Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:11

Бахрейнде демонстранттар полиция менен кагылышты


Бахрейндик демонстранттар Манамадагы АКШ элчилигинин маңдайына пикет уюштуруп, бийликтеги сулаленин кулатылышын талап кылышты жана АКШны бул "диктатордук режимди" колдоп эки жүздүү саясат жүргүзүп жатат деп айыпташты. 2011-жылдын 7-марты. REUTERS/Hamad I
Бахрейндик демонстранттар Манамадагы АКШ элчилигинин маңдайына пикет уюштуруп, бийликтеги сулаленин кулатылышын талап кылышты жана АКШны бул "диктатордук режимди" колдоп эки жүздүү саясат жүргүзүп жатат деп айыпташты. 2011-жылдын 7-марты. REUTERS/Hamad I

13-мартта Перс булуңундагы Бахрейн падышалыгында демократиялык реформаларды талап кылган демонстранттар менен полиция кагылышты.


Жекшембиде (13-мартта) Бахрейндин борбору Манама шаарынын Бермет аянтына нааразылык жыйынга чогулган шийи араптарынын өкүлдөрү бийликтеги сунний азчылыгынын сулалесинин өкмөтүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Коопсуздук күчтөрү демонстранттарды жаш агызчу газ менен аткылап таркатууга аракет кылышты.

Өлкө борборунда дээрлик күн сайын ар кыл нааразылык жыйындары өтүүдө. Демонстранттар Тунис менен Мысырдагы (Египеттеги) ыңкылаптын жеңишине шыктанып, азчылыктагы сунний араптар бийлеген падышалыктан улам жаңы саясий жеңилдликтерди талап кылышууда.

Видео тасма. Бахрейндеги 2011-жылдын 13-мартындагы окуялар



Бул видео тасманы ушул тапта Бахрейнде жашаган публицист жана ишкер Ник Фрай (Nick Frei) мырза “YouTube” интернет барагына жарыялап, аны колдонууга “Азаттык” үналгысына уруксат берди. Т.Ч. 13.03.2011.

АКШнын Коргоо министри Роберт Гейтс жума күнү (11-мартта) Бахрейнде сапарда болуп кайткан. Эртеси күнү Гейтс мырза эптеп-септеп кишилерди жубаткан майда-барат реформа бул өлкө үчүн жетишээрлик эмес деп билдирген.

Бахрейнде АКШнын Перс булуңу чөлкөмүндө өтө маанилүү ролду ойногон Бешинчи аскер деңиз флоту жайгашкан.

Бахрейн оппозициясы дал ушул жагдай расмий Вашингтонду бул өлкөдөгү теңсиздикке көз жумду мамиле кылууга аргасыз кылып жатат деп АКШ бийлигин сындап келет.

Бахрейн бийлиги болсо оппозицияны сабырдуулукка чакырып, калайыкты реформа жаатында жалпы улуттук баарлашууга үндөөдө.

XS
SM
MD
LG