Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Президентти сындаган блогерге иш козголду


Мехман Гусейнов
Мехман Гусейнов

Эки жылдан бери абакта отурган белгилүү азери блогери дагы жети жылга кесилиши мүмкүн.

Азербайжанда коррупцияга малынган аткаминерлерди ашкерелеп, бийликти сындаганы менен атагы чыккан блогер Мехман Гусейнов эки жумадан бери абакта ачкачылык кармап отурат.

«Полицияга жалаа жапкан» деген айып менен кесилип, түрмөдө эки жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Гусейнов быйыл жаз айында эркиндикке чыгышы керек эле.

Бирок, былтыр декабрдын аягында «түрмөнүн кызматкерин сабаган жана жанына акча салып жүргөн» деген негизде ага кайрадан кылмыш иши козголгон. Анын негизинде Гусейнов дагы беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мехман Хусейнов 2017-жылы соттон кийин
Мехман Хусейнов 2017-жылы соттон кийин

Гусейнов камалганга чейин «Фейсбукта» «Төөнөгүч» деген аталыштагы атайын баракчасына коррупцияга каршы материалдарды жарыялап турган.

Биринчи жолу ал 2017-жылы январда «коомдук тартипти бузган», «полицияга баш ийбей койгон» деп кармалып, 120 доллар айып пул төлөгөн.

Гусейнов анда полиция кызматкерлери анын оозун скотч менен чаптап, башына баштык кийгизип, токко урдуруп сабаганын айткан.

- Дем жетпей калды. Башыма кап кийгизишти. Электрошокер менен бутка урушту. Мурдуман кан кетти. Оозумду жаап, тумчуктурушту… Силер мени кыйнай берсеңер болот. Жылаңачтап, каалаганыңарды кылгыла. Бирок, мен баш бербейм, анткени мен кылмышкер эмесмин, - деген Гусейнов.

Бир айдан кийин блогер Бакунун көчөлөрүндө «сиз бир мекеменин жетекчиси болсоңуз, аялыңызды орун басар кылат белеңиз» деген сурамжылоо жүргүзгөн.

Ошол маалда Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, президенттик мөөнөттү жети жылга узарткан. Жубайы Мехрибан Алиева үчүн жаңы кызмат даражасын киргизип, аны вице-президенттикке дайындаган.

Хадиджа Исмаилова
Хадиджа Исмаилова

Азербайжанда ишмердиги үчүн кылмыш иштери козголуп, саясий куугунтукка кабылган журналист Хадижа Исмайлова дал ушул сурамжылоодон кийин Гусейнов «полицияга жалаа жапкан» деп айыпталып, абакка кесилгенин айтты:

- Бийлик ага мурда эле тиш кайрап жүргөн. Бирок, биринчи айым тууралуу репортажы чыкканда, ага катаал чара көрө башташты. Өкмөттүн жаңы кылмыш ишин козгоп жатканы, аны коркутуу аракети. Аны ырайым суратып, кат жаздырууга көндүрүп жатышат. Ошондой эле анын агасынын ишине таасир эткилери келишет. Агасы чет өлкөдө жашап, бийликти катуу сындап келгени белгилүү да. Бизде бардык маселени президент гана чечет. Бардыгы анын каалоосу менен ишке ашат.

Мехмандын агасы Эмин Гусейнов журналист жана укук коргоочу. Ал Азербайжанда Эркиндик жана Журналисттердин коопсуздугу институтун жетектеп жүрүп, кийин Швейцариядан баш паанек суроого аргасыз болгон.

Эми абакта жаткан инисине жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразы болгондор 3-январдан тарта Бакуда нааразылык акцияларын уюштура башташты.

Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерди токтотуу үчүн кескин чараларды колдонуп келет. Январдын башында өткөн жүрүштүн төрт катышуучусу административдик камакка алынып, дагы төртөөнө айып пул тагылган. 6-январда болсо он чакты адам, аларга кошумча журналисттер менен акциянын уюштуруучулары да кармалган.

Гусейновдун абактан чыгышын талап кылган Бакудагы акция
Гусейновдун абактан чыгышын талап кылган Бакудагы акция

Өлкөдөгү «Мусават» оппозициялык партиясы Гусейнов менен башка саясий туткундарды абактан бошотууну талап кылып, 12-январда Бакуда көчөгө чыгышарын билдиришкен. Азербайжандык укук коргоочулардын эсебинде өлкөнүн абактарында жүздөн ашуун «саясий туткун» отурат.

Азербайжанда абакта ачкачылык кармап отурган блогердин тагдыры тууралуу эл аралык коомчулук да тынчсыздануусун билдирди. Европа кеңешинин адам укуктары боюнча комиссиясынын башчысы Дунья Миятович азери бийлигин блогерди куугунтуктоону токтотууга үндөгөн. Ошондой эле «Чек арасыз кабарчылар», «PEN America» сыяктуу уюмдар анын таламын талашып чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG