Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Насыянын айынан үч бала энеден ажырады


Иллюстрация
Иллюстрация

Өзбекстандын жараны өз аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелүүдө. Үй-бүлөнүн туугандары да, айылдаштары да чыр кредитке алынган тооктордун айынан болду деп шектенүүдө. Укук коргоочулар Өзбекстанда үй-бүлөлүк зомбулук кенен жайылган көрүнүш деп узактан бери коңгуроо кагып келишет.

Хорезм облусунун Шават районунун 36 жаштагы тургуну Шерзод Сапарбаев өз аялын адегенде бычактап өлтүрүп, андан соң айыл четиндеги талаага алып барып өрттөп салган деп шектелүүдө. Маркум Назокат Пирова 32 жашта болчу.

Кандуу окуя 13-ноябрда болгонун шектүүнүн атасы Ражаббай Сапарбаев айтып берди:

- ​Ошол күнү үйгө келип Шерзод мага “мен кутулдум, сиз дагы кутулдуңуз. Азыр эле аны өлтүрүп келдим” деди. Мен ага “атаганат уулум, мени тирүүлөй көмдүң, бас милицияга” дедим. Аны райондук милиция бөлүмүнө өзүм жетелеп бардым. Эмнеге бул кылмышка барганын түшүнө албай башыбыз маң.

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.

Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу окуянын чоо-жайы тактала элек. Ошентсе да “Азаттыктын” өзбек кызматы маркум келиндин туугандары, айылдаштарына байланышып, жагдайды териштирип көрдү.

Коңшулары бул үй-бүлөдө такай чыр-чатак болуп келгенин жашырышкан жок. Чигатай айылынын активисти Давлатер Исмаилов алар кийлигишип, жөнгө салууга аракет кылган акыркы окуяны эстеди:

- 4-ноябрда Назокат күйөөсүнө таарынып, төркүнүнө кетип калган. 9-ноябрда биз аларды жараштыралы дедик. "Үч баланын – эки уул, бир кызыңардын көзүн жалдыратпагыла" дедик. Бирок келин бала ага көнбөй, күйөөсү менен жашабастыгын айтып туруп алды. Анан эле төрт күндөн кийин ушул каргаша болду.

Маркум Назокат Пированын тууганы Адылбек үй-бүлөнүн буга чейинки жаңжалдарынан кабардар болуп келген. Айтымында, күйөө баласы карындашына он жылдан бери тынчтык берген эмес:

- Канча жолу ата-энесиникине качып келди, ошончо жолу биз аны кайра алып барып, жараштырганга аракет кылып келдик. Кийин биз он жылдан бери аялын кордоп келгенин билдик. Бир ирет уруп, мурдун да сындырган экен. Шерзод эч жерде иштечү эмес. Назокат текстиль фабрикасында иштечү. Ал күйөөсү тоок чарба курасың деп банктан алты миллион сум насыя алган эле. Бирок кийин алар карызга белчеден батып, акыр-аягы үй-бүлө урады.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Маркум келиндин туугандары каргашага дал ушул насыяга алынган тооктор себеп болду деп күмөн санашууда.

Укук коргоочулар Өзбекстанда үй-бүлөлүк зомбулук абдан кеңири таралганын айтып, тынчсызданууларын билдирип келатышат. “Азаттыктын” өзбек кызматы акыркы эки айда өлкөдө көр тирликтин айынан төрт адам өлтүрүү белгилүү болгонун жазган.

Ал эми Өзбекстандын Ички иштер министрлиги быйылкы жети айда эле үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам 105 адам өлтүрүү катталган деп расмий маалымдады. Анын 34үндө күйөөсү аялынын, бешөөндө аялы күйөөсүнүн өмүрүнө кол салган. Башкасында туугандар ортосундагы кылмыштан өмүр кыйылган.

Өзбекстанда жумушсуздук күч болгондуктан жыл башында президенти Шавкат Мирзиёев аны жоюп, жакырчылыктан арылуунун бир жолу катары тоок багуу, лимон өстүрүү зарылдыгын белгилеген.

Ташкенттеги Чорсу базары
Ташкенттеги Чорсу базары

Президент ошондой эле ар бир үй-бүлө 100 тоок багуу менен чакан бизнес курса болорун кошумчалаган. Кийин үй-бүлөлөрдүн тоок алышы үчүн атайын насыялар бериле баштаган. Тапшырманын аткарылышына ошол кездеги вице-премьер-министр Рустам Азимовду жооптуу кылып дайындаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG