Линктер

бейшемби, 17-январь, 2019 Бишкек убактысы 20:54

Европа соту Бакуну доого жыкты


Хадижа Исмаилова

Адам укуктары боюнча Европа соту Азербайжан өкмөтү иликтөөчү журналист Хадижа Исмаиловага 19 миң 300 доллар төлөп берүүгө милдеттүү деп чечти.

10-январда чыккан соттун чечиминде “Исмаилованын жеке турмушунун купуялуулугун бузууга мамлекет күнөөлүү деп аныктоо мүмкүн болгон жок” деп айтылат.

Ошол эле маалда сот Азербайжандын өкмөтү Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди так аткарып, Исмаилованын ар-намысына шек келтирген аракеттерди иликтеген эмес жана өз оюн билдирүү эркиндигин камсыздаган жок деп белгиледи.

Журналистке азап чеккени үчүн 17 миң 300 доллар, соттук териштирүүлөргө кеткен чыгымдарга компенсация катары 2 миң доллар төлөнүүгө тийиш.

Исмаилова мурда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун азери кызматы менен иштешип келген. Ал 2012-жылы "президент Илхам Алиевдин үй-бүлөсү аралашкан коррупциялык иштерди иликтеген макалаларды жарыялоону токтотпосо, абийирин төккөн материалдарды жарыялайбыз" деген кат алган.

Катка журналисттин үйүндөгү жашыруун камерадан тартылган жеке сүрөттөр камтылган. Исмаилова опузага моюн сунбай иликтөөлөрүн уланта берерин, шантажга туш болгонун билдирген. Ушундан кийин сүйлөшкөн жигити менен төшөктө жаткан видеосу Интернетте тарап кеткен.

Кийин анын үйүнөн тымызын тарткан камералар жана видеолорду сыртка берип турган жабдуулар табылган. Исмаилова Баку шаарынын кылмыштарды тергөө бөлүмү шантаж аракетин жакшылап иликтеген жок деп арызданганда, бийлик иштин чоо-жайын камтыган материалдарды жарыялаган.

Ошондо анын жеке турмушуна байланышкан купуя маалыматтар, жашаган дареги, видеодогу сүйлөшкөн жигитинин аты-жөнү, достору, кесиптештери, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ысымдары, иштеген жерлери да ачыкка чыгып кеткен.

Европа соту чогултулган материалдарда журналистти опузалаган каттын иликтенишин көргөзгөн эч кандай далил жок деген тыянакка келди.

"Видеолорду чыгарган эки веб-сайттын ээлери же операторлору, видеонун булагы, аларды ким жүктөгөнү аныкталууга тийиш эле. Эң негизгиси Исмаилованын өкмөттү ачык сындаган журналисттик иликтөөлөрү менен ага каршы кылмыштуу аракеттерди байланыштырган версия иштелип чыккан эмес", - деп эсептейт сот.

Ошол эле күнү Исмаилова "Фейсбуктагы" баракчасында адвокаттарына алкыш айтты жана териштирүү жүрүп жаткан маалда “азери тартип коргоочулары ага тоскоолдук кылып жатышканын” жазды.

Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда камакка алынган. Кийин ал салыктан качкан, мүлктү мыйзамсыз жол менен өзүнө ыйгарып алган деген өндүү айыптардын негизинде жети жарым жылга түрмөгө кесилген.

Эл аралык коомчулуктун сынынан кийин Азербайжандын Жогорку Соту өкүмдү үч жарым жылдык шарттуу жазага алмаштырып, журналистти абактан чыгарган.

Исмаилова ишинин артында саясат турганын айтып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG