Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Кытай жолбашчысы Тайванды эскертти


Кытайдын президенти Си Цзиньпин баштаган лидерлери парламент сессиясынын жабылышында. Бээжин, 20-март, 2018-жыл.
Кытайдын президенти Си Цзиньпин баштаган лидерлери парламент сессиясынын жабылышында. Бээжин, 20-март, 2018-жыл.

Кытайда президенттик экинчи мөөнөтүнө кайра шайланган, бийликте белгисиз мөөнөткө калышына жол ачылган президент жана баш катчы Си Цзинпин коңшу Тайванга эскертүү берди. Чет элдик баяндамачылар Кытай лидеринин парламент жыйынынын жабылышындагы азыркы сөзүндө улутчулдук маанай үстөмдүк кылганын баамдашты.

Кытайда өлкө парламентинин - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын - сессиясы аяктады. Бул жолу ал “тарыхый” деген мүнөздөмөгө ээ болду.

Жылына бир жолу өтүүчү бул жыйында быйыл кабыл алынган маанилүү чечимдердин бири катары Конституцияга президент Си Цзинпиндин бийликте белгисиз мөөнөткө же өмүр бою калышына жол ачкан өзгөртүү киргизилди. Башкача айтканда Кытайдын Баш мыйзамынын "президент эки гана мөөнөт иштей алат" деген эски жобосу Компартиянын сунушуна ылайык жоюлуп, парламент аны бир добуштан колдоду.

Компартиянын лидери Си Цзинпин президенттигинин экинчи мөөнөтүнө кайра шайланды. Дал ушул учурда анын Тайвань тууралуу айткан сөздөрүн байкоочулар анын буга чейинки эскертүүлөрүнүн эң катаалы катары сыпаттап жатышат.

20-мартта, парламент сессиясынын жабылышындагы сөзүндө Си Цзинпин “улуу өлкөсүнүн аймагынын ар бир укуму” корголо турганын убада кылды:

Си Цзиньпин парламент сессиясынын жабылышында сүйлөп жаткан учур. Бээжин, 20-март, 2018-жыл.
Си Цзиньпин парламент сессиясынын жабылышында сүйлөп жаткан учур. Бээжин, 20-март, 2018-жыл.

- Эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү коргоп, Кытайдын толук биригишин ишке ашыруу - бүткүл Кытай элинин мүдөөсү жана жалпы кызыкчылыгы. Элдин эрки жана тарыхтын багыты алдында Кытайды бөлүп-жаруу боюнча кандай гана аракет жана айла-амал болбосун оңунан чыкпайт, элдин наалатына жана тарыхтын жазасына кабылат. Кандай гана жикчил аракет болбосун, аны жеңгидей жөндөм, ишеним жана эрк кытай элинде бар.

Кытай жетекчисинин бул эскертүү сөздөрү утур-утур кол чабуулар менен коштолуп турду.

Тайвань - Кытай үчүн эң талуу, атүгүл аскердик кагылышуу коркунучу бар маселе. Буга чейин да биригүү жараяны белгисиз мөөнөткө калтырыла албасын Тайванга эскерткен кытай лидери азыркы сөзүндө да Бээжин “тынч биригүү” саясатын колдой берээрин ырастады. Бирок Тайвандын президенттигине 2016-жылы Демократиялык прогрессчил партиянын лидери Цай Инвэнь шайлангандан бери расмий Бээжинде "арал өз эгемендигин расмий жарыялап жибереби" деген шек саноо күчөгөндөй.

Гонконгдогу Кытай университетинин кытай саясаты боюнча эксперти Уилли Лэм (Willy Lam) “Ассошейтед Пресс” агенттиги менен болгон маегинде белгилегендей, балким эми мамлекет башчылыкта түбөлүк калышына жол ачылгандан кийин кытай жетекчисинде Тайванды өз бийлигинин тушунда кошуп алууга чечкиндүүлүгү арта баштады.

Бээжинден берилген эскертүүгө Тайбэй да дароо эле жооп кайтарды.

- Си Цзинпиндин айткандарына келе турган болсок, бизди тышкы саясатыбыз тууралуу башка өлкөлөрдүн пикири кызыктырбайт. Биздин аракеттерди токтотууга же басаңдатууга болбойт. Тайвань аймактагы туруктуулукту, өнүгүүнү, тынчтыкты камсыз кылууда маанилүү роль ойноп жаткан чагы. Биз Тайвань менен идеологиясы бирдей державалардын, өзгөчө АКШнын, Жапониянын жана Евробиримдиктин колдоосуна үмүттөнөбүз, - деди Тайвандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эндрю Ли кабарчылар менен болгон маегинде.

АКШ демекчи, Вашингтондун Тайвань менен расмий байланышы жок. Бирок Конгресс кабыл алган мыйзамга ылайык, администрация Тайвандын өзүн-өзү коргоосуна жардам берүүгө милдеттүү.

Өткөн аптада АКШ Тайванга жогорку даражалуу расмий адамдарын жиберишине, кайра ал жактан ошол эле даражадагы делегациялардын келишине жол берген мыйзамга президент Дональд Трамп кол койгон. Бул Бээжинди нааразы кылган.

Тайвандын Тышкы иштер министрлиги ушул дүйшөмбү күнү ал мыйзам үчүн Вашингтонго ыраазычылык билдирди, бирок жогорку лидерлеринин, анын ичинде өлкө президентинин АКШга баруу планы жок экенин кошумчалады.

Тайвандын президенти Цай Инвэнь (солдо).
Тайвандын президенти Цай Инвэнь (солдо).

Кытай Тайванды өзүнүн ажырагыс бөлүгү, бир провинциясы деп эсептегени менен бул аймактын азыр 23 миллион кишиге жеткен калкы 1950-жылдардан бери өзүнүн иш жүзүндөгү эгемендигин сактоого артыкчылык беришет. Ал эми өз алдынчалыкты жактаган саясий күчтөр өлкө келечегин аныктоо Тайвань элинин гана укугу экенин айтышып, Бээжинди демократия кандай иштей тургандыгын түшүнбөгөнү үчүн айыпташат.

Ички дүң өнүмдүн киши башына бөлүнүшү Тайванда Кытайдыкынан эки эседен көбүрөөк.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG