүрөттөгөн окуяларды - орто кылымдардагы, андан кийинки замандардагы массалык психозду жайына коелу, болсо болгондур, ошол доорлор менен кетсин дей албай турубуз.

Кечээ эле, 90-жылдардын башында Кашпировский аттуу "дабагер" аралыктан дарылайм деп чыкканда миллиондогон киши аякка суу коюп алып, телевизор тиктеп, эс талма тартып жалдырап отурганы улуу жана орто муундун жадысынан чыга электир.

Кашпировский 1993-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасына депутат болуп шайланды. Ал кишиге сокур ишенимдин жанында Маккей жазган орто кылымдардагы окуялар шоона эшпейт.

18-майга караган түнү ордо калаадагы кыргыз жаштарынын жаалданып, жапырт акцияга чыгышы, чет өлкөлүк жарандар жашаган кээ бир жатаканаларга же иштеген жерлерге топтошуп барып, аларга ыдык көрсөтүшү, окуялардын дароо күч алганы да арбын суроо жаратты. Тыштан келген мигранттардын кылыктары жанга батты дегидей эмес эле. Анчалык ыза болуп, намысы козголсо, непадам тыштан кимдир бирөө кол салып же табигый кырсык болуп, журт башына иш түшсө, мынча көп жигиттин тез арада чогулушу кыйын.

Аксымдык, өзүмчүлдүк, бейбаштык, маданиятсыздык, түркөйлүк, караңгылык айылыбызды аралай чаап, төргө чыкан ушу заманда кандайдыр бир массалык ишти жети түндө ыкчам уюштуруу оор. Кимдир бирөөлөр атайылап уюштурдубу же стихиялуу акцияларбы, эмнеси болсо да үйүр тобу менен акылдан адашуу феноменин эске салды. Кишидей кыймылдап, иштеп, киши ордуна акыл жаратууга жөндөмдүү жасалма интеллект киши колунан чыга баштаган технологиялык доордо деле адамзат акылдуу боло албаптыр дейсиң аргасыздан.

Трагикомедия уланууда

Акылга сыйгыс окуялар күүсүнөн жана элек. Жапырт акыл-эстен ажыроо, эрежесиз оюндар жана эл аралык мыйзамдардын сакталбай калышы бир караганда эч байланышы жок ар башка көрүнүштөр сыяктанат. Жакшылап абай салса, үчөөнүн тең дүйнөдө өкүмү күч экени байкалат.

Өзөктүк куралды колдонуу адамзат үчүн эң соңку согуш болушу мүмкүн. Согуш куралдары азыркыдай арбын жана кубаттуу эмес тээ өткөн кылымдын 60-70-жылдары эле массалык кыргын салуучу куралдар колдонулса, дүйнө аласалат, эч ким аман калбайт деп чочулап турушчу.

1985-жылы ноябрда эсил кайран Михаил Горбачев менен Рональд Рейган “өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт жана андай согуш эч качан болууга тийиш эмес” деген тарыхый декларацияга кол койгон. Бүгүн дүйнөдө 7500 стратегиялык өзөктүк дүрмөт бар, анын 2500 жүзү 15 мүнөт ичинде атууга даяр, алардын ар бири көз ирмемде миңдеген чакырымга жетет. Ушунча курал бир-эки адамдын чечими менен атылышы ыктымал. Ушунун өзү эбегейсиз коркунуч эмеспи? Бүгүн бул жобо өзөктүк куралды колдонуу тууралуу өктөм риториканын жанында угулар-угулмаксан, басыңкы чыгууда.

Эл аралык укукта адамзатка каршы кылмыш түшүнүгү бар. Аныктамалары, түрлөрү жетиштүү. Өзөктүк курал колдонуп, сазайыңды колуңа берем дечүлөр кесепети адамзатка каршы, бирок жазалай турган жан калбай турган, бир эле жолу жасала турган акыркы кылмыш болсо канттик? Азыр кээ бир саясатчылар, айрым мамлекет башчылары өзөктүк куралды учурам деп тап берип, массалык кыргын салуучу куралдарды колдонууну бадага мал кошкон сымал жеңил айтып туру.

Өзөктүк согуштун натыйжасын билип туруп, ошондон кайра тартпасын ачык билдирүү опуза эле эмес, улуттук лидер аталгандардын, көпчүлүк шайлап алган жетекчилердин, шайланам дечүлөрдүн туташ эси жоктугун, адамзат тагдырына бейжоопкер мамилесин кыйыр айгинелейт. Адамзат кайра калыбына келгис боло турган кырсык, эми кайтып эсине келбей турган алаамат, биротоло жексен болуу перспективасы дүйнөнү эмнегедир кооптондурганы байкалбайт. Адамзат энөөлүк, кенебестик кылып жатабы, же чындап эле жапырт моюн сунуп, акыретке баштандыбы, айтор саясатчылардын өзөктүк согуш эле согуш, кырам эле кырам деген ураанына жооп кайтарган бекем добуш угулбайт.

Интеллектуалдардын, акылгөйлөрдүн чогулуп же ар кими өзүнчө ошо согушуп жаткандарга же дагы кыргын салуучуларга, өзөктүк лидерлерге кайрылып, кой-ай, эсиңерге келгиле дегени билинбейт.

Эрежесиз оюндар

Мыйзамдар мыйзам болуудан кала баштаганын мурда да бир нече ирет кеп кылдык эле. Эрежелер, мыйзам жоболору масштабдуу түрдө бузула баштады.

Конституцияларында дин мамлекеттин ишине кийлигишпейт, диний уюмдар мамлекеттен тышкары өлкө деген Арменияда армян апостол чиркөөсүнүн өкүлү, Тавуш епархиясынын башчысы архиепископ Баграт Галстанян Ереванда расмий өкмөткө каршы массалык акциянын башында бир нече күн туруп, премьер-министр Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылды, ультиматум койду.

Диниятчы армяндардын армян чиркөөсүнүн анабашы Католикстен бата алдым деп кыйкырып турду. Албетте, Пашинян кете койчулардан эмес. Бирок чиркөө кызматкеринин саясий акцияны жетектешине “бу кандай, диний кызматкер мамлекеттин ишине кийлигишкенге кандай акысы бар?” деген суроо берилбей, миңденген киши аны ээрчип, башкалары байкамаксан болду. Эң катуу айтканы "орустардын кылганы" демиш болуп барып токтоду. Илдет жугуштуу окшобойбу, Грузияда болсо "чет элдик агент" мыйзамына каршы акциялар өтүүдө. Тынчый элек. Эми талаштуу мыйзамды “Үй-бүлө ыйыктыгы” деп аталган, аныгында өкмөт демилгелеген мыйзамды колдогон, бийликке ылым санаган жөө жүрүштөрдү чиркөө кызматкерлери уюштуруп, жетектеди. Кеп талаштуу мыйзамда эмес, маселе диниятчылардын саясий иштерде негизги акторлордун бири болушунда жатат. Диниятчылардын конституциялык принциптерге шайкеш эмес саясий акцияларына катуу реакция байкалбады. Коомчулук да башкы эреженин бузулушуна көнө түшкөн окшобойбу.

Адам жараткан проблемаларды адам гана чечүүгө тийиш
Эл аралык мыйзамдардын аброюн түшүрүп, эл аралык уюмдардын жана институттардын кадырын кетирген окуялар токтобойт шекилдүү. Соңку күндөрдөгү кашкайган мисалдарды санай берсек арбын. Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан Израилдин өкмөт жетекчисин, коргоо министрин жана ХАМАС радикал тобунун (Европа менен АКШда террордук уюм деп табылган) үч лидерин Газадагы кылмыштар үчүн айыптап, аларды камоого чечим чыгарып берүүнү өтүндү. Албетте, Израил буга дароо катуу жооп кайтарды. Ал турулуу иш деңизчи. Дал ушул маселеде биз жогоруда кеп кылган эл аралык институттардын кадырына оңбогондой доо кете турган болду.

Биринчиден, Израил Рим статутуна кошулбайт, демек Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясына кирбейт, анын чечимдери еврей мамлекети үчүн милдеттүү эмес.

Экинчиден, бир катар мамлекеттер, анын ичинде АКШ сыяктуу кубаттуу мамлекеттер Гаага сотунун бул аракетин колдомок турсун айыптады. Ошентип эки ача мамиле жаралды. Европа өзү бир беткей эмес, колдобогону да, каршысы да бар. Үчүнчүдөн, ордер чыгарылган күндө да Израилдин жетекчилери сот алдында жооп бере койбойт. Демек ишке ашпаган соң кабыл алынган чечимдин баркы канчалык? Буга чейин да Гаага кылмыш сотунун Орусияга каршы айыптоолорун Москва тоготкон жок.

Мындай тескери, соттун аброюна шек келтирген прецеденттер бир топ. Эл аралык соттун кадыры демекчи, жөөт президенти Ицхак Герцог Гаага прокурорунун каматам деген аракетин "эл аралык укук системасы кыйрай турганын каңкуулайт" деп баалады. Минтип бир эле Израил бийлиги айтып жаткан жок, Европа Кеңешинин өкүлү Энтони Дворкин бул маселе сот эле эмес, Евробиримдиктин да баркын кетирет деген пикирин билдирди.

Кыска убакыт ичиндеги ар кайсы аймактардагы ар башка окуялар акыл-эстен жапырт ажыроо жана эл аралык мыйзамдардын сакталбай, институттардын иштебей калышы өз ара байланыштагы проблемалар, өткөн чак эмес, эмки реалдуулук экенин тастыктап турат.

Акылман президент Жон Кеннеди 1963-жылы, атыларына беш ай калганда Вашингтондогу Америка университетиндеги “Тынчтык сөзү” же “Тынчтык стратегиясы” деген ат менен белгилүү орошон сөзүндө “Биздин проблемаларды адам жаратты. Демек ал проблемаларды адам гана чече алат” деген накыл кепти айткан. Калети жок. Демек конфликттик маселелерди чечүүнүн жолу катары өзөктүк риториканы жана опузаны дароо токтотуу зарыл. Куралга ээ мамлекеттер сүйлөшө алат жана макулдашууга милдеттүү. Алар адамзат алдында жоопкерчилигин бекем түшүнүүсү зарыл.

Экинчиден, стратегиялык жана тактикалык куралдарды колдонуу боюнча жаңы, так макулдашууларды тезинен түзүү керек. 2010-жылдагы келишимди кайра карап, андай куралдардын чегин азайтууга жетишүү зарыл. Орусия менен АКШ ортосунда өзөктүк куралды колдонууга жол бербөө тууралуу күчүндөгү келишимди аткарууга эки тарап милдеттенме алып, потенциалдуу мамлекеттерди кошуу кажет. Күн тартибине чыккан соң, баарын токтотуп, өзөктүк курал боюнча өзөктүк жана ири державалар глобалдык конференция өтүп, жаңы макулдашууга жетишүүсү кечиктирилгис маселе.

Үчүнчүдөн, эл аралык мыйзамдарды жана институттарды мамлекеттер биргелешип иштеп чыккан жана түзгөн. Эл аралык укук системасы юристтер өзүнчө отуруп алып ойлоп тапкан новеллалар эмес, адамзаттын суудай аккан каны менен жаралган баалуулуктар жана зарылчылыктар тутуму. Демек ошол мыйзамдарды жана институттарды түзгөн мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун башкы жыйынында мунасага келип, тарых сабактарын эске алып, бекем макулдашып, ылаажы табууга тийиш. Бул алардын ушул жерде жана азыр аткарууга тийиш милдети.

Төртүнчүдөн, ири мамлекеттердин адамзат алдындагы саясий жана укуктук жоопкерчилигин сезиши зарыл. Бекеринен ири мамлекеттер дегеним жок. Мисалы, Орусия менен АКШ эки башка системанын уюткусу, тирөөчү болгон ири мамлекеттер. Экөө тең бири-бирине атаандаш кубаттуу өлкөлөр, бирок бул эки мамлекет эч качан бири-бирине каршы согушкан эмес. Бирок ушул экөө дүйнөдөгү маселелерде негизги ролду ойноп келет. Лидермин дегендер “чабалдык, коркоктук кылды” деген манипулятивдик айыптоолорго туруштук бермеги абзел. Бу түгөнгүр популярдуулук менен кудуреттүү болуу кусаматы эзелки оору тура. Болгондо да баштын оорусу. Акылга келип, адамзаттын тынчтыгын эмес, жеке амбициясы менен куру популярдуулугун курмандыкка чалуусу эң негизги шарттардын бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG