Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Абал курчуган өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын эсеби чыга элек


Ливиянын ордо калаасындагы нааразылык, 21-февраль.
Ливиянын ордо калаасындагы нааразылык, 21-февраль.

Элдик толкундоолор күчөгөн араб өлкөлөрүндө Кыргызстандын канча жараны бар жана алардын абалы кандай?

Ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн “Азаттык” Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин мекендештер менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Имангазиевге кайрылдык.

- Алмаз мырза, абал курчуп турган Ливияда канча кыргыз жараны бар?

- Биринчиден айтып кетейин, Иранда жана Сауд Аравиясында биздин элчиликтер бар. Иран, Ливия, Бахрейин, Йеменде окуялар башталганда жарандарыбызга жардам берүү аракетин көрүү боюнча тапшырма бергенбиз. Азыркы маалда Сауд Аравиядагы элчиликтин маалыматы боюнча, Ливияда 7 студент окуйт экен. Бүгүнкү күндө алар жардам сураган жок. Биздин элчиликтин мүчөлөрү алар менен байланышууга аракет кылып атат. Алардан биздин элчиликке жардам берүү боюнча эч телефон чалуулар түшө элек. Бирок аларды баары бир биздин элчилик көзөмөлдөп, байланышканга аракет кылып атат.

- Буга чейин байланышууга мүмкүнчүлүк болбодубу, алардын дайын-дареги барбы?

- Дареги бар. Алар Ливиядагы Трипполи шаарындагы Ислам университетинде окушат. Ошолор менен азыр байланышканга аракет жасап атышат.

- Алмаз мырза, жардам сурабаган күндө да мамлекет өз жарандарын калтыра албайт болсо керек, демилге көтөрүп, кайткыла деген сунуштар болдубу?

- Абдан туура. Сиз билгендей, биз Египеттен 160 адамды чыгарып кеткенбиз. Азыркы маалда биздин элчилик толкундоо болуп жаткан башка өлкөлөрдөгү жарандарыбызды чыгаруу иштерине даярданып атат.

- Дароо чыгарып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлүп жатабы? Сиз Египетти мисалга келтирип атасыз, Египетке караганда азыр Ливияда кырдаал алда канча курч болуп жатпайбы?

- Ооба, биздин элчилик биз кызматташкан өлкөлөр менен байланышып, эвакуация кылганга даяр, ошол боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп атат.

- Алар студенттер деп атпайсызбы. Ата-энелери тараптан сиздерге кайрылгандар болдубу?

- Азырга чейин бизге эч ким кайрыла элек. Кечке чейин биздин элчилик студенттерибиз боюнча маалымат бериш керек, ал-акыбалы кандай, алардын коопсуздугуна коркунуч жокпу деген маселелер боюнча.

- Алмаз мырза, Йеменде, Бахрейнде да абал тынч эмес. Бир катар өлкөлөрдө толкун уланып атат. Ал жерлердеги кыргызстандык жарандардын эсеби бары, кайсы жерде канча жаран бар?

- Биздин маалымат боюнча азыркы маалда Бахрейнде бир жараныбыз бар кызы менен. Бирок анын жолдошу Бахрейндин жараны экен. Йеменде да бир жараныбыз бар үч баласы менен, алар менен да биз байланышып атабыз. Ал дагы йемендик жигитке турмушка чыккан.

- Африка өлкөлөрүндөгү, атап айтсак Мароккодогу кыргызстандык жарандардын эсеби барбы?

- Марокко боюнча бизде маалымат жок. Жогоруда айтып кеткендей, Бахрейнде, Йеменде, Иорданияда, Сирияда, Катарда, Оманда үч-төрттөн жарандарыбыз бар. Көбүнчөсү ошол жака турмушка чыккандар.

- Иш сапары менен баргандар жокпу?

- Алар боюнча азырынча бизде маалымат жок.

- Иранда дагы кыргызстандыктар көп болсо керек, алар менен байланыш барбы?

- Ирандагы элчилик менен саат сайын байланышып турабыз. Биздин маалымат боюнча 48 жараныбыз бар ал жакта. Алар менен элчиликтин кызматкерлери байланышып турат. Алар дагы азыркы маалда эвакуация боюнча даярдоо жумуштарына аракет кылып атат.

- 48 жараныбыз ал жакта эмне кылып жүрөт экен?

- Жарымысы ошол жака турмушка чыккан кыздар жана элчиликте иштегендердин үй-бүлө мүчөлөрү.

- Аларга Кыргызстанга кайтуу тууралуу сунуштар айтылдыбы кыргыз өкмөтү, тышкы иштер министрлиги тарабынан?

- Биз элчиликке тапшырма бергенбиз. Элчиликтин аймагын иран полициясы жана укук коргоо органдары кайтарып атат.

- Жалпы эсебин санап көрдүңүздөрбү, Азыр кооптуу делген өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын жалпы саны канча экен?

- Эсебин биз азыр тактап атабыз.

- Болжолдуу айта аласызбы канча адам бар экенин?

- Йемен, Иордания, Бахрейн, Сирия, Катар, Оман, Ливияны кошкондо 15-20 адам болот баш аягы, Ирандан тышкары.

- Акыркы маалыматты качан ала алабыз?

- Эртең чалсаңар болот. Кечинде баардык маалыматтар топтолсо анан айтканга мүмкүнчүлүк болот.

- Эң негизгиси кыргызстандык жарандар канча болсо да баары аман-эсен?

- Азыркы күнгө, азыркы саатка биздин жарандардын баардыгы аман-эсен. Баары менен байланыш кармап атабыз, тез алып кеткиле, же эвакуация кылгыла деген маалымат түшө элек. Ошондой маалымат түшөр замат жарандарыбызга жардам бергенге аракет кылабыз.

- Элчиликтердин мүмкүнчүлүктөрү жетеби, аларды дароо чыгарып кеткенге?

- Жетет, каражат жагы, шарттар, мүмкүнчүлүгүбүз бар, жардам бергенге даярбыз.

- Сизге чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG