Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:53

Чек арада ок атылып, кырдаал жайгарылды


Баткендин Көк-Таш айылы.
Баткендин Көк-Таш айылы.

24-июлда Баткендин Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымат таратып, кырдаал жайгарылганын билдирди.

Расмий маалыматта, Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде эки тараптан тең чек арачылар ок чыгарганы айтылат. Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон.

“Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Жараат алгандар жок”, - деп айтылды облустук бийлик тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендин Кум-Мазар жеринде тажик жарандары кыргыз тарап менен макулдашпастан тазалоо иштерин жүргүзүп баштаганда чатак чыгып кеткенин кабарлады.

“Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барышкан. Тажик тургундары кыргыз тараптын иш-чараларды токтотуу талабына көнгөн эмес. Эки тараптын кайым айтышуусу мушташ, бири-бирине таш ыргытууга жеткен. Кыргызстандын чек арачылары ок чыгарып, ага жооп катары тажик чек арачылары ок аткан. Кыргыз тарапта жаракат алгандар жок”, - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү окуядан кийин жолугуп сүйлөштү. Жолугушууга эки тараптын жергиликтүү бийлик башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы катышкан.

“Кыргызстандын Кум-Мазар жана Тажикстандын Сомоньен жерлеринде кандайдыр бир чарбалык иштерди жүргүзбөө тууралуу макулдашылды”, - деп айтылды Чек ара кызматы тараткан билдирдүүдө.

Чатактарды алдын алуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары менен күч кызматкерлери биргеликте иш алып бармай болду.

“Озоди” радиосу жергиликтүү тургундарга шилтеме берип, кыргызстандык чек арачылар биринчи болуп ок чыгарганын жазды. Ага тажик чек арачылары жооп кылганы айтылат. Тажикстандык тургундардын айтымында, алар Кум-Мазар деген жерде ишембилик кылып жатканда чыр чыкты. Исфаранын акимчилиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, чатактын себептерин иликтеп жатканын маалымдады.

Тажикстандын “Азия-Плюс” басылмасы Исфара администрациясынын басма сөз кызматына таянып, жергиликтүү бийлик окуя болгон жерге кеткенин жазды. Басылма бир аскер жаракат алганы кабарланып жатканын маалымдады.

Кум-Мазар.
Кум-Мазар.

Тажикстандын Чорку айылынын тургуну басылмага “Кум-Мазар жеринде ишембилик кылууга кыргыз чек арачылары тоскоол болгонун жана кыргыз жарандары таш ыргытып, чек арачылары ок чыгарды” деп айтып берген.

Буга чейин Баткен районунун акими Учкун Жоробаев түндө чатакташуу болгонун “Азаттыкка” ырастап, бирок нааразы болуп чогулган кыргыз жарандары тараганын айткан эле.

“Кечээ түнү саат 22-23төр чамасында түшүнбөстүктөр болуп, тажик тараптан бирин-экин киши топтолуп кыргыз тарапка таш ыргытылган. Ок атуу боюнча азыр мен так айта албайм. Ички иштер бөлүмү жана чек арачылар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал жерде үйлөр шахмат түрүндө жайгашып калган”, - деди Учкун Жоробаев.

Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон. Кум-Мазар.
Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон. Кум-Мазар.

Көк-Таш айылынын тургуну Аписа Набиева октун үнүнөн балдарынын эси чыгып, айылдан качып чыгышканын айтты.

“Мен жумуштап Баткен шаарына кеткем. Үйдө алты балам калган. Ок атылганда алар коркуп үйдөн качып чыгыптыр. Коңшу айылдагы туугандардын үйүндө турушат. Мен азыр ошол жакка бара жатам. Балдардын жүрөгү ойнок болуп бүттү. Айла жок, чек арада коркуп жашай берет экенбиз да”.

“Мындай окуялар дагы деле кайтарала берет. Ошондуктан кыргыз бийлиги “сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз” деп элди жооткотпош керек. Маселени чечүүнүн механизмин изилдеп чыгыш керек. Чек ара боюнча комиссия өз ишин аткара берсин. Бирок акыркы чекитти эки өлкөнүн президенти гана коет. Чек арага тор зымды тартып коюп сүйлөшүүлөрдү улантса болмок. Бирок коңшулар ага макул эмес”,-дейт коомдук ишмер Досбол Нур уулу.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Жыл өткөн сайын жер, суу, жайыт талаштан чыккан чатактын арты айыгышкан мүнөзгө өтүп баратат дейт серепчилер. Апрелдин соңундагы жаңжал бүтүндөй регионду сестентти.

Өткөн айдын соңунда Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери катышкан сүйлөшүүдө чек ара боюнча документ кабыл алынган эмес.

Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсы карта менен, кайсы юридикалык документке негизделип иштөө керектиги боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келет.

Чек аранын такталбаганы чыр-чатактардын негизги булагы болуп калды. 8-июлда эле кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетип, 27 жаштагы кыргызстандык чек арачы набыт болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG