Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Күлкү кербени: Виктор Черномырдиндин куйкум сөздөрү


Виктор Черномырдин. 1996.
Виктор Черномырдин. 1996.

Орусиялык мамлекеттик ишмер Виктор Степанович Черномырдиндин (1938—2010) күтүлбөгөн жерден айткан кебинин айрымдары учкул сөзгө айланды. "Күлкү кербенде" анын айрымдарынын котормосу сунушталууда.

* * * * * * *

«Эчтекеге карабай айтайын: экономиканын төмөндөшү толугу менен көтөрүлүү жолуна чыга элек».·

(«Говорю безо всяких - спад экономики еще не полностью пошел на подъем»).

* * * * * * *

«Азырынча жүзүбүздү сактап калууга убакыт бар. Андан соң башка дене мүчөбүздү сактоого туура келет».

(«Есть еще время сохранить лицо. Потом придется сохранять другие части тела»).

* * * * * * *

«Кимдир-бирөө айткан экен: ичтейиң балээ басканда ачылат да, калат!»

(«Как кто-то сказал: аппетит приходит во время беды»).

* * * * * * *

«Эмне деген коомдук уюм түзсөк деле, акыры түбү КПСС болуп калып жатпайбы!»·

(«Какую бы общественную организацию мы ни создавали, получается КПСС»).

* * * * * * *

«Көп сүйлөп отурбайын, болбосо дагы бирдемкени «балп» эттирип алышым мүмкүн».·

(«Много говорить не буду, а то опять чего-нибудь скажу»).

* * * * * * *

«Өлкө өкмөт деген неме бар экенин биле бербейт».·

«Страна не знает, что ест правительство»).

* * * * * * *

«Мугалимдер менен дарыгерлер, иш жүзүндө, күн сайын тамактангысы келе берет».·

(«Учителя и врачи хотят есть практически каждый день»).

* * * * * * *

«Менин болжол менен айтканда эки уулум бар».

(«У меня приблизительно два сына»).

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG