Адамзат тарыхында эң оор замандарда жаралган өз каарманы, өз баатырлары чыкмагы бар. Андай кезең, андай доорлор адамдын кырчындай жашына да, жашамал курагына да карабайт. Адамды ажал кайсыл курагында жалмап кетсе да, бирок тарыхый ысымын ташка-тамга калтырып кетчү инсансардын урку да, табияты да өтө феноменалдуу. Андай өлбөс-өчпөс ысымдар үчүн өмүр-жаштын өлчөмү аз болобу, көп болобу – мааниге ээ эмес.
Маанилүүсү – бул дүйнөгө эмнеге келдим, эмнеге жаралдым деген шекилдеги суроолор жанына тынчтык бербеген адамдар гана тарыхка өз ысымдарын калтырып келишкен.
Тек, башкаларыбыз байыркы кытай даанышманы Лао-цзынын чындыгындагы - “Өз өмүрүн барк албагандарга өмүрдүн да кусуру тиерин” аңдабай да, таназар албай жашайт экенбиз. Бул ойдон окчун жашап жүргөндөрүбүз да канча. Өмүрдүн сая кеткенин көр оозуна жакын калганда гана түшүнөбүз. Аныгында, көөдөнүңдү өрттөгөн чындыкты айталбай тиштенип, кылым менен тең карып да, бирок өмүрдүн кусуру урган куракка чейин жашаганыңдан не опаа?..
Ушул соболго келгенде Улан Эгизбаевдин кыска өмүрү ой калчатып койгону... Учурда маркум менен замандаш канчалаган сомодой жигиттер урунаарга тоо таппай жүрү: тиштерин кайрап, канткенде өлкөбүз дүркүрөп өнүгүп, коррупциялашкан өлкөбүз жемкорлордон арылат деп күйүнүп. Чындап күйүнгөн киши Уландай болсун!
Мекенди, элди сүйүү түшүнүгүн көбүбүз жалындуу сөздөргө коротобуз. Буга келгенде Улан күп-күп, бак-бак сүйлөгөндөрдөн эмес эле. Ал өз өрнөгүн журналисттик ишмердигинде, чыгармачылыгында көрсөттү. Майын чыгара иликтеген материалдары менен коррупционерлердин далайынын уйкусун бузду, далайын кооптондурду. Мына ушунун өзү Уландын эл-жерге арнаган сүйүүсү!
Өмүрүбүздү күрөшкө арнап, Уланга окшоп кимибиз билегибизди түрүнүп, Ак үй, Көк үйдө шыкалган жемкорлордун артынан сая түшүп тынчын алдык?! Арабызда жашабай калган Уландан башкаларыбыздын өмүрүбүз артыкпы мүмкүн?! Анын жанынан биздин жаныбыз артыкпы же? Системалуу коррупция менен күрөшүүдө канчалардын кайраты мокоп, каруусу сынып келатса да, Улан өз чындыгынан кайткан жок. Беттегенин бербеди.
Ушу коррупция менен аёосуз күрөшүүгө келгенде эле баары артына кылчактап: үй бүлөдөгүлөрүнүн коопсуздугун ойлойт экен, өз тагдырын мертинтип алуудан кооптонот экен. А Уланда эмне, үй-бүлө жок беле? Ата-эне жок беле? Жандан кечкидей ийнинде эки башы жок эле анын деле. Буга келгенде анын журналистикке арнаган өмүрү кандай тобокелчилик менен коштолгон өмүр экенине баарыбыз күбө...
Бийликтеги көрченгел жемкорлордун артынан калбай айыбын бетине коюуга белсенчү Уланга окшогондор бүгүн арабызда чанда кезиккен үчүн кыргыз бийлигинде отургандар элден айбыкпай калганы ушул – шылуундар өлкө казынасын көз көрүнөө тоноп атса да, “Раим миллион” атка конгондордун капчыгына түшкөн тыйындар кайдан келип, кайда житип атса да, мурдубузду балта кеспеген калк экенбиз: күңк-мыңк нааразылыгыбызды социалдык тармактарда ачык жазганыбызга гана эрдемсип отургандайбыз. Жан таттуу, жан ширин баарыбызда...
Болбосо коррупция менен жапатырмак күрөшө турган эл болсок, бийликтегилерге талап коё билет элек ко! Матраимовдордун тегерегинде шек жараткан коррупциялык иштерди кызуусунда талкууладык да, күрөштүн кийинки этабы бир гана “Азаттыктын” журналисттеринин милдетине жүктөлгөндөй отуруп калдык.
Кыргыз коомчулугу бүгүн бир ордунда буйдалып кармалып калганы да ошондон. Арийне, корруциялык шек жараткан окуялар ачыкка чыгары менен борбордук аянтка чогулуп, Украина, Грузия, Армениянын мекенчил жарандарындай чуу салып турган калк болсок, элдин жаалынан чоңдорубуз да айбыгат эле, ийменет эле, өлкө казынасынын каалгасын каалаганча тээп киргенден!
Элин, мекенин сүйгөн калк Украина, Грузия, Арменияныкындай болсун. Эки жолу мамлекеттик төңкөрүш жасарын жасап, бирок кайра эле курченгел, куу чирен жемкор аткаминерлерине бийлик тизгинин кармата берген биздей кантип эрдиги бар, эси жок эл болсун! Элдин бийликке болгон талабы күчтүү болгон жерде гана чиновниктер карапайым калк алдында кичипейил болорун демократиясы өнүккөн өлкөлөрдөн көрүп, эмнеге эсибизге келбейбиз?!
А мезгил дегениң жаа огундай сызып, мамлекетибиз тарыхый мүмкүнчүлүктөрдөн кол жууп отурат! А убакыт деген нерсе мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн эң башкы мааниге ээ болушу керек! Өнүгүү мүмкүнчүлүгүбүз кашаңдап, коррупция баарыбызды колдон-буттан тушап алган деңгээлге жеткен кезде, Улан баатырыбыз көпчүлүккө окшоп реалдуу чындыкка кайдыгер карап жатпаганын анын кыска өмүр өрнөгү көрсөттү. Ал өзүндөгү улуулукту ойготту, кайрат-демди ойготту да айланасында кыбыр эткен жашоодо эмне көрсө, баарына билек түрүндү. Алдуусуна аёосуз күрөш жарыялап, алсызына жардам берүүгө кол сунду.
Майып көрсө да; майыптын аянычтуу тагдырын коомчулукка жөн гана журналист катары чагылдырып койгон милдети менен чектелбей, ага көмөк көрсөтүүгө жарап, элин-жерин тургай, майыпчылыкка кабылган тагдырларды аяп, аларды да сүйгөн улуу адамгерчиликке жеткен сапатын көрсөтүп жүрүп арабыздан кетти!
Мына, эл-жерди жалындуу сөз менен эмес, жапакеч сезим, жалындаган жүрөк менен сүйөр киши Уландай болсун! Кырчын жашында көзү өтүп кетсе да, баатыр элдин урпагыбыз деп көңдөй көкүрөгүн күрсүлдөткөн суу жүрөк кыргыз урпагынын арасында жүргөн анык эр-жүрөгүбүз Улан эле! Улуу, нарктуу элдин урпагыбыз деп шилекей чачырап майдаланган улутубузга абийир эле кайран баатыр!
Кош бол, Уланбек!
1/24Студенттик кез. 12.05.2012-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
2/24Окуу менен жумушту айкалыштырган Улан... 23.03.2013-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
3/24Ушак-айың, жалган маалыматтарды таратууга каршы Бишкектеги журналисттер аллеясында өткөн “Антиөрдөк” аталышындагы флешмоб-акциясында. 3-май, 2014-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
5/242016-жылы анын кочкорлук окуучу Нургазы тууралуу тарткан “Кыял” даректүү тасмасы дүйнөлүк Webby Awards же Интернет-Оскар сыйлыгын жеңип, тасма авторлору Нью-Йоркко барып келишкен.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
6/241-июнь, 2016-жыл.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
7/24Улан Эгизбаев жана Нургазы Кыргызстандын Америкадагы ыйгарымдуу элчиси Кадыр Токтогуловдун кабыл алуусунда. 25-май, 2016-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
8/24Нургазыны жонуна көтөрүп Нью-Йоркту аралаган Улан... 10-июнь, 2016-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
9/24Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин колунан президенттин Ардак грамотасын алган учур. Бул күнү Улан Эгизбаев тарткан "Азыркынын Дүйшөнү" тасмасынын каарманы Кеңешбек Шоруков "Эмгек сиңирген мугалим" наамын алган эле. Аз күн мурда Шоруковго "КМШнын эл агартуусунун отличниги" төш белгиси тапшырылган.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
10/24Экс-муфтий Чубак ажы Жалилов менен маалымат жыйынында. 7-март, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
11/24Тажикстан, 12-сентябрь, 2014-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
12/24Улан Эгизбаев президенттин маалымат жыйынында. 1-август, 2016-жыл.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
13/24Улан айылда. 2-август, 2013-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
14/24II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын чагылдыруу учурунда. 5-сентябрь, 2016-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
15/24Уланбек менен Сапаргүл 2017-жылы 10-октябрда баш кошушкан.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
16/24Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисин алган учур. Уланбек Эгизбаев кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланган. Уланбек журналисттик ишмердиктен тышкары 2014-жылы “Фейсбукта” “Кыпкыргызча” деп аталган тайпаны негиздеген. Азыр аны 17 миңден ашуун адам колдонот. Аталган тайпада унутулуп бараткан кыргызча сөздөр жайылтылып, чет тилдердин котормолору талкууланат жана туура котормолор тандалат. Андан тышкары, "Кыпкыргызча" деген коомдук фонду да бар.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
17/24Чехиянын борбору Прага шаарындагы Карлов көпүрөсүндө. 26-май, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
18/24Уланбек Эгизбаев саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кармалышына байланыштуу чогулган элди кармоо учурунда Ички иштер бөлүмүнө карай бара жаткан кез. (РОВДны карай). 26-февраль, 2017-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
20/24Саясатчылар Өмүрбек Бабанов жана Камчыбек Ташиев менен "Азаттыктын" студиясында. 20-август, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
21/24Сыябан-планёрка долбоорунда. 4-май, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
22/24Улан Эгизбаев уландар (кадеттер) арасында дүйнө чемпиону, грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
23/24Берлин сапарынан бир элес. 31-май, 2015-ж.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
24/24Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Сыйлыкты публицист Кален Сыдыкова коомдогу талылуу маселелерди тартынбай элдин алдына алып чыгууга кудуреттүү жаш жана таланттуу журналисттерди колдоо максатында уюштурган.
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза тапты. Ал 28 гана жашта эле.
Толук көрсөтКыскарт
Артка
Алдыга
Олжобай ШАКИР
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.