Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

ТИМ Иран, Бахрейндеги кыргызстандыктарды тактоодо


Ирандагы толкундоо.Тегеран, 16-февраль.
Ирандагы толкундоо.Тегеран, 16-февраль.

Ирандагы толкундоолор бул өлкөнү байырлаган кыргызстандык жарандарга азырынча таасирин тийгизген жок.

Мысырдагы окуялардан кийин кыргызстандыктардын көңүлү эми жакынырак Иранга ооду көрүнөт. Анда орун алган элдик толкундоолордон Кыргызстандын жарандары жабыр тартпаганын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Расмий санак боюнча, бул өкөдө элүүдөй жаран болушу мүмкүн.

Иран Ислам Республикасындагы Кыргызстандын элчиси Медеткан Шеримкулов да кыргызстандыктар аман-эсен экенин билдирди. Аталган өлкөдө иштеп жүргөн бир кыргыз жараны менен байланышканыбызда ал өз ысмын атабастан туруп, “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Жалпысынан алганда өлкөдө баары тынч жана бейпилдей сезилет. Балким бизге ушундай туюлуп жаткандыр. А бирок ары жагында эмне болуп жатканын ким билет?

- Ушул окуялардан кийин Кыргызстанга кетүүнү ойлогон жоксузбу?

- Жок андай ой жок. Мен айтып жатпаймынбы, бул жакта баары тынч эле, негизинен. Мүмкүн эл аралык уюмдарга бул жакта көп нерселер болуп жаткандай көрүнүүдө. Анткени Иран саясий окуяларга бай өлкө эмеспи.

Ал эми Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айым Кулукеева Ирандагы кыргыздар менен тыгыз байланышты кармап турушканын “Азаттыкка” билдирди:

- Иран Ислам Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде азыркы учурда 48 жаран каттоодо турат. Алар менен элчилик дайыма байланышта болуп, массалык көтөрүлүштөргө, же болбосо эл көчөлөргө чыккан мезгилде катышпоого үндөөдө. Ошондой эле кыргыз диаспоралары менен байланышты үзбөй иштеп жатабыз.

Элдик толкундоолор болуп жаткан араб өлкөлөрү - Ливия, Бахрейн жана Йеменде болсо Кыргызстандын элчилиги да, консулдук кызматтары да жок. Аталган мамлекеттердеги кыргыз жарандарынын так саны да белгисиз.

ТИМдин өкүлү Айым Кулукеева болсо бул мамлекеттердеги кыргызстандыктарды тактоо аракеттери башталганын маалымдады:

- Бул өлкөлөрдө да биздин жарандарыбыз бар. Азыркы учурда биздин Сауд Арабстандагы элчилигибизге тапшырма берилип жатат. Буйруса элчилик алар менен байланышып, ишти баштайт.

Кыргызстандын жүздөгөн жарандары Араб өлкөлөрүндө көбүнчө диний билим алышат. Мысырдагы толкундоо туу чокусуна жеткен учурда алардын бир бөлүгү өз мекенине кайтып келген эле. Иранда кыргыз жарандары салыштырмалуу аз. Алардын мындан аркы тагдыры кыязы, окуя кайсы тарапка өнүгөөрүнө жараша болчудай.

XS
SM
MD
LG