Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Чечен өспүрүмдөрү полицияга кол салды


Чеченстандагы окуядан тартылган сүрөт.
Чеченстандагы окуядан тартылган сүрөт.

Дүйшөмбүдө Чеченстанда бир канча жерде полицияга куралдуу кол салуу болду.

Маалыматтарга караганда, кылмышкерлер менен атышууда бир полиция кызматкери окко учуп, үчөө жарадар болгон. Кол салууга шектүүлөр жок кылынды. Алардын баары 18ге чыга элек өспүрүмдөр экени кабарланды.

20-августта Чеченстандын борбору Грозныйда жана Шали районунда эки саат ичинде полиция кызматкерлерине төрт жерде кол салуу болду.

Грозныйда жол кайгуул кызматкерин машине менен сүзгөн эки өспүрүм өлтүрүлдү. Шали районунда да бычак менен күч кызматкерине чабуул койгон эки бала жок кылынды. Мескер-Юрт кыштагында болсо бир өспүрүм полициянын бекетинин жанында өзүн жардырып жиберген.

Ички иштер министрлиги аларды “жоочулар” деп атады. “Интерфакс” агенттигинин маалыматына караганда, төрт жерде болгон кол салууда бир полиция кызматкери жан берип, үчөө жарадар болду.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Чеченстандагы кол салууларды уюштурганын өзүнүн "Амак" сайты аркылуу кабарлады. Бирок аны далилдей ала турган кандайдыр маалыматтарды келтирген жок.

Рамзан Кадыров ажылыкта жүрөт. 20-август, 2018-жыл.
Рамзан Кадыров ажылыкта жүрөт. 20-август, 2018-жыл.

Учурда республиканын Мекеде ажылыкта жүргөн башчысы Рамзан Кадыров "Телеграммдагы" каналы аркылуу чабуулдарды "Курман айт майрамында бүлүк салуу" катары баалады:

- Мунун башкы максаты - Чеченстанда куралдуу аракеттерди ишке ашырып, террордук чабуулдарды уюштура алчу күчтөр бар экенин көргөзүш үчүн жалган ишеним жаратуу. Жаш балдардын акылын социалдык тармактар аркылуу ар кандай иблисчилер айландырганына күмөн жок.

Орусиянын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, кол салууга катышкандардын баары 18 чыга элек өспүрүмдөр. Үчөө 17 жашта, бирөө 16, ал эми дагы бири 11 жашта гана болгон. Алардын баары – Чеченстандын Шали районунун тургундары. 11 жана 16 жаштагы балдар бир туугандар экени кабарланды.

- Менимче, бул кабатыр кылуучу көрүнүш. Бул нерсени Чеченстанда биз мурда да байкаганбыз. Башкача айтканда, чечен жоочуларынын катары улам жашарып баратат. 2015-2016-жылдарды карап салыштырсак, ушул жылдары Чеченстанда согушкерлердин арасында жаштардын, өспүрүмдөрдүн бар экенин көрөбүз, - деди «Кавказский узел» интернет-порталынын башкы редактору Григорий Шведов.

Орусиянын Тергөө комитети “Укук коргоо кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Радикал исламчылар Чеченстанда буга чейин да полиция кызматкерлерине, момун мусулмандарга жана мамлекеттик кызматкерлерге кол салса, айрымдары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулганын айтып, ант берген. Сирияда Орусиянын 2000дей жараны “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушуп жүрсө, алардын көбү Түндүк Кавказ аймагынан барган.

Кылмыштуу топтордун таасири, кландардын атаандаштыгы да бул аймактагы куралдуу кагылыштарга себеп болуп келет. Бийликти сындагандар Кремл жана Кадыров өз атаандаштарын “согушкер” катар мүнөздөп, куугунтуктаган учурлар бар экенин белгилешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG