Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:09

"Кыргызстан оңолбогондо кайда кетмек эле?"


Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакыт Кыдыкбаев.

"Азаттыктын" "Азыркы кыргызстандык" рубрикасынын бул жолку каарманы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз улуттук консерваториясынын урма жана үйлөмө аспаптар кафедрасынын жетекчиси, "Salt peanuts" жаз тобунун негиздөөчүсү Бакыт Кыдыкбаев.

- Бакыт мырза, жаз оркестрде ойногондор башка музыканттардан эмнеси менен айырмаланат? Классикалык музыканы ойногондор деле жазды ойной беришеби?

Жазды кайсы гана учурда суранбасын, тура калып ойноп жибергенге даяр болушуң керек. Мен да ар кандай шартта, күнбү же түнбү ойногонду жакшы көрөм.

- Алгачкы жолу Бишкектеги опера жана балет театрынын сахнасында 2002-жылы концерт бергем. Ал аябай сыйлуу, чоң сахна. Ошондон бери акырындап отуруп өзүмдүн кыялдарымдын туу чокусуна жеттим деп айта алам. Ал чокуга чыккандан кийин музыкага болгон көз караш толугу менен өзгөрдү. Жазды сезмейинче, түшүнмөйүнчө туура ойной албайсың.

Албетте, окшоштуруп ойнойсуң, бирок баары бир 100% окшоштура албайсың. Ошондуктан музыкант жазга болгон көз карашын өзгөртүшү керек. Ал үчүн күн сайын бир башкача абалда жүрүшүң зарыл. Ал абалды сөз менен айтып жеткире албайсың. Аны чыныгы музыканттар гана билет жана сезет. Ошондой аурага кирген адам гана жазмен боло алат.

Жазды кайсы гана учурда суранбасын, тура калып ойноп жибергенге даяр болушуң керек. Ал эми академиялык музыкада адам даярданат, пландайт. Мен да ар кандай шартта, күнбү же түнбү ойногонду жакшы көрөм.

Бир жолу Боом капчыгайында жол салынып жаткан маалда төрт саат ойногом. Чаң сапырылып учуп жатат, ысык, күн төбөдөн чакчайып тийип турат. Ошого карабай ары-бери каттагандар токтоп, угуп жатышты. Бирок мен эч кыйналган жокмун, башыма күн да өткөн жок. Себеби, мен ошол карап турган адамдардан энергия алып ойнодум. Бул эми эч нерсеге салыштыргыс укмуш сезим.

- Сиз кыялдарыңыздын туу чокусуна жеткениңизди айттыңыз. Ал качан жана кантип ишке ашты?

- Мисалы, опера ырчылары Миландагы "Ла-скала" театрында ырдоону кыялданат эмеспи. Ал эми жаз музыканттары эңсеген сахналардын бири Нью-Йорктогу "Birdland" жаз клубунда жайгашкан. Ал клуб атактуу жаз музыканты, гений Чарли Паркердин ылакап ысымынан аталган.

Паркер ушунчалык мыкты жана тез ойногондуктан аны чымчыкка салыштырып «bird» деп коюшчу экен. Паркерге чейин жаз негизинен ресторандарда, тойлордо ойнолуп келсе, ал «бул музыка бий үчүн эмес, сезим жана интеллект үчүн» деп музыканын жаңы бир багытын ойлоп тапкан. Ошол дүйнөлүк жаздын залкарлары турган сахнада эки жолу ойнодук. Анан дагы бир атактуу сахналардын бири деп эсептелген Нью-Йорктогу Кеннеди холлдун "Миллениум" деген сахнасында тобубуз менен концерт койдук. Кийин Вашингтондогу "Blues Alley" деген 1965-жылы түзүлгөн абройлуу жаз клубда ойнодук.

- Сиз өспүрүм кезиңизде «Америка добушунан» түнү менен чет элдик жаз музыканттардын чыгармаларын угуп чоңойгон экенсиз. Ошол кезде атактуу музыканттар ойногон сахнага чыгам деп элестеттиңиз беле? Анан ал белгилүү сахналарга чыккандан кийинки сезимдер кандай болду?

- Ошол бала чагымдагы сезим менен белгилүү сахналарда ойногондон кийинки сезим бирдей болду. Бала чагыңда жашоо ушунчалык керемет сезилет эмеспи, эртең менен ойгонуп, көчөгө чыксаң эле бир аалам ачылгандай болот. Америкадан мен ошол бала чагымда эңсеген ааламга жеткенимди сездим. Анткени ошол сахналарды кичинемден бери китептерден окуп, видеотасмалардан көрчүмүн да. Анда мага баары жомоктой сезилчү. Акыры ошол жомокко жеттим. Ар бир адамдын өзүнүн комплекстери же өзүнөн өзү корунган сапаттары болот. Менин комплекстеримдин баары ошол сахналарга чыкканда жоголду.

- Буга чейин "жазды ынды кара музыканттарга окшоштуруп ойносо болот, бирок баары бир 100% аларга окшоштуруу мүмкүн эмес" деп айта кеттиңиз. Сиздин ойногонуңуз канчалык деңгээлде окшошот?

Жалил Шоу «силер Нью-Йорктун тили менен ойнойт экенсиңер» деди. Бул биз үчүн эң эле баалуу мактоо болду. Себеби, сен бул "тилде" ойносоң, дүйнөнүн кай жагына болсо да кете берсең болот.

- Мен кичинемден ынды кара музыканттарды укчумун. Ошол кезде ал музыканттар билимсиз болчу. Алардын баары нукура таланты менен ойношчу. Музыкада ушул жанрда билим тоскоол болот. Анткени билимдүү адам баарын ойлонуп жасайт да. Ойлонгон жерде сезим арткы орунга жылат. Менин кулагыма ошол музыканттардын ойногону сиңип калган. Себеби ошол кезде мээм таза болчу, андан башка эч нерсе укчу эмесмин. Мен ошону стандарт катары кабыл алгам. Кийин уулдарым да ошол музыканы угуп чоңоюшту. Чыныгы музыканттар негизи кызыктай келет. Мен эртеден кечке музыка уксам да башым оорубайт.

Америкага үчүнчү жолу барганда кыргыз чыгармаларын даярдап бардым. Калый Молдобасанов, Нурак Абдрахмановдун чыгармаларын жазга ылайыктап аранжировка жасадым. Маркум Нурак Абдрахманов менен аябай жакшы мамиледе болчубуз. Анын эки чыгармасын колдондум.

Америкада кыргыз чыгармаларын жаз жанрында ойногонума сыймыктанам. 2018-жылы концертибизге азыркы атактуу Жалил Шоу деген саксофончуну чакырганбыз. Ал биздин досубуз жана чакыруубузга дароо эле макул болду. Андай жогору деңгээлдеги музыканттар үчүн ким менен кандай сахнада ойногон мааниге ээ деле эмес. Жалил Шоу «силер Нью-Йорктун тили менен ойнойт экенсиңер» деди. Бул биз үчүн эң эле баалуу мактоо болду. Себеби, сен бул "тилде" ойносоң, дүйнөнүн кай жагына болсо да кете берсең болот.

Маектин аудиосун бул жерден уга аласыз:

- Ошол өзүңүз эңсеген чоң сахнага канча жашыңызда жеттиңиз?

- Эми дароо эле тоонун чокусуна барып тик учак менен отуруп калбайсың да. Ага жеткиче дагы көп жолду басып өтүү керек. Эбепке себеп болуп, ал "чокуга" жеткенге көмөк көрсөткөн адамдар болду.

2010-жылы Бишкекте өткөн фестивалга Игорь Бутман келип, чогуу ойнодук. Эң биринчи ошол киши бизди жогору баалап, Орусияга чакырды. Кийин Кытайга чакыруу келди. Анан дароо эле АКШга кеттик.

Жаңыдан топ түзүп, Бишкекте ойноп баштаганда биздин концерттерге бир жигит дайыма келчү. Кийин ал көрүнбөй кетти. Казакстанга концерт коюп барсак, ошол жакта жүрөт. Жакындан таанышсак, АКШда элчи болуп иштеген Кадыр Токтогулов болуп чыкты. Биз таанышкан кезде ал журналист эле. Элчи болгондон кийин Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата АКШга чакырган. Айтайын дегеним, маданиятты түшүнгөн киши гана ишти алдыга жылдыра алат экен.

- Сиз музыкадан адам сүйүү, энергия алып, мээси жаңыланат деп айткан экенсиз...

Мындан 5-6 жыл мурда Татьяна Черниговская деген илимпоз аялдын китебин окуп калдым. Мен буга чейин ойлогон ойду ошол китептен окуганда жыргадым. Ошондо музыка укканда гана адамдын мээси бир башкача иштей турганы жазылган. Чыныгы музыканын формасы туура болот. Анын башы жана аягы бар. Ошол чыныгы классикалык, академиялык музыка мээни тазалайт. Балага кичинекейинен туура музыка угузуш керек.

- Сиз сыяктуу музыкага жан дүйнөсү менен берилген, музыка менен жашаган жаштар барбы азыр?

Чыныгы музыкант үчүн материалдык байлык экинчи орунда болушу керек. Чыныгы музыкант сүйүүгө толуп, ар дайым толкунданып турат.

- Мурда окуучулар даяр болуп келчү. Мисалы, мен сыяктуу музыкалык интернатты аяктагандан кийин Консерваторияга же Искусство институтуна тапшырышчу. Алардын музыка тууралуу түшүнүгү бар эле. Азыр деле айылдан таланттуу балдар келишет. Бирок нота тууралуу түшүнүктөрү жок. Аларга баарын башынан үйрөтүү керек. Беш жыл ичинде болгон билимди беришибиз абзел. Студенттерге философияны, психологияны, медицинаны окутуп, спортко тартыш керек. Ошонун баары менен адамды 180% өзгөртүп салса болот.

Эң эле кейиштүүсү, алар беш жылда аябай мыкты музыкант болуп чыгат да, окууну бүткөндөн кийин "акча табыш керек, үй-бүлөнү багыш керек" деп музыкадан алыстап кетишет. Бирок мунун баары шылтоо эми.

Чыныгы музыкант үчүн материалдык байлык экинчи орунда болушу керек. Чыныгы музыкант сүйүүгө толуп, ар дайым толкунданып турат. Кетип баратып эле сүйө берет. Атактуу режиссер Федерико Феллини өлөрдүн алдында «Дагы бирөөнү сүйсөм жакшы болот эле» деп айткан экен. Ошондой эле болуш керек.

- Негизи музыканттардын жан дүйнөсү башкача болот эмеспи. Кыргызстанда соңку айларда болуп жаткан саясий-социалдык маселелерди кандай кабыл аласыз?

- Кыргызстан эми жаш мамлекет да. Ошого бир аз какап-чакап жүдөп жатат. Азыр байкасам, бардык жерде эле соода борболору, базарлар жайнап кетти. Бирөө ичинде жаркыраган бутикте, башкасы сыртта соода кылып жатат. Бирок базарда майда-чүйдө сатып отурган аял менен кычырап бараткан жаш кыздын ою бирдей. Экөөнүн мээси бирдей эле иштейт. Акча санап, бирөөнү сынап анан кантип эс алсам деп ойлошот. Башка эч нерсе санаада жок. Анан кайдан коомдо жылыш болмок эле?

Азыр кыргызды өзгөрткөн новатор керек. Келбетибиз, кийген кийимибиз өзгөрүп жатат. Башкасы өзгөргөн жок. Баары эле кыргыз жүдөгөн эл, өнүкпөйт деп айтып жатышпайбы. Андай эмес. Кыргызстан керек болсо Сингапур боло алат. Мына мен кыргызмын да, дүйнөлүк сахнага чейин чыкпадымбы.

- Пандемиянын да чыгармачылыкка кедергиси тийдиби?

- Мага тескерисинче пайдалуу болду деп айтаар элем. Ага чейин бардык ишти кийинкиге калтырып, ойлогон ойлорумду ишке ашыра албай жүргөм. Мисалы, бир кезде мен нота жазып, аранжировка кылчумун. Карантинде үйдө отурганда ошонун баарын кылдым.

- Кыргызстанда сизди эмне сүйүндүрөт жана өкүнтөт?

- Баары сүйүндүрөт. Мен сүйүндүрө турган нерселерди тапканга аракет кылам. Ал эми өкүнткөнү убакыт. Кыргызстан оңолбогондо кайда кетмек эле? Бирок дагы көп убакыт керек. Ар бир чөйрөдө таланттуу адамдар, лидерлер, глобалдык деңгээлде ойлонгон адамдар иштесе болот эле.

- Рахмат, ишиңизге ийгилик!

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG