Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Ярошевич: Долбоорго Кыргызстандын мурдагы бийлиги кызыкдар окшойт


“Белапан” маалымат агенттигинин журналисти Александр Ярошевич.
“Белапан” маалымат агенттигинин журналисти Александр Ярошевич.

“Белапан” маалымат агенттигинин журналисти Александр Ярошевич менен маекте 27-июлда жарыяланган окуя талданды. Жума күнү Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош Даниил Урицкий аттуу кишинин сүрөттөрүн Беларустун интернет басылмалары жарыялаган болчу.

“Белапан” маалымат агенттигинин журналисти Александр Ярошевич өзүн Урицкий деп тааныштырган сырдуу ишкер менен сүйлөшүүгө үлгүргөн. Минскилик кесиптешибиз “Азаттык” менен болгон маегинде Даниил Урицкий жана ал жетектеген долбоор тууралуу айтып берди.

"Азаттык": Александр мырза, беларустар Даниил Урицкий, кыргыздар Данияр Үсөнов деп тааныган адам жетекчилик кылган ​“Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын” (БНБК) артында ким турат? Акционерлери белгилүүбү?

А.Ярошевич: Корпорация 2016-жылы президент Александр Лукашенконун буйругу менен түзүлгөн. Мына ошондон бери иштеп жатат. Эки жылда алар жем чыгарууда кандай заманбап технологияны колдонобуз деген сыяктуу өндүрүштүк маселелерди чечишти. Адегенде немистердин технологиясын коёбуз дешти, анан Кытайдын “Эксимбанкы” менен келишим түзүштү.

"Азаттык": ​Президент Лукашенко мындай чоң долбоорду жетектөөнү эмне үчүн Урицкий мырзага ишенип тапшырды? Ал өз жанынан капитал коштубу же идея-сунуштары менен кызыктырдыбы?

А.Ярошевич: Ал бул долбоорго акча кошкон-кошпогону белгисиз. Бул долбоордун акционерлеринин ичинде эки шотландиялык, эки араб компаниясы бар. Корпорациянын артында ким турары түшүнүксүз. Балким Кыргызстандын мурдагы бийлигинин кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Мен аны толук бышыктай албайм.

Мен ар кандай кишилер менен сүйлөшкөндө эле угуп калам. Алардын айтканына караганда, бул долбоор Урицкийдин демилгеси болгон. Башкача айтканда, анын сунушу менен долбоор Беларуста башталган. Аны беларус жергесинде жүзөгө ашырууну өзү чечкен.

"Азаттык": ​Кыргызстандын мурдагы бийлиги дегенде экс-президент Курманбек Бакиевди жана анын жакын чөйрөсүн дагы айтып жатасызбы?

А.Ярошевич: Бакивдин бул долбоорго тиешеси бар-жогун мен ырастай албайм. Бакиев менен сүйлөшкөн эмесмин, аны менен баарлашкан кесиптештерим анын бул долбоорго тиешеси жоктугун айтып калышат.

Мен билгенден “Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын” директорлор кеңешинин төрагасы Рифат Утюшов болчу. Ал Максим Бакиев түзгөн Кыргызстандагы Өнүктүрүү фондунун жетекчилеринин бири эле. “Беларус улуттук биотехнология корпорациясын” түзүүгө Утюшов баалуу кагаздарын (заём) бергенин документтерди карап тапса болот.

27-июлдагы иш-чарада мен Утюшевди көргөн жокмун. Аны сүрөттөрүнөн тааныйм, бирок бул жолу көрүнгөн жок. Курманбек Бакиевди дагы көргөн жокмун.

"Азаттык": Иш-чарада башка дагы кыргыздарды байкаган жоксузбу?

А.Ярошевич: Мен ал жердегилердин баарын эле карап жаттым. Болгону Үсөновго түспөлдөш Урицкийди эле көрдүм. Кыргызга окшош ошол эле жүрдү.

БНБКнын директору Даниил Урицкий орун басары Надежда Котковец менен. 27.7.2018-жыл. (Сүрөт булагы: Belаpan агенттиги).
БНБКнын директору Даниил Урицкий орун басары Надежда Котковец менен. 27.7.2018-жыл. (Сүрөт булагы: Belаpan агенттиги).

"Азаттык": ​Урицкий мырзанын жанында жансакчылар болсо керек? Минскинин борборундагы кеңсеси кайтарылат деген маалымат көзүмө чалдыкты.

А.Ярошевич: Анын кеңсеси “Dipservice Hall” деген комлексте, ал дипломаттарды кабыл алуучу атайын жай. Комплексти дубал курчап, кире бериште шлагбаум турат. Мына ошол комплексте “Беларус улуттук биотехнология корпорациясынын” кеңсеси да жайгашкан. Ал жакка шамшаркыт кирүү мүмкүн эмес.

Бүгүнкү иш-чарада аны жансакчылар ээрчип жүргөнүн же ага бирөө жарымды жолотпой койгонун байкаган жокмун. Ал ээн-эркин эле басып жүрдү, ага түз эле барып жолугууга мүмкүн эле болду.

"Азаттык": ​Сиз ал Кыргызстандын издөөдөгү экс-премьер-министри экенин дароо эле тааныдыңызбы?

А.Ярошевич: Мен ал кишиге барып, “Кыргызстанда Даниил Урицкий дегенди Данияр Үсөнов деп жүрүшөт. Чындыгында эле Данияр Үсөновсузбу?” – деп сурадым. Ал “аны кыргыздардан сура” деп, басып кетти.

Анын мындай кескин жообу менен менин суроомду жактырбаганын байкадым. Анан журналисттер кетели деп камынып калганда, бир жигит токтотуп, “Даниил Тимурович силер менен сүйлөшкүсү келип жатат” деди.

Биз анын жанына барганда, ал “диктофон, камераларды тигиндей коюп койсоңор гана сүйлөшөбүз” деди. Ошол маалда мен ал тургай бир аз чочулап, "мунун баары эмне менен бүтөөр экен?" деген кабатыр ойго келдим. Бирок сыр билдирбей, жанына басып бардым.

Ал чөнтөгүнөн Беларустун жаранынын паспортун алып чыгып көрсөттү. Паспорт Даниил Урицкийдин атына жазылыптыр.

Мен андан “Даниил Урицкий - Данияр Үсөнов эмес деп бышыктай аласызбы же Данияр Үсөнов менен кандайдыр бир байланышыңыз барбы?" деп кайра сурадым.

Ал суроомо саал кыйылып туруп: “Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн деп уккам”, - деп жооп берди.

Мен андан “Сиздин бул айтканыңызды жарыяласам болобу?” деп тактадым. Ал “ооба” деп жооп берди. Мен блокнотумду алып, анын макулдугу менен айтканын жазып алдым.

"Азаттык": ​Буга чейин эле Кыргызстанда Данияр Үсөнов - эми Даниил Урицкий деп аты-жөнүн өзгөртүптүр деген маалымат бар эле. Бирок биз анын сүрөтүн ал дайынсыз болуп кеткенден бери биринчи көрүп жатабыз. Беларуста мурда анын сүрөтү же видеосу чыккан жок беле?

А.Ярошевич: Ооба, анын сүрөтү биринчи чыгып атат. Мен буга чейин эле анын сүрөттөрүн издесем, жалаң эле Кыргызстанда жогорку кызматтарды аркалап тургандагы сүрөттөрүн тапкам. Эми силер көрүп жаткандар - жаңы сүрөттөр. Азыркы учурда ал киши ушундай көрүнөт. Буга чейин ал эч кимге көрүнбөй жүрчү. Ал катышкан иш-чара 27-июлда өттү.

"Азаттык": ​Сиз суроо берип жатканда анын реакциясы кандай болбу? Ачууландыбы же таң калдыбы?

А.Ярошевич: Адегенде ал “аны кыргыздардан сура!” деп кетип калганда, такыр сүйлөгүсү келбейт тура деп ойлогом.

Анан ал бизди "кайра келгиле" деп чакырганына караганда, менин суроом бир жерине тийди окшойт. Биз кайра келгенде “аргессивдүү” деп айта албайм, бирок кызарып-татарып, тынчсызданып турганы сезилди. Дароо Беларус паспортун алып чыгып, “бул жерде эмне деп жазылып турганын окугула” деди.

Анан бир саамдан кийин кадимки калыбында философиялык ой-жорумдарын айта баштады.

“Силер Данияр Үсөнов жөнүндө көп жазасыңар. Чындыгында ал тууралуу билбейсиңер. Силерге анын эмне кереги бар? Силер өзүңөрдүн Интернет сайтыңардын рейтингин көтөргүңөр келет” деген сыяктуу сөздөрдү айтты.

Мен болсо “суроо берип кызыкканым – кесиптик милдетим” деп жооп бердим.

"​Азаттык": ​Ал паспортун алып чыкканда качан берилгенин көрө алган жоксузбу?

А.Ярошевич: Паспорт кайсы датада берилгенин көргөн жокмун. Мен билгенден ага паспорт 2016-жылы берилген.

Беларустун Улуттук телеканалынын баяны (27-июль, 2018-жыл)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG