Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Кабулдагы жардыруудан бери дегенде 3 киши набыт кетти


Кабулдагы мурдагы жардыруу окуясынан кийин. 2021-жылдын 2-февралы.
Кабулдагы мурдагы жардыруу окуясынан кийин. 2021-жылдын 2-февралы.

Ооган полициясынын билдиришинче, баш калаа Кабулдагы ишемби күнкү үч башка жардыруудан кеминде 3 киши өлдү, 4 киши жаракат алды. Жабыр тарткандардын арасында ооганстандык диний азчылык топторунун бири болгон индус жамаатынын өкүлдөрү да бар.

Алгачкы жардыруу Кабулдун батышындагы Баг-и-Кази аймагындагы дүкөндүн ичинде 6-февралда эртең менен болгондугун борбор шаардагы полициянын өкүлү Фердоус Фарамарз билдирген болчу. Дүкөндүн чопо жана жыгач менен курулган дубалдары кулап түшкөн.

Экинчи жардыруу ошол эле жерде полиция менен жергиликтүү тургундар жаракат алгандарга алгачкы жардам көрсөтүү менен алектенип жатканда орун алды. Анын айынан эки киши (анын ичинде бир оогандык индус) өмүрүнөн айрылышты. Бир кишинин өмүрүн алган үчүнчү жардыруу шаардын башка аймагында болду.

Ишембидеги жардыруулар үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир тарап өзүнө ала элек.

Буга чейин “Ислам мамлекети” террордук тобуна тиешеси бар делген жоочулар узак жылдар бою жарандык согуштан жана террордук иш-аракеттен азап чегип келген бул мамлекеттеги диний азчылыкты түзгөн индус жана сикх жамааттарына каршы уюштурулган бир канча террордук чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алган болчу. (TT)

XS
SM
MD
LG