Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Нью-Йорк соту "Өлүм чайкоочусун" айыптуу деп тапты


Курал аткезчиси деп шектелген Виктор Бут Бангкоктогу Кылмыш сотуна күзөтчүнүн коштоосунда келатат. 5-октябрь, 2010
Курал аткезчиси деп шектелген Виктор Бут Бангкоктогу Кылмыш сотуна күзөтчүнүн коштоосунда келатат. 5-октябрь, 2010

”Өлүм чайкоочусу” деген лакап ат менен белгилүү орусиялык ишкер Виктор Бутту Нью-Йорк сотунун мүчөлөрү ага коюлган төрт берене боюнча күнөөлүү деп табышты.

Эми 44 жаштагы мурдагы советтик офицер калган өмүрүн абакта өткөрүшү толук мүмкүн. Сот бийлеринин мындай чечими Вашингтон-Москва арасындагы мамилени курчутту. Анткени орус тарап Виктор Бут Бангкоктон Кошмо Штаттарга мыйзамсыз өткөрүлүп берилген деп эсептейт.

Виктор Бут дээрлик 15 жыл бою дүйнөнүн түркүн өлкөлөрүнө курал сатып, бизнес кылган. Анын кардарларынын ичинде Ооган талиптеринен тартып, Либерияда 300 миң адамдын өмүрүн жуткан согуштун баштоочусу Ричард Тейлорго чейин бар болчу.

Нью-Йорктун федералдык сотунун бийлери Виктор Бутту АКШ жарандарын жана мамлекеттик кызматкерлерин өлтүрүү үчүн кутумга барды, зениттик-ракеталык куралдарды сатты жана террордук уюмдарды колдоду деп тапты.

Сот төрагасы өкүмдү 8-февралда жарыялайт. Америкалык эксперттер 44 жаштагы Бут кеминде 25 жылга кесилет деген ишенимде.

Сот бийлеринин бүтүмүнөн соң: “Виктор Бут кээ бир майда өлкөлөрдү суктандырган каруу-жаракты сатууга даяр болгонун соттогу далилдер көрсөттү”,-деп билдирди Манхэттендин федералдык прокурору Прит Барара.

Эми эле камакка алынган Виктор Бутту Тай полициясынын гражданча кийинген офицерлери түрмөгө алып баратышат. 6-март 2008
Эми эле камакка алынган Виктор Бутту Тай полициясынын гражданча кийинген офицерлери түрмөгө алып баратышат. 6-март 2008
Ал эми Буттун адвокаты Алберт Даян Апелляциялык сотко кайрыларын билдирди:

- Мен сиздерге чечимге өтө канааттанбаганымды айта алам. Бирок бийлер өз сөзүн айтышты. Арийне, бул биз үчүн жараяндын аягы эмес. Биз бүтүм боюнча доо арыз менен Кошмо Штаттардын Апелляциялык сотуна кайрылмакчыбыз.

2-ноябрдагы сот АКШнын чалгындоо кызматтары жүргүзгөн татаал операциянын жыйынтыктоочу учуру болду. Түрдүү ысымдарды жана паспортторду пайдаланып, тузакты буйтап кетип жүргөн Бут 2008-жылы Тайландда колго түшүп, былтыр Кошмо Штаттарга өткөрүлүп берилген.

Америкалык чалгынчылар Бутка өздөрүн Колумбиянын революциячыл куралдуу күчтөрү - ФАРКтын агенттери ирети тааныштырган. ФАРКты Вашингтон террорчу уюм деп эсептейт.

Прокурордун айтышынча, Бут бул уюм куралды Колумбиядагы АКШ жарандарына жана учкучтарына каршы пайдаланарын билген. Бирок ага карабай курал сатканды туура көргөн. Бут менен мурда чогуу иштеген түштүкафрикалык ишкер Эндрю Смулян сотто күбө катары өттү. Анын сөзүнчө, Бут нак 20 миллион долларга 100 тонна куралды, анын ичинде ракеталарды Колумбияга аба менен жеткирип бергенге макул болгон.

Бирок адвокат Даян бийлердин далилдерин жалганга чыгарып, "Бут эки эски жүк ташуучу учакты сатуу үчүн жаңылып, аскерий куралдарды Түштүк Америкага жеткирип берүүгө көнгөн" деди журналисттерге. Анын ырасташынча, Бут курал сатып далдалчылык кылбаган, аны жеткирчү агент гана болчу.

АКШдагы Жаңжалдарды алдын алуу долбоорунун директору Кэти Остин айым “Өлүм чайкоочусунун” ишмердүүлүгүнө кылдат байкоо жүргүзгөн. Бейөкмөттүк уюмдун башчысынын пикиринче, Буттун соту Улуттар Уюмуна жана улуттук өкмөттөргө куруу-жарак аткезчилигине каршы катаал мыйзам зарыл экенин дагы бир ирет көрсөттү.

Виктор Буттун соту Вашингтон-Москва мамилесин курчутту. Орусиянын тышкы иштер министри Кошмо Штаттарды үчүнчү өлкөдө бөтөн улут жаранын кармап алып, эл аралык мыйзамды бузду деп күнөөлөдү. АКШ, Сергей Лавровдун сөзүнө караганда, Тай өкмөтүнө “эбегейсиз кысым жасап жатып, Бутту өткөрүп алган”.

Орусиянын Нью-Йорктогу консулунун найыбы Александр Отчайнов Бутка айып окулгандан кийин жасаган билдирүүсүндө элчилик өз жаранына жана анын үй-бүлөсүнө мыйзамый жактан көмөктөшө берерин маалымдады.

Айтмакчы, Виктор Бут эл аралык коомчулукка 2005-жылы Голливудда тартылган “Өлүм Кудайы” деген фильмден кийин таанылды. Көркөм тасмада Буттун образын америкалык белгилүү актер Николас Кейж жараткан.

XS
SM
MD
LG