Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Апта: Арабөк КСДП, айныган «Талибан»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Юстиция министрлиги Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахмановду Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары каттады. Бул партия ичинде бир жылга жакын убакыттан бери уланып келе жаткан талашты күчөтүп, жаңы деңгээлге чыгарды.

18-апрелде Сагынбек Абдрахманов да, Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери да Бишкекте бирин бири айыптаган эки башка басма сөз жыйынын өткөрүштү.

«3-апрелде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын №18 курултайы жакшы деңгээлде өттү. Ошол курултайда биз көп жылдан бери партиянын төрагасы болуп жүргөн Алмазбек Атамбаевди чакырганбыз. Ал келбей, тескерисинче конфронтацияга барды. Натыйжада курултайдын делегаттары мени КСДПнын төрагасы кылып шайлашты. Бул мен үчүн чоң сыймык, оор жүк жана ишеним. Ошондон кийин Алмазбек Атамбаевге расмий түрдө кат менен кайрылып, партиянын төрагасы катары ишмердүүлүгүн токтотуп, партияга тиешелүү мүлктү, документтерди, мөөрдү, штампты жана башка нерселерди бизге өткөрүп берүүнү талап кылганбыз. Мындан сырткары Юстиция министрлигине төрага алмашканы тууралуу билдирүү жөнөткөнбүз. Мына ушунун негизинде министрлик реестрде партиянын лидери катары мени көрсөттү. Партия экиге бөлүнгөн жок, болгону лидер эле алмашты. Эгер мөөрдү, штампты жана жобону колубузга алсак, партияны кайра каттоодон өткөрөбүз», - деди Сагынбек Абдрахманов.

Алар партиянын банктык эсептерин жабуу боюнча Улуттук банкка жана башка тиешелүү органдарга кат жөнөткөн. Юстиция министрлиги билдиргендей, партиянын юридикалык дареги мурдагыдай «Медиа Форум» имараты эмес, Эркиндик, 45 дареги деп өзгөртүлдү. Министрлик мындай чечимге Абдрахмановдун каты негиз болду деп түшүндүрүүдө.

Сагынбек Абдрахманов былтыртан бери «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеп келе жатат. Алар 3-апрелде «КСДПнын кезектеги №18 съезди» деп Бишкекте курултай уюштурган. Ага катышкандар Сагынбек Абдрахмановду партиянын лидери кылып шайлашкан.

Ал эми КСДПнын экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон мүчөлөрү аны жалган курултай деп атап, өздөрү партиянын жыйынын 6-апрелде өткөрүшкөн. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Юстиция министрлиги партиянын курамына өзгөртүү киргизген өз чечимин басым аркылуу кабыл алды деп эсептейт.

Ал эми партиянын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев Юстиция министрлигинин партиянын курамына өзгөртүү киргизген аракетин иликтөөнү талап кылып, Башкы прокуратурага арыз жазды. Анда ал партиянын жобосу, мөөрү, документтери өзүндө экенин эскерткен.

Экс-депутат Мээрбек Мискенбаев Абдрахмановдун Атамбаевге каршы аракеттерин «президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, депутат Асылбек Жээнбековдун шыкагы» деп чечмеледи:

«Мен бир жылдан бери эле «бизге үй-бүлөлүк, кландык, криминалдык башкаруу орноду» деп какшап келе жатам. Эми мындан кийин авторитардык режимге кеттик. КСДПны бөлүп-жарып жатышат. Президент Жээнбеков Жогорку Кеңеште «мыйзам баарыбызга бирдей, мыйзам алдында баарыбыз жооп беребиз» деп айтты эле. Мен буга чейин да айткандай, президент Жээнбековдун сүйлөгөнү башка, кылганы такыр башка. Мына, өзүңүздөр көрүп жатасыздар».

КСДПда кош лидер пайда болду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:28 0:00

Атамбаев башында турган социал-демократтар 22-апрелде Юстиция министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгаарын кабарлашты.

Юстиция министрлигинин экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган, Кыргызстандагы узак тарыхы бар деп саналган эки партиянын бири болгон КСДПны Сагынбек Абдрахмановго алып бериши парламенттик шайлоого бир жарым жыл калган учурда, саясий күчтөр ага даярдык көрө баштаган кезде болуп отурат.

«Биз партияны жөн эле берип коюп, кол куушуруп отуруп калбайбыз. Биз аягына чейин күрөшөбүз. Биз партияны бербейбиз, 2020-жылы шайлоого КСДП менен барабыз», - деген партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева Юстиция министрлигин «бийликтин буйругун аткарып жатат» деп айыптады.

Талдоочулар бул талаш сотко чейин жетет жана анын айынан КСДП шайлоого катыша албай калат деп божомолдошууда. Бул Атамбаевди башка партия менен шайлоого катышууга мажбур кылышы ыктымал. Ошол эле кезде президенттин командасы да шайлоого жаңы партия менен барышы мүмкүн деген пикирлер бар.

Талашка түшкөн КСДПнын парламенттеги фракция башчысы Иса Өмүркулов «Азаттыктагы» маегинде «президент Сооронбай Жээнбеков партия түзбөйт» деген оюн билдирди:

«(Сооронбай - ред.) Жээнбеков партия түзбөйт го. Себеби ага президенттик бийлиги жетиштүү. Мөөнөтү аяктаганда татыктуу кетип калат. Ошентсе да оппозициячыл, бийликчил партиялар түзүлө берет. Бирок 9 пайыздык чектен өтүү өтө кыйын болот. Майда партиялар жоголуп, ири партиялар түзүлөт. Парламенттен орун алуу кыйын болот. Болгону үч-төрт гана партия парламенттен орун алуу үчүн күрөшөт. Бир партиянын 50 пайыздан ашык добуш алышы күмөн. Ошондуктан коалицияны эки эле партия түзөт да, ал коалиция берки эки фракцияга караганда кыйла бекем болот. Бийликти туура күчтөнтүш керек. Бийлик туруктуу болушу керек».

Бул талашта Иса Өмүркулов экс-президентти эмес, анын каршылаштарын колдогону маалым.

Президенттин Германиядагы сапары

Ушул жумада президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк расмий сапар менен Германияда болду. 16-апрелде мамлекет башчысы Берлинде президент Франк-Вальтер Штайнмайер, канцлер Ангела Меркел жана Бундестагдын башчысы Вольфганг Шойбле менен жолугушту.

Анын алкагында «дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык алакалар, финансы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган, жалпы суммасы 1 млрд. евродон ашык эки тараптуу документтерге» кол коюлду.

«Биз мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Алар эки тараптуу карым-катнаштын бардык тармактарын камтып, өз ара ишеним жана түшүнүү маанайында болуп өттү. Эки өлкөнүн өкмөттөрү менен мекемелеринин ортосунда ондон ашуун маанилүү документтерге кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жалпы суммасы 1 миллиард евродон ашат. Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына соода-экономика тармагы, суу-энергетика, «жашыл экономиканы» өнүктүрүү, өнөр жайы, айыл чарбасы жана туризм кирет», - деди Сооронбай Жээнбеков федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолуккан учурда.

Кыргыз президенти акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштар жанданганын, буга 2016-жылы Меркелдин Кыргызстанда болгон сапары өбөлгө түзгөнүн билдирди.

Жээнбеков: Миллиард евролук келишимдер кабыл алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:52 0:00

Германиянын канцлери Ангела Меркел эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түзүлгөн келишимдерди кубаттады.

«Биз түзүлгөн бизнес келишимдерине кубанып турабыз. Бирок бул макулдашууларды дагы кеңейтүүгө болот. Кечээ Мүнхенде өткөн немис-кыргыз форуму дагы жакшыраак жана ургаалдуу ишкерлик кызматташтыктын башаты болду деп ойлойм», - деди Меркел.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы сапарынын биринчи күнүндө Мүнхенде Бавариянын Мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен жолугушкан.

Ошондой эле Германияда окуп жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар президент менен кездешип, виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты таратуу, адабият боюнча жана башка суроолорду берип, жооп алышты.

Текебаевдин иши кайра каралат

Бул жумада башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчет берди. Анда суроолорго жооп берип жатып Жамшитов прокуратура «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди:

«Бул маселе коомчулукта талкууланып жатат. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча иш Жогорку сотко берилген. Башынан карап чыгып, мыйзам чегинде жардам берүүгө даярбыз».

Былтыр Башкы прокуратура Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүчтү канааттандырган эмес. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков жыл акырындагы басма сөз жыйынында Текебаевди түрмөдөн бошотуу маселесине кийлигише албай тургандыгын, бирок анын атына кайрылса мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, саясатчы Дүйшөн Чотоновдун жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши 23-апрелде Жогорку сотто каралганы жатат. Алардын тарапташтары бул күнү сот имаратынын алдында митингге чыгарын жарыялашкан.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сотто.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сотто.

Аталган сот иштеринин алдында КСДП да түрмөдөгү саясатчылар Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөнкул Чотоновдун, Садыр Жапаровдун жана башка саясатчылардын кылмыш иштеринин кайра каралып чыгышына каршы эмес экенин жарыялады. Бул маселе партиянын саясий кеңешинин 19-апрелдеги жыйынында каралды.

«Мамлекет кимдин ким экенине, анын саясий позициясына карабай туруп, калыс соттук териштирүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Ошондой эле жаңы кодекстер, башка мыйзамдар бүтүндөй бир катар кылмыш иштерин кайрадан карап чыгууга мыйзамдуу негиз берет жана мыйзамдын бул нормаларын жигердүү колдонуу зарыл », - деп жазылат кеңештин чечиминде.

Бирок көп өтпөй партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын төрөгасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» бул чечим бурмаланып жатканын билдирди:

«Саясий кеңештин чечимин башкача бурмалап жатышат. «КСДП жана Атамбаев Текебаевге боштондук сурады» деген таризде сөз кылып жатат. Буга мындайча түшүндүрмө берип кетет элем - биз резонанстуу кылмыш иштеринин кайра каралып чыгышына каршы эмеспиз деген позицияны гана билдиребиз».

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Ал эми Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернаторду барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. Садыр Жапаров 11 жыл, алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы соттун чечимдерин күчүндө калтырган.

Саясатчылар өздөрүнүн камалышын бийликтин куугунтугу катары баалап, «соттор саясий буюртманы аткарып жатышат» деп билдиришкен.

«Саясий туткундарды коргоо комитети» деп аталган өкмөттүк эмес уюмдун маалыматына караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды башкарган жылдары саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30дан ашкан.

Ооган өкмөтү менен «Талибандын» сүйлөшүүсү болбой калды

Ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ушул аптага белгиленген сүйлөшүүсү болбой калды. Ооганстандык 250дөй саясатчы жана жарандык коомдун өкүлү «Талибандын» лидерлери менен Катардын борбору Дохада 19-апрелде кезигиши керек болчу. Бул «Талибан» менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу аракеттерин күчөтөт деген үмүт жаратып жаткан. Бирок ооган делегациясынын курамы менен санына, ошондой эле ага өкмөт өкүлдөрү киргенине байланыштуу карама-каршылыктан улам жолугушуу болбой калды.

«Талибан» делегациянын курамында өтө көп адам киргенин сындап, алар мынча адам менен жолугуудан баш тарткан. Согушкер топ делегациянын курамына кирген өкмөт мүчөлөрү менен расмий сүйлөшүү жүргүзбөй турганын, аларды «катардагы оогандыктар катары» кабыл ала турганын буга чейин да эскерткен.

Ооганстан маселеси боюнча АКШнын өкүлү, тараптарды элдештирүү аракетинде жүргөн Залмай Халилзад диалогду улантууга үндөдү:

Залмай Халилзад.
Залмай Халилзад.

«Катарда боло турган оогандардын өз ара диалогу кийинкиге жылып калганына өкүнүп турам. Мен бардык тарапты учурдан пайдаланып, жалпы оогандыктардын атынан сүйлөй турган катышуучулардын тизмеси боюнча макулдашууга чакырам».

Былтыр күздө талибдерди ийге келтирүү боюнча түз сүйлөшүүлөрдү баштаган Халилзад ушул айдын башында Ооганстандын бийлиги менен бир катар жолугушууларды өткөргөн. Анткени расмий Кабул буга чейин өткөн бул сүйлөшүүлөргө катышпай, четте калганына нааразылык билдирип келген. Ооган өкмөтүн Американын «тактекеси» деп атап, алар менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген талибдер бул жолу макул болушкан.

Башында жолугушуу 14-апрелге белгиленип, кийин беш күнгө жылып калган. Сүйлөшүүгө катыша тургандардын арасында өкмөт өкүлдөрү, оппозициядагы саясатчылар, уруу башчылары жана диний лидерлер, аялдар, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болгон.

Акыркы жолу ооган бийлигинин талибдер менен кеңири жолугушуусу 2015-жылы өтүп, ал майнапсыз аяктаган.

Абдулла Абдулла.
Абдулла Абдулла.

«Мунаса болбосо тынчтык болбойт. Бирок биз мунасага барбай турган айрым нерселер бар. Бул элибиз жеткен эркиндик, сөз эркиндиги, аялдардын укугу, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктар. Мына ушуларды эске алмайынча тынчтыкка жетүү мүмкүн эмес», - деп билдирген буга чейин ооган өкмөт башчысы Абдулла Абдулла.​

Ооганстандын саясий өкүлдөрү менен «Талибанды» бир үстөлгө отургузуу аракеттери «Талибан» жазгы чабуулдарын баштай турганын жарыялаган учурга туш келди. 12-апрелде беш тилде, анын ичинде англис тилинде жарыяланган кыймылдын расмий билдирүүсүндө жоочулар Ооганстандагы чет өлкөлүк аскерлерге каршы күрөштү улантаары жазылган. Байкоочулардын айтымында, жоочулар мындай билдирүүсүн жыл сайын жазда таратканы менен алардын чабуулдары жайы-кышы токтобойт.

АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад талибдердин билдирүүсүн «акылга сыйбас» деп мүнөздөдү.

Ооганстан.
Ооганстан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши да талибдердин жазгы чабуулдар тууралуу жарыясын айыптап, бул бир гана ооган элинин азап чегүүсүнө алып келерин эскертти.

Ооганстандагы 18 жылдан бери басылбай келаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүн Москва да уюштурган. Орусиянын баш калаасында февраль айында өткөн жыйынга Ооганстандын экс-президенти Хамид Карзай баштаган ооган коомунун өкүлдөрү кирген делегация жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү барышкан.

Өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына «Талибан» жана башка топтор үстөмдүк кылат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG