Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:33

Пакистанда төрт коомдук ишмер аял өлтүрүлдү


Түндүк Вазиристан аймагы.
Түндүк Вазиристан аймагы.

Пакистандын Ооганстан менен чектешкен аймагында активист аялдар бараткан автоунаага жоочулар кол салышты. Анын айынан унаадагы төрт аял набыт болуп, айдоочу жараат алган.

Кол салуу 22-февралда Түндүк Вазиристан аймагынын Иппи кыштагынын жанында болгон. Жергиликтүү полиция бул кылмышты ырастап, кол салууга тиешеси барларды издөө башталганын билдирди. Окуя боюнча эч ким жоопкерчиликти ала элек.

Набыт болгон айымдар кайрымдуулук фондунда иштеп жаышкан. Алар жергиликтүү аялдарды ишкерликке үйрөтүү боюнча окууларды жүргүзүү үчүн Түндүк Вазиристанга келишкен болчу.

Соңку мезгилде Пакистандын аймагында жоочулардын кол салуулары көбөйдү. Алар көбүнесе “Талиптер” кыймылы көзөмөлдүк кылган Ооганстан менен чектеш аймактарда т еррорлук иш-аракетин жандантып жатышат.

XS
SM
MD
LG