Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

"Аялдар. Жашоо. Эркиндик". Наргиз күрөштү түрмөдө улантууда


Наргиз Мохаммади
Наргиз Мохаммади

Нобелдин Тынчтык сыйлыгы ирандык активист, укук коргоочу Наргиз Мохаммадиге ыйгарылды.

31 жылга кесилип, ушул тапта Тегерандагы шарты катаал Эвин түрмөсүндө отурган Наргиз Мохаммадиге абройлуу сыйлык аялдардын укугун басмырлаган иран режимине каршы тайманбай күрөшкөнү үчүн ыйгарылды.

Нобел комитетинин жетекчиси Берит Рейс-Андерсен жеңүүчүнүн ысмын атаганда «Аял. Жашоо. Эркиндик» деп, Наргиз түптөгөн кыймылдын урааны менен сөзүн баштады.

«Наргиз Мохаммади 31 жылга эркинен ажыратылып, 154 жолу балак чегерилген. Мен ушул сөздү айтып жаткан маалда ал түрмөдө отурат» - деди Рейс-Андерсен.

Тегеран абактагы активистке сыйлыктын ыйгарылышын "саясий боёгу бар чечим" - деп сыпаттады. "Нобел сыйлыгы убакыттын өтүшү менен башкы багытынан тайып, Батыш өлкөлөрүнүн саясий каалоосун канааттандырып, Батыштын илгертен берки душмандарына басым көрсөтүүсүнүн куралына айланды", - деп Ислам жумуриятынын ИРНА мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Эркиндик үчүн талбаган күрөш

51 жаштагы Наргиз - Ислам жумуриятынын бийлиги үчүн эң кооптуу кылмышкер. Аны 13 жолу камап, беш жолу соттошкон. Соңку жолу 2021-жылы майда активистке "саясий системага каршы пропаганда жүргүзгөн, "жалган жалаа жапкан" жана "түрмө жетекчилигине каршы көтөрүлүш уюштурган" деген кине тагылган.

Иран сотунун каардуу өкүмүнө чейин Наргиз "Немис толкуну" агенттигине өзүнө болгон катаал мамилени "Мендей аялдар саясий системанын чекесине чыккан чыйкандай. Андыктан бийликте тургандар оозубузду болгон күчү менен баскысы келет", - деп түшүндүргөн.

Наргиз биринчи жолу 1998-жылы иран өкмөтүн сындаганы үчүн камалып, бир жыл темир тор артында отурган. 2010-жылы сот аны Адам укуктарын коргоо борборуна мүчө болгону үчүн айыптап, 50 миң АКШ доллар күрөө менен чыгарган. Бир нече күндөн кийин кайра кармап, Эвин түрмөсүнө отургузган. Абакта укук коргоочунун ден соолугу кескин начарлап, маал-маалы менен эстен танып калган. Бир айдан кийин Наргизди эркиндикке чыгарып, ооруканада текшерүүдөн өтүүгө уруксат берилген.

2011-жылы июлда сот Наргизди "улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген, Адам укугун коргоо борборуна мүчө" деп таап, кылмыш жоопкерчилигине тарткан. Ошол эле жылы сентябрда 11 жылга эркинен ажыратылган. Аппеляциялык сотто мурунку өкүм алты жылга кыскартылган. 2012-жылы 26-апрелде укук коргоочуну түрмөгө камашкан.

Көптөгөн саясатчылар жана эл аралык уюмдар Наргизди коргоп, укук коргоочунун "өмүрү өтө коркунучта" экенин белгилеп, Тегерандан аны тезинен эркиндикке чыгарууну талап кылган. 2012-жылы июлда Наргиз абактан бошотулган.

"Ак кыйноо" - түрмөдөгү азап

2015-жылы майда Наргизге жаңы айып тагылып, кайра камалган. Революциялык сот аны өлүм жазасынан баш тартууга чакырган өнөктүк жүргүзгөнү үчүн "мыйзамсыз топ түзгөн" деп таап, 10 жылга кескен. Эл аралык медиага берген интервьюлары жана чет өлкөлүк дипломаттар менен жолукканы үчүн "улуттук коопсуздукка каршы маалымат топтоого, кутумга" айыптап, беш жылга жана "системага каршы үгүт жүргүзгөн" деп бир жылга кескен.

Түрмөдө төрт жыл отурган соң Наргиз медициналык жардам ала албаганы үчүн ачкачылык жарыялаган. 2020-жылы ал эркиндикке чыккан.

2021-жылы мартта Наргиз Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights уюмунун жылдык баяндамасына Ирандагы өлүм жазасы тууралуу баш сөз жазып берген. Эки айдан кийин Тегерандын Жогорку кылмыш соту укук коргоочуну "системага каршы пропаганданы жайылтканы" үчүн эки жарым жылга эркинен ажыратып, 80 балак алууга өкүм чыгарган.

2022-жылы декабрда Иранда 22 жаштагы студент кыз Махса Амини полиция бөлүмүндө көз жумгандан кийин өлкөнү жапырт нааразылык каптаган.

Наргиз түрмөдө отурганда жабык жайларда аялдар кандай азап чегерин, айрыкча саясий жүйө менен отурган кыз-келиндер кыйноо көрүп, сексуалдык кордукка кабыларын жазган.

2022-жылы жарыкка чыккан "Ак кыйноо" деген китебинин өзөгүн Наргиздин түрмөдөгү аялдар менен интервьюлары түзгөн.

"Жалгыз камера деген кенедей жер. Төрт дубал жана кичинекей темир эшик бир түскө боёлгон. Адатта баары ак. Камерага тыштан жарыктын шооласы да түшпөйт. Таза аба кирбейт. Ал жерде үн да угулбайт. Сүйлөй албайсың. Сүйлөшкөнгө да болбойт", - деп сүрөттөгөн.

«Кабар, маалымат түк келбейт. Гезит, журнал, китеп, кагаз, калемсап жок. Шырылган жука үч жууркан, көйнөк, шым гана берет. Ваннага, ажатканага тергөөчүнүн уруксаты менен гана барасың».

Адам укуктарын коргоодо талбас эмгеги үчүн активист бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.

Физик, журналист, укук коргоочу

Наргиз Мохаммади Казвин шаарындагы Хомейни атындагы эл аралык университетти аяктаган. Табигый илимдер факультетинен окуп, физик адистигине ээ болгон. Окуп жүргөндө эле укук коргоочулук менен алектенип, студенттик гезиттерге аялдардын укуктары тууралуу жазып, саясий акцияларга катышкан.

Университетти аяктагандан кийин Ирандагы инженердик көзөмөлдөөчү компанияда эмгектенип, кийинчерээк саясий ишмердигин үчүн иштен айдалган.

Ошол эле маалда Наргиз бир катар алдыңкы көз карашты жайылткан маалымат каражаттары менен кызматташып, "Реформалар, стратегия жана тактика" деген саясий эссе жарыялаган.

2003-жылы ал Адам укуктарын коргоо борборуна кошулуп, кийин анын вице-президенти болгон. Бул борборду Нобел Тынчтык сыйлыгынын 2003-жылкы лауреаты, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади жетектеген.

Наргиз 1999-жылы ирандык оппозициялык журналист Таги Рахманиге күйөөгө чыккан. Андан көп узабай күйөөсү абакка кесилген. 14 жыл түрмөдө отуруп чыккандан кийин 2012-жылы Рахмани Ирандан Францияга чыгып кеткен. Наргиз болсо мекенинде калган. Алар эгиз наристелүү болушкан, азыр Рахмани балдары Али жана Киана менен Европада жашайт.

Али менен Киана мекенинен кеткенде сегиз жашта болсо, азыр алар 16да. Ошол бойдон Наргиз балдары менен анда-санда гана телефондон сүйлөшпөсө аларды көрө элек.

Парижде жашаган Таги Рахмани жубайы экөөнүн эски сүрөтүн кармап турат, 6-октябрь, 2023-жыл.
Парижде жашаган Таги Рахмани жубайы экөөнүн эски сүрөтүн кармап турат, 6-октябрь, 2023-жыл.

"Саат 11де [Нобелдин жеңүүчүсү жарыяланат - ред.] жүрөгүм токтоп кала жаздады, телефондон жаңылыкты карап отургам. Класста отургандыктан, сүйүнгөнүмөн кыйкыра алган жокмун, бирок ичимен абдан кубандым", - деди Али.

Киана журналисттерге алыста абакта отурган энеси менен бир жыл мурун сүйлөшкөнүн айтты. “Анын ден соолугу жакшы болсо экен. Нобел сыйлыгын алганын укса керек. Бирок укпашы деле мүмкүн”, - деди энесин сегиз жылдан бери көрө элек кызы.

"Ал сыйлык алганын укканда абдан кубанса керек. Бул аны дагы чыйралтат. Анын "Ар бир сыйлык мени адам укуктарын, эркиндигин, жарандык теңдикти жана демократияны коргоодо каарман, чыдамкай жана тайманбас болууга түртөт" деген сөзү бар", - деди Наргиздин күйөөсү Таги Рахмани.

Тынчтык сыйлыгын ыйгаруу

Тынчтык сыйлыгын Норвегиянын Нобел комитети ыйгарат. Чечимди беш киши кабыл алат.

Быйыл көптөр Наргиз Мохаммади жеңүүчү болот деп боолголошкон. Бир катар эксперттер дагы иран аялдарынын каармандыгы үчүн сыйлыкты Наргизге ыйгаруу орундуу болорун белгилешкен.

Букмекерлер талапкерлердин арасынан теги ирандык америкалык журналист, «Менин купуя эркиндигим» кыймылынын түзүүчүсү Масих Алинежадды, ооганстандык активист, «Талибан» кыймылы бийликке келгенден кийин аялдардын укуктарын коргоого үндөгөн Махбуды Серажды аталган.

Быйыл эл аралык абройлуу сыйлыкка жеке адамдарды жана уюмдарды кошкондо 351 талапкер көрсөтүлгөн.

Алардын арасында украин президенти Владимир Зеленский, климаттын өзгөрүүсүн токтотуу үчүн күрөшкө аттанган активисттер, аскердик кылмыштарды иликтеген эл аралык соттор бар эле.

Тынчтык сыйлыгына талапкерлердин жаш курагы чектелбейт. Нобелдин тарыхында пакистандык активист, кыздардын билим алуусу үчүн күрөшкөн Малала Юсуфзай 17 жашында Тынчтык сыйлыгын алган.

2022-жылы эл аралык абройлуу сыйлык үч өлкөгө: орусиялык "Мемориал" уюмуна, украиналык "Жарандык эркиндик борборуна" жана беларус укук коргоочу Алес Беляцкийге берилген.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG