Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Депутаттар vs укук коргоочулар: талаштуу долбоор


Иллюстрациялык сүрөт.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомчулуктун катуу сынына кабылууда.

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана юрист Бекболот Бекиев катышты.

«Азаттык»: - Марлен мырза, аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири өзүңүз болдуңуз. Долбоор кандай максатты көздөйт? Аны кабыл алууга эмне негиз болду? Кандай зарылчылыктан улам ушундай демилге чыкты эле?

Марлен Маматалиев
Марлен Маматалиев

Марлен Маматалиев: - Кыргыз коомунда акыркы жылдары өкмөттүк эмес уюмдардын аракеттери менен ар кандай финансылык булактар келип, мамлекеттин коопсуздугуна шек келүүдө деген пикирлер көп.

Кыргыз элинин менталитетине, баалуулугуна туура келбеген бир топ окуялар, көрүнүштөр болуп кетти, алар да көп суроолорду жаратты. Ошондон улам биз көп убакыттан бери бир нече бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен көп жолугушууларды өткөрүп, ойлорубуз менен бөлүшүп келатабыз.

Бейөкмөт уюмдардан бир топ баалуу, пайдалуу сунуштар түштү. «Мен аларды мыйзамга киргизүүнү колдойм, эгер колдоо таппаса, мыйзам демилгечилеринин тизмесинен чыгам» деп да билдирүү тараттым. Мыйзамдын экинчи окуусуна чейин бир топ өзгөртүүлөр кирди, эске алынды. Бир гана маселе – 1-апрелге чейин отчёт берүүгө милдеттендирген жобо калды, талаш дагы ушул жерде.

«Азаттык»: - Азиза айым, бир топ бейөкмөт уюмдар бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыгып, жогорку бийлик органдарына кайрылуу жолдоп келишти. Алардын макул болбогон жоболору кайсы?

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Азиза Абдирасулова: - Бул мыйзам долбоору боюнча демилге Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова ж.б. тарабынан көтөрүлгөн. Ошондо бейөкмөт уюмдар «эгер бул мыйзам кабыл алынып калса, кандай кесепеттер болушу мүмкүн» деп бир топ негиздерди келтиргенбиз. Кийин долбоор колдоо таппай, кабыл алынбай калган. Бул маселе эми кайрадан көтөрүлүп жатат. Жүйөнү айткандан, түшүндүргөндөн тажадым, чарчадык...

«Азаттык»: - Эмнеге?

Азиза Абдирасулова: - Мен 20 жылдан бери Кыргызстанда адам укугун коргоо боюнча иштеп келатам. Укугу бузулган ким болбосун, Чүйдөнбү, Ак-Талааданбы, Казарманданбы, же Лейлектенби, кандай кабар келсе, кайрылуу болсо, ичкен ашымды таштап коюп, турган жеримден жолго чыккан учурларым көп болду.

Бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, жеке адамдар менен иштеп жүрүп, канчалаган адамдардын укугун коргодук! Ошондой ишибизден шек санап, чет өлкөнүн кызыкчылыгына, акчасына иштейт деп жамандашат. Мен эч качан Америка, Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгына иштеген эмесмин. Качан, кайда болбоюн Кыргызстандагы адамдардын укугун коргоп келатам. Ошол эмгекти баалап койгон адам жок.

Мен ошондой сөздөрдөн тажаганымдан акыркы күндөрү бул мыйзам кабыл алынса экен деп калдым. Ошондо анын кесепетин билебиз. Мисалы, мага «укугум бузулду, коргоп бериңиз» деп күндө жок эле дегенде эки адам кайрылат. Мен укук коргоочу катары аларды жоопсуз калтыра албайм, иштейм. Эгер мыйзам кабыл алынып калса, алар менен иштеше албайм. Кайрылып калса, «силердин укугуңарды эми Бакыт Райымкулов, Жылдыз Мусабекова, Строкова деген демилге көтөргөн депутаттар, вице-премьер-министр болгон Аида Исмаилова коргойт, ошолорго арыздангыла» дейм. Анткени бейөкмөт уюмдар душман, гранттарды жеп жатышат, укук коргоочулардын кереги жок, дешип алардын ишин коомго жаман көрсөтүп коюшту. Кыргызстандын өсүп-өнүгүшүнө ушул бейөкмөттөр эле зыян тийгизип, жолтоо болуп жатабы?

«Азаттык»: - Бекболот мырза, бул мыйзам долбоору Конституцияга, андан келип чыккан башка мыйзамдарга жана демократиялык принциптерге каршы деген пикирлер бар, кошуласызбы?

Бекболот Бекиев (солдо).
Бекболот Бекиев (солдо).

Бекболот Бекиев: - Демилгеленип жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын Баш мыйзамына түздөн-түз карама-каршы келет. Мисалы, Конситуциянын 35-беренесинде «ар бир жаран биригүү, уюмдашуу укугуна ээ» деп жазылган. Бул адамдын негизги укугу. Азыр сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда бул укук чектелет.

Мындан сырткары бул долбоор Баш мыйзамдын 20-беренесине да каршы келет. Мыйзамда сунуш кылынып жактан беренелер коммерциялык эмес уюмдардын ишин чектейт, укуктарын бузат, ашыкча жоболор көп. Коомдун өнүгүшүнө натыйжа алып келбейт, тескерисинче көп тоскоолдуктарды алып келет.

Азыр бейөкмөт уюмдар Кыргызстандагы бардык мекемелер сыяктуу эле, салык, Социалдык фонд, статистика ж.б. органдарына талап кылган тиешелүү маалыматтарды берип турат. Сунуш кылынып жаткан долбоор боюнча коммерциялык эмес уюмдардын ичинен бейөкмөт уюмдарды бөлүп алышып, аларга өзүнчө талаптарды коюп жатышат. Бул коомдук уюмдарды бөлгөн, дискриминациялык көрүнүш. Мыйзам деген баарына бирдей укук бериши керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG