Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:19

Азербайжанда парламенттик шайлоо 9-февралда өтөт


Азербайжандын президенти Илхам Алиев. 2-май, 2019-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев 5-декабрда парламентти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2020-жылдын 9-февралында өтөрүн жарыялады. Бир нече күн мурда парламент өзүн өзү таркаткан. Бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы мунун себебин Милли Межлистин «жаңылануусу» менен түшүндүргөн. Оппозициядагы Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңеши буга каршы чыгып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо Алиевдердин үй-бүлөсүнүн бийлигин дагы бекемдерин билдирген.

Октябрь айынан тарта Азербайжан өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөр башталган. Премьер-министр Новруз Мамедов кызматтан кетип, анын ордуна Алиевдин жардамчысы Али Асадов дайындалган. Ошондой эле президенттин администрациясында да бир катар кыскартуулар болгон.

Азербайжанда соңку парламенттик шайлоо 2015-жылы өткөн жана оппозициялык партиялар ага катышуудан баш тартышкан. Илхам Алиев 10 миллиондой адам жашаган Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Ага чейин анын атасы Гейдар Алиев мамлекетти 10 жыл жетектеген.

XS
SM
MD
LG