Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

“Ала-Тоо” кинотеатрында өткөн сот: башкарманын катаал тагдыры


Садыкул Байтурсунов.
Садыкул Байтурсунов.

“Кайырма” колхозунун башкармасы Садыкул Байтурсунов эки ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сталиндик ГУЛАГда он эки жыл отуруп келгенден кийин жөн-жай тиричиликке көчкөн. Катаал замандын куугунтугуна кабылган Социалисттик эмгектин баатырынын өмүр жолуна токтолобуз.

Биринчи сот

Жаңыдан колхоздор уюштурулуп, жамааттык чарба жүргүзүү жайыла баштаганда “эл душмандарын” табуу өнөктүгү күчөп, карапайым калктын башына катуу калайман салган. Ошондой оор мезгилде мурда байлардын кара жумушун кылып жан баккан Садыкул Байтурсуновдун жылдызы жанып, азыркы Арашан айылындагы Ленин колхозунун башкармасы болуп шайланган. Жалпынын иши дегенде чарчоо-чаалыгууну билбеген жетекчини кийинчерээк Фрунзе облусунун Ворошилов районундагы “Кайырма” колхозуна жетекчи кылып которушкан.

Баш калаага жакын тың чарбанын жетекчисинин көркөм өнөргө жакындыгы бар эле. Ырчы, комузчу, чоорчу, акын-жазуучу журтун өзгөчө сыйлаган, аларга колунан келген жардамын аябаган берешен жетекчи болчу.

Социалисттик чарба жетекчисинин алдагыдай “кайрымдуулук” иштери бийлик ээлерине жакпай, алгач ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып коюшуп үч жылга соттоп жиберишкен. Бул эми 1934-жылдын 12-июнундагы окуя.

Байтурсуновдордун үй-бүлөлүк архив сүрөттөрү.
Байтурсуновдордун үй-бүлөлүк архив сүрөттөрү.

Ал кезде Кыргызстанда Орусия социалисттик федерациясынын Кылмыш кодекси жүрчү, кайсы бир жетекчиге жакпай калган башкарманы "кызматынан кыянат пайдаланды" айыбы менен абакка салып коюш көнүмүшкө айланып калган.

Сталиндик жаалы катуу бийликтин арааны ачылып, баш көтөргөн, каш кайтаргандын түгөл баарын отургуза баштаган. Атуу, алыска сүргүнгө айдоо кийин күчөдү. Башында азыноолак мыйзам эрежеси сакталып, кадимкидей сот болуп, актоочу, каралоочуна сөз берилип, юридикалык жөрөлгөлөр сакталчу.

Садыкул Байтурсунов баштаган ишин аягына чыгармайын жаны тынбаган, эреже-тартипке анча баш ийбеген, эмгек адамына жардам, көмөк көргөзүү жагынан келгенде аянбаган башкарма болчу.

Жогорто отургандарга анын ушул сапаты жакчу эмес. Ал кезде колхоздук демократиянын биртоп белгилери бар эле, кимди башкарма шайлашты колхозчулар өздөрү чеччү. Көп улуттуу чарбанын эмгекчилери чечкиндүү башкарманы жакшы көрчү. Үч жыл билинбей өтүп айыптуу делген башкарма тууган жерине кайтып келген. Бул кезде саясий куугунтук күчөп, “эл душмандары” бир четтен камакка алына баштаган.

Москва менен Фрунзеге жазылган "тоголок кат"

Садыкул Байтурсунов айылында жөн-жай тиричилик менен алектенип жүргөн чагында колхозчулар аны кайрадан башкармалыкка шайлаган. Ал жетектеген колхоздун иши жүрүшүп, планы деле толуп, жумушчулардын эмгек күндөрүнө алчу эгини деле жетип, аны менен эле тим болбой чарба жетекчиси борбор калаадагы маданият, өнөр ишмерлерине азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүп турган. Жерге жарык түшкөндөн кызыл күүгүмгө чейин колхоз ишинде жүргөндөр жыл аягында чарба планын толтуруп, социалисттик милдеттенмесин аткаргандан ашканын колхозчуларга эмгек күнүнө жараша бөлүштүрүп, кыш бою жазгы талаа жумуштарына даярдык менен алек болушчу. Колхозчулардын тек-жайын ырастаган паспорту, ай сайын алып турчу маянасы жок, өкмөт менен партиянын бекер жумушчу күчү эсептелчү. Чарба ишин мыкты жөндөгөн башкарманы Экинчи дүйнөлүк согушка да алышпады, оорукта кан майдандан кем калбаган мамлекеттик маанилүү иштер турган.

Чарбанын мыкты башчысы катары Садыкул Байтурсунов 1939-жылы Москвадагы кыргыз адабияты менен маданиятынын декадасына катышкан. Ал кездеги эмгек баатыры Зууракан Кайназарова менен тажрыйба алмашып, түшүмдүүлүктү көтөрүүнүн аракетинде жүргөн.

Согуш маалында, андан кийин Фрунзе облусунун Ворошилов районунун “Кайырма” колхозунун иши жүрүшүп 1947-жылы чарба кант кызылчасынын бир гектарынан 822 центнер кызылча жыйнап, эмгек рекордун койгон. Кант кызылчасы колхоздун 8,2 гектар жерине айдалган. Мыкты түшүм аракети кышы бою токтолбогону, жерди семиртүү үчүн башкарма баш болуп, чарчоону билбеген колхозчулар кандай жер семирткичтерди талаага ташып жеткиргени, канча азап тартышканы өздөрүнө гана белгилүү.

Байтурсуновдордун үй-бүлөлүк архив сүрөттөрү.
Байтурсуновдордун үй-бүлөлүк архив сүрөттөрү.

1948-жылдын 26-мартында СССР Жогорку Кеңешинин жарлыгы менен “Кайырма” колхозунун башкармасы, бригадири, звеновой келиндери кант кызылчасынан мол түшүм алганы үчүн Социалисттик эмгектин баатыры наамына татыктуу болушту. Ленин ордени, Орок жана балка алтын медалы колхоздун алты мүчөсүнө социалисттик милдеттенмелерин мыкты аткарганы, дан эгиндеринин уругун жазгы айдоо-себүү жумуштарына жакшы даярдаганы үчүн да ыйгарылганы жарлыкта атайын көрсөтүлгөн. Бир колхоздон - башкармасы Садыкул Байтурсунов, бригадири Сатар Сабиров, звено башчылары Гүлай Абдубачанова, Шайыр Эстебесова, Сукеш Мамбетова, Жумагүл Саринова баатырдык наамга жетиши жалгыз Кыргызстан эмес, жаамы совет өлкөсүндө сейрек кездешчү окуялардан болчу.

Кызматынан кыянат пайдаланганы үчүн үч жыл абакта отуруп келген башкарманын жалгыз өзү эмес жамааты менен жаамы советтик бийик сыйга арзыганы, жалпы союзга дүң түшүрүп мактоого арзыганы айрымдардын куйкасын куруштуруп, бир тобун уйкудан калтырып, кандай да болсо өч алыштын жолун издөөгө өтүшкөн. Айрымдардын маалымдашынча, Фрунзе менен Москвага арыз жазган неме башка бир уруунун өкүлү, анан да ал жогорто отурган бирөөлөрдүн тукуруусу менен ушул ишти жасаган окшойт. Иштин чоо-жайын тергөө үчүн комиссиялар, текшерүүчүлөр колхозду басып калышкан.

Арызчы Садыкул Байтурсунов баатырдыкты алып бериш үчүн жакын жеңесине башка звенонун кызылчасын кошуп жаздырган, колхоздун көрсөткүчтөрүн жогору кылыш үчүн кызылча кабыл алчу пункттарга акча берген, чарбанын эгинин, азык-түлүгүн борбордо жашаган өнөр адамдарына бөлдүрүп турган деген кинелерди тизмектеген. Арызда жазылгандардын кыйласы ырасталбаганы менен, колхоз эсебинен башкарманын өнөр адамдарына ун бергени айныксыз болчу. Жашоо-турмуштан кыйналган маданият ишмерлерине колхоз эсебинен жардам бердиргени белгилүү болчу.

"Мен көрбөгөн кордук калган жок"

Жагдай оор жагына ооп калгандан кийин Садыкул Байтурсунов райондук банктан колхоздун эсебинде турган 37 миң ашуун советтик рубль акчасын алып, аны аялына таштап кетүүнү чечкен. Келини Анаркан Садыкулованын айтуусунда, ал киши айылдагы бир чечен жигитке түндөсү үйүнө келип, башкармага кол салууну уюштурду кылып тергөөнү башка жолго салууну тапшырат. Анысы да, райондук эсеп банктан алып келип аялына берчү акчасы да билинип, акыры башкарма НКВД колуна түшөт. С.Байтурсуновдун келини Анаркан Садыкулованын айтуусунда, ага үч берене боюнча айып коюшкан.

"Ошону менен кайнатама үч берене коюлуп калат. Өзүнө кол салдырганы, артисттерди сыйлаганы, анан банктан акчаны өзүнө алып алганы. Анан ошентип кайнатамды камайт экен. Фрунзедеги кыз-келиндер институту турган жердин аягы түрмө экен, СИЗО дейби, ошондо бир жыл отуруптур. Өзү айтып берчү, көк киши окшойт, бир жылга чейин тинтүү, болгон буюм-тайымын тартып алышып, ал кезде үйүнөн башка эчтемеси жок кез, ал үй азыр деле бар, мамлекетке компенсация кылып алып коюшкан.

Байтурсуновдордун үй-бүлөлүк архив сүрөттөрү.
Байтурсуновдордун үй-бүлөлүк архив сүрөттөрү.

Атамды аябай кыйнашыптыр. “Одиночкага” отургузушкан экен. Эки колу менен бутунда тырыктар бар болчу. Чай сунуп атып көрүп калчумун. Ал киши мени келин катары көргөн жок. Атыман атабай “Анарбай” деп эркелетчү, жакшы көрчү. Колунун тырыгын сурасам: “Аа балам, мен көрбөгөн кордук калган жок. Мени ошол убакта “групповой” кылып, артисттер менен баарысы менен камамак экен. Жанагы арыз жазган баланы түрткүлөгөн өйдө жактагылар болгон экен. Ошондон ким менен байланышта болгон деп бир жылга чейин тергөө жүрүптүр. Ошол бир жылдын ичинде эч кимди сатпай коюптур. Ошондо токко да отургузган экен, [отко кактаптыр] буту-колу ошондо тырык болуптур. Бир жылга чейин түрмөнүн кыйноосунда отурдум дейт. Бирок эч бир досумду, санаалаш жакшы адамды сатпадым деген. “Кетсем мен кетейин, акыры башта бир өлүм, мен кетейин деп кеткем” дечү.

Он эки жыл сүргүндө

Бир жылга созулган азап-тозоктор да аягына чыгып соңунда ачык сот өтөрү кабарланат. Сакалы өсүп, түрмөдөгү кыйноодон жүдөгөн Садыкул башкарма эски кийими, жүдөө кебетеси менен элге көрүнүүдөн караманча баш тартып, айласы куруган “нквдчылар” анын сакалын алып, тазараак кийими менен эл алдына алып чыгышкан. Сот Фрунзедеги “Ала-Тоо” кинотеатрында өткөн. Кыргыз ССРинин Жогорку сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясы аны Кыргыз ССРинин Кылмыш кодексинин 16, 58 – 7, 109, 118-беренеси менен айыптап, 25 жылга эркинен ажыраткан. Аны менен кошо бригадир Сатар Сабиров да соттолгон.

СССР Жогорку Кеңешинин 1950-жылдын 26-мартындагы жарлыгы менен Фрунзе облусунун Ворошилов районунун “Кайырма” колхозунун алты мүчөсү Социалисттик эмгектин баатыры наамынан ажыратылган.

Садыкул Байтурсуновду совет өкмөтүнүн коркунучтуу кылмышкери катары алгач Алматыдагы түрмөгө алып барышып, андан барганы көп кайтканы аз алыскы СССРдин түндүгүндөгү тээ түпкүргө айдашат. Башкармалыгыбы же баатырлыгыбы, болбосо жүргөн-турганы жагып калганбы, анысын ким билет, айтор башкарманы абакта көмүр жагуучу кылып коюшат. Түндүктүн сөөктөн өткөн суугунан момун пендени мына ушул иши сактап калат.

Жаңы барганда көмүрдү кандай жагышты билбеген башкарма жүрө-жүрө кара жумуштун кыныгын алып, абактын он эки жылын өткөрөт.

Ал жерде өзүнө окшоп жок жерден айыптуу болуп узакка кесилген костромалык билимдүү аял менен чогуу жашап, мыйзамдын жол-жобосун мыкты билген ошол орус аялынын жардамы менен Москвага арыз жазып, анысы бийлик башындагыларга жетип мунапыска туш келет. Каардуу өкүмдар Сталиндин көзү өткөндөн кийинки саясий жылымдоонун жарыгы тийип эки жылда коздөгөн жерине жеткен каты аркылуу Садыкул Байтурсунов толугу менен акталат. Москвадан келген мунапыс кагазды аны менен алыскы түндүктө чогуу болгон саясий туткундар Садыкул Байтурсуновго артынан салып жиберишиптир.

25 жылдык абактан аман келеминби-жокмунбу деп арсар кеткен Садыкул Байтурсунов түндүктөн аялына кат жазып, үч баланы кор кылбай багыш үчүн ыймандуу бирөө менен баш кошуп алууга уруксат берген экен. Андан эки жыл өткөндөн кийин боштондукка чыгып тууган жерине келсе аялы бишка бирөөгө турмушка чыгып, андан бир балалуу болуп калыптыр. Садыкул башкарманын түрмөдөн бошонуп айылына келгенин уккан тиги киши уялганынан жер которуп кетип, ынтымак үй-бүлө кайрадан жашоо-турмушун улантышыптыр. “Кайырма” колхозунун баатыр башкармасын Арашандагы колхоз жетекчиси Идин Жакыпов ишке алып, аны Чуңкурчак жайлоосуна корукчу кылып дайындаган.

Бир колхоздон алты кишини баатырдык наамга жеткирген, куугунтугуна кабылса да Сталинди өлөр-өлгүчө мактап өткөн, жашы өйдөлөп калганда түндүктөгү түрмөдөн келген соң биринчи аялы менен жашоо-тирдигин уланткан айтылуу башкарманын жайы ушундай. Садыкул Байтурсунов 1898-жылы төрөлүп, 1973-жылы каза болгон.

XS
SM
MD
LG