Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Жума күнү Минскте студенттик жыйында 20дай киши кармалды


Беларус полиция күчтөрү. Архивдик сүрөт.
Беларус полиция күчтөрү. Архивдик сүрөт.


5-мартта Беларустун борбору Минск шаарында өткөн Студенттик жамааттар лигасынын уюштуруу жыйынында 20дан ашуун киши кармалганы маалымдалды.

Жыйындын катышуучуларынын арасында Беларус оппозициясынын Багыттоо кеңешинин негизги штабынын мүчөлөрү, саясат таануучу Андрей Егоров жана саясатчы Виталий Рымашевский бар болчу. Алар да полиция тарабынан кармалган. Кийинчерээк Рымашевский ички иштер бөлүмүнөн бошотулуп, ал эми Егоров Окрестин көчөсүндөгү убактылуу тергөө абагына жөнөтүлдү, деп «Азаттыктын» Беларус кызматы маалымдады.

Мындан тышкары, «Имагуру» ишкердик клубундагы иш-чарада Польшанын «Belsat» телеканалынын журналисти Артём Лява бир аз убакытка кармалды. Аны журналисттик жабдыктары менен кошо полиция бөлүмүнө жеткириштп, бирок кийинчерээк бошотушту.

"Биз бул окуяны күч-кубатты эч кандай мыйзамдуу негизи жок колдонуу аракети деп эсептейбиз. Бул – репрессиянын жаңы толкуну. Кеңселерде (коопсуздук жоокерлеринин) беткаптарын көрсөтүүнүн максаты – бардык жигердүү жана эркин көз караштагы кишилерди коркутуу жана жок кылуу", – деп «Имагуру» ишкердик клубунун негиздөөчүсү Татьяна Маринич өзүнүн «Facebook» барагында жазды.

Беларуста расмий каттоосу жок "Весна" укук коргоо борбору 5-мартта кармалган 24 кишинин тизмесин жарыялады. Жума күнү белгилүү болгондой, Тергөө комитети "Весна" укук коргоо борборунун өзүнө коомдук тартипти одоно бузган топтук чараларды уюштуруу жана ага жигердүү катышуу доолору боюнча кылмыш ишин козгогон.

«Весна» укук коргоо уюму билдирүү жарыялап, өзүнө коюлган күнөөнү четке какты жана "саясий репрессиянын жана адам укуктарын тебелеп-тепсөөнүн курмандыктарына" жардам берүү ишин улантууга убада берди.

"«Весна» эч качан эч кандай зордук-зомбулук чараларын уюштурган эмес жана ар дайым жарандык жана саясий эркиндиктерди тынчтык жолу менен жүзөгө ашырууну колдоп келген", – деп уюмдун билдирүүсүндө айтылат.


Беларуста өткөн жылдын 9-августунан бери президенттик шайлоонун бурмаланган жыйынтыгына каршы жапырт нааразычылык чаралары улантылууда. 1994-жылдан бери өкүм жүргүзүп келе жаткан Александр Лукашенко былтыр БШК тарабынан шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган. Беларус оппозициясы менен оппозиция тарапкерлери бурмаланган жыйынтыктарды тааныбайбыз деп четке кагып келишет.

Оппозиция өкүлдөрү Лукашенконун кызматтан дароо кетишин, саясий туткундардын бошотулушун жана жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG