Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:13

"Акаеванын долбоорлорун колдоп жүргөнбүз"


"Максим Бакиев банктагы үлүшүбүздү сатууга мажбурлаган"
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:22 0:00

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбеков болду.

Ал маегинде кантип базар ачып калганын, “Дордой” компаниясы менен бийликтин кызматташтыгы, бийликтеги аткаминерлердин кысымы, кийлигишүүсү, ишкерлердин шайлоого акча бергени, Бишкек шаарына мэр кызматына кантип дайындалганы, уюшкан кылмыштуу топторго көз карашы ж.б. суроолорго жооп берди.

- Аскар мырза, “Дордой” базары ал кездеги Бишкек шаарынын мэри Амангелди Муралиевдин жардамы, колдоосу менен уюштурулган, деп калышат, ушул чынбы?

- Жок. Ал киши мен базарды ачканга чейин эле шаардык аткаруу комитетинин төрагалыгынан (мэр) кетип калган.

Базарды ачууга ал кездеги шаар жетекчиси Абдыбек Суталинов кол койгон. Ал киши мени “ээн талаага базар ачып эмне кыласың, шаардык спорт комитетинин төрагасы кызматынан кетпей тур, ойлончу” деп көп жолу мени айнытууга аракет кылган. Мен болбой, жылуу кызматымдан кетип, базар ачууга белсенгем...

- “Дордой” базарында Муралиевдин үлүшү барбы? Дагы кимдердин салымы, же үлүшү бар, Байболов, Алканов, Жолдошбаев ж.б. фамилиялар айтылып калат...

- Муралиевдин үлүшү жок. Ал жерде менин, Кубатбек Байболовдун жана Шаршенбай Салымбеков агамдын үлүшү бар. Башында эле үчөөбүз “Дордой базары” жоопкерчилиги чектелген коом деп түзгөнбүз. Башка бир дагы мамлекеттик чиновниктин тиешеси жок.

Мен Амангелди Муралиев менен жакшы мамиледемин, доспуз. Экинчи жагы ал киши мага ага убагында Бишкектеги ири заводдорду көтөргөн өндүрүшчү жетекчи. Тажрыйбалуу киши катары мен андан көп нерсени үйрөндүм. Кийин экономика министри, мамлекеттик катчы болгон адам катары мен сыйлаган инсан.

- “Дордой” базарын саясат менен байланыштырып келет. Кайсы бийлик болбосун бул базарга көз артып, сугун артып турушкан, деп калат. Мисалы, Акаеавдин бийлиги учурунда “Дордойго” мамиле кандай болду?

- Биз башынан эле ишкерчилигибизде коомго кызмат кылуу – социалдык колдоолорду көрсөтүп туруу деген принципте болгонбуз, болуп келатабыз. Билим берүүгө, спортко, башка социалдык тармактарга жардам берип жүрөбүз.

Ушул негизден алганда Акаевдин бийлиги учурунда, биринчи айым Майрам Акаева башкарган долбоолорду “Дордой” колдоп жүрдү. Өзгөчө жаш балдарга, мектеп окуучулары катышкан фестивалдарга көп жардамдарды бергенбиз. Ысык-Көлдөгү “Алтын Балалык” борборунун курулушуна да өз үлүшүбүздү кошконбуз. Мен Нарын облусуна губернатор болуп барганда “Дордойдун” кирешеси менен “Намыс” деген фонд ачканбыз. Ал фонд аркылуу да облуста көп долбоорлорду ишке ашырдык.

- Нарын демекчи, облуска губернатор болушуңузду да Майрам Акаеванын ысымы менен байланыштырып келет...

- Жок. Менин Нарынга губернатор болушума Майрам Дүйшөновнанын эч тиешеси жок. Мага ал кызматты 1998-жылы 30-декабрда президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов, президенттин басма сөз катчысы Каныбек Иманалиев опера балет театрында жолугуп калып, “өзүңүз нарындыксыз, аймакты жакшы билесиз, губернатор болуп иштеп бербейсизби” деп сунуш кылышкан. Мен андай сунушка даяр эмес элем. Бир күн убакыт беришти. Үй-бүлөм менен кеңешип, эртеси 31-декабрда макулдугумду берерим менен мамлекеттик катчы Ишенбай Абдыразаков, президенттин администрациясынын өкүлү Жусупжан Жээнбеков экөө алып барып, отургузуп кеткен.

Мен Нарында алты жыл губернатор болуп иштедим, башка облустарда анчалык көп убакыт губернатор иштеген жетекчи болгон эмес, менде бул жагынан да рекордум бар. Эл-журтума ошончо убакыт иштегениме, эмгегим сиңгенине мактанам, сыймыктанам...

- Аскар мырза, президенттик, парламенттик шайлоолордо бийликчил талапкерлердин, партиялардын фонддоруна ири ишкерлерден акча чогулткан деген кептер бар.

- Шайлоо фонддору саясий партиялар шайлоолорго катыша баштаганда түзүлө баштады. Бийликчилби, оппозициялык партиябы акча чогултуп киришти. Акчасы бар ишкерлерди партиялык тизмелерге кошо баштады.

Мен дагы Акаевдин учурунда “Алга, Кыргызстан”, Бакиевдин учурунда “Ак жол” партиялары менен шайлоого катыштым. Анда партиянын жалпы фондуна акча берчүбүз, анан аймактарга барганда да дагы акча чыгарчубуз...

- Сиз “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” партияларынан өз каалооңуз менен талапкер болгонсузбу же бийлик тарабынан сунуш болгонбу?

- Жогору жактан сунуш болчу, аларга биринчиден, фондго акча керек. Экинчиден, эл арасында талапкердин таасири болушу керек, округга барып иштеп бере ала турган мүмкүнчүлүгү болуш керек деген критерийлер менен сунуштаса керек. Кайда качабыз, тарых тастыктап турат, мени айтылган эки партияга тең чакырышкан.


- Бакиевдин бийлиги учурунда ишкерлер менен анын уулу Максим гана иштешкен деп калышат. Президенттин баласы менен мамилеңиз кандай болду?

- Туура, биз менен Максим гана иштешкен, атасы Курманбек Салиевич кийлигишчү эмес. Бирок, Максим ишкерчиликтен сырткары, банк системасына да киришип туруп алды. Мисалы, биздин “Кыргызстан” жана “Доскредобанк” банктарындагы үлүштөрүбүздү Максимдин кийлигишүүсү менен “ит бекер” сатууга мажбур кылышканын ачык айта алам...

- Аскар мырза, сиз 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кийин Бишкек шаарына мэр болгон экенсиз, ал кандайча болгон, ким сүрөгөн сизди?

- Мен ал учурда Жогорку Кеңеште депутат болчумун. Курманбек Бакиев менен Үсөн Сыдыков чакырышып, “шаарды жакшы билесиз, тажрыйбаңыз бар, башкарып бериңиз” деп сунуштаган. Мен макул болуп, апрелде ишке кириштим. Өтө оор учурлар болгон. Шаардын айланасынан 30 миңдей киши жер басып алып, "уруксат бергиле" деп талап кылып жатышты. Аларды жайгарып, мыйзамдуу жолго салыш кыйын болду, барымтага алынган учурлар болду...


- Эмне үчүн төрт ай эле мэр болдуңуз, ким түшүрдү?

- 2005-жылы 24-марттан кийинки бийликтин эл алдындагы урааны “таза иштейли, мыйзамды бузбайлы” ж.б. болчу. Баарыбыз шымаланып иштеп жаттык. Тилекке каршы, көп өтпөй президенттин тегерегиндегилерден “муну чечип бер, буга кол кой” деген мыйзамсыз өтүнүч-сунуштар түшө баштады. Мен чечип, кол койгондон кийин жооп беришим керек, анан президентке жолугуп, “өз каалоом менен кызматтан кетем” деп айттым. Бул менин жеке чечимим болду, эч ким менен кеңешкен жокмун. Шаардык кеңештин депутаттары да мени шайлоого даяр болчу. “Мэрликтен кетип жатам” деп айтсам депутаттар таң калышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG