Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

АКШ Сенаты Трамптын импичмент сотуна күбөлөрдү чакырат


Доналд Трамптын адвокаты Майкл Ван дер Вин сүйлөөдө. 12.2.2021.
Доналд Трамптын адвокаты Майкл Ван дер Вин сүйлөөдө. 12.2.2021.

АКШ Сенатында мурдагы президент Доналд Трамптын импичмент соту боюнча күбөлөрдү чакыруу боюнча маселе 13-февралда эртең менен добушка салынып, аны 55 сенатор колдоп, 45 сенатор каршы чыгып, натыйжада бул сунуш кабыл алынды.

АКШ Сенатында Д. Трамптын импичмент сотунда күбөлөрдү чакыруу боюнча добуш берүү. 13.2.2021.
АКШ Сенатында Д. Трамптын импичмент сотунда күбөлөрдү чакыруу боюнча добуш берүү. 13.2.2021.


Ишемби күнү кайра улантылган импичмент соту дал ушундайча өнүктү.
Буга чейин импичмент жарыялоо боюнча Өкүлдөр үйүнүн айыптоочулары (менежерлери) дагы, Трамптын адвокаттары дагы кайсы бир күбөнү сот жүрүмүнө чакырууга беленденип жаткандыктарын жарыялашкан эмес.

Эки тарап тең ишембиде акыркы жүйөөлөрүн айтышат, андан кийин Трамптын күнөөсү бар же жок экендиги боюнча жыйынтыктоочу добуш берилет деп күтүлгөн.

Бирок, ишемби күнкү сот отуруму башталганда сот жүрүмүнө күбөлөрдү чакыруу маселеси добушка салынып калды. Күбөлөрдү чакыруу сунушун бардык демократтар жана аларды колдогон көз карандысыз сенаторлор колдошту жана беш республикачы сенатор – Коллинз, Грэм, Мурковски, Ромни жана Сассе да бул сунушту жактап добуш беришти.

Жума күнү Трамптын адвокаттары мурдагы президенттин коргогон жүйөөлөрүн шардана кылышты. Бул адвокаттар учурдагы сот жүрүмүн илгерки "мастендин сары изине чөп салуу" аргаларына окшогон саясий кермек даамдуу жана мыйзамсыз далаалаттардын уландысы катары мүнөздөдү.

Адвокат Майкл ван дер Вин: «Бул импичмент факттардан, далилдерден жана америкалык элдин кызыкчылыктарынан толугу менен ажырап турат», – деп билдирди.


Ал эми шаршемби жана бейшемби күндөрү Өкүлдөр үйүнүн демократ айыптоочулары 6-январдагы Капитолийдеги Трамптын жактоочуларынын тополоңуна ал кездеги президенттин өзүнүн ошол күнкү саал мурдараак Ак Үйдүн маңдайында айткан сөздөрү козуткуч таасир тийгизгенин далилдөө үчүн видео тасмалардан бери көрсөтүштү.

Трамптын жактоочулары болсо мурдагы президент сөз эркиндигин колдонуп ойлорун айтканы менен элди ачыктан-ачык тополоңго чакырган эмес болчу, демек, Капитолийдеги зомбулуктар үчүн эч жоопкер эмес деп келет.

Эми демократтарга Трампка карата айыптоочу өкүм жасоо оңой жүзөгө ашырылбай тургандай. Мындай өкүм чыгаруу үчүн 100 сенатордун бери дегенде 67 өкүлү, башкача айтканда, демократтар менен көз карандысыз сенаторлордон тышкары дагы 17 республикачы сенатордун добушу зарыл. (TT)

XS
SM
MD
LG