Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Ай Вэйвэй "жасмин ыңкылабынын" жарчысыбы?


Ай Вэйвэй Лондондогу көргөзмөдө күнкараманын айнек дандарын сапырууда. 11-октябрь, 2010
Ай Вэйвэй Лондондогу көргөзмөдө күнкараманын айнек дандарын сапырууда. 11-октябрь, 2010

Кытай сүрөткери Ай Вэйвэй кайда экенин алиге үй-бүлөсү билбейт. Кытай өкмөттүк гезити Вэйвэйди абактан чыгарууга чакырган Батыш өлкөлөрүн сындап, сүрөтчү мыйзамга ылайык сурак берип жатканын маалымдады.

Ай 3-апрелде Бээжинден Гонконгго учканы жатканда камакка алынган. Соңку үч аптада Кытай бийликтери ондогон белгилүү блоггерлерди, укук коргоочуларды камакка алды жана алардын айрымдары табышмактуу жагдайда жоголгон боюнча дареги жок.

Бийлик элдик баатырларды өзү жаратат

Кытай өкмөттүк Global Times гезити 6-апрелдеги санында Ай Вэйвэйди камакка алуу боюнча Батыш өлкөлөрүнүн айыптоолорун - “душмандардын Кытайдын юридикалык эгемендигинин негизине каршы чабуул” деп сыпаттады.

Баш макалада 3-апрелде Бээжинден Гонконгго учар алдында кармалган Айдын кайда экени жөнүндө эч сөз жок. Бирок гезит “балким Ай Вэйвэй өзү көп жолу мыйзамды бузайын деп барып токтогонун түшүнсө керек” деп, сүрөткердин мыйзам чегинде суралып жатканын жазат.

Эл аралык "Мунапыс" уюмунун изилдөөчүсү Коринна-Барбара Франкис 53 жаштагы сүрөткер соңку апталарда абакка салынган же азыр сурак берип жаткан ондогон диссиденттер менен саясий активисттердин катарын толуктады деп эсептейт:

- Ал бийликке тик караган адамдар үчүн өтө маанилүү символго айланды, атүгүл айланып калды деп айтаар элем. Ал тайманбай сүйлөчү. Ал адамдарды өкмөттү кулатууга үндөгөн эмес. Ал адамдардын түрдүү көз караштарын ачык айтуусуна жол берүүгө, Кытайга эмне үчүн өзгөрүү зарыл жана өлкө болочокто туура өнүгүүсү үчүн Кытайда эмне кылуу керек экенин сүйлөшүүгө чакырган.

Ал эми бийликчил Global Times гезити баш макалада “Ай Вэйвэйге окшогон адамдарга тарых өз баасын берет, ага чейин алар өзү тандап алган жол үчүн айрым курмандык төлөп калышы ыктымал” деп эскертет.

АКШнын Кытайдагы элчилиги Ай “бардык Кытай жарандарынын укуктары жана фундаменталдык эркиндиктерине каршы” камакка алынганын билдирди.

Акыркы кезде Кытайда адам укугун коргоочулар, адвокаттар жана саясий активисттер улам абакка салынып жатканына Евробиримдиктин элчиси Маркус Эдерер көңүл бурду.

Ырасмий Бээжин "жасмин ыңкылабынан" коркот

17-февралда Интернетте Кытайда тынч “Жасмин ыңкылабына” чакырган үндөө басылган. Франкис айымдын сөзүнчө чакыруудан кийин эч кандай нааразылык чыгуулар болгон да эмес:

- Балким эл нааразылыкка чыгышы мүмкүндүр. Бирок полиция ашыкча көп болгондуктан эл ичтен нааразылык билдирип чектелип жатат. Ондогон адам "Твиттерде" же өз блогунда “Жасмин ыңкылабы” тууралуу жазганы үчүн камакка алынды же убактынча кармалууда.

Эл аралык "Мунапыс" жана жана "Хьюман Райтс Уоч" уюмдарынын маалымдашынча, Интернеттеги үндөөдөн бери 25ке чукул адвокат, активист жана блоггер полицияга сурак берген, камакка алынган же “табышмактуу жагдайда кайып болгон”. 100-200дөй адам үй камагына алынган. Интернетти цензуралоо менен чет элдик кабарчыларды чектөө күчөтүлүп, бир нече гезиттин редактору кызматтан кетирилген.

Ай Вэйвэйдин ушу тапта Лондондун Tate Modern галлереясында өтүп жаткан жеке көргөзмөсү көрөрмандардын чоң кызыгуусун туудурууда. Көргөзмөгө коюлган “Күнкарманын даны” деген композиция күнкараманын 100 миллион фарфор данынан жасалган. Айдын Англиядагы кызыкчылыгын коргогон Lisson галлереясы сүрөткердин коопсуздугуна тынчсызданганын билдирди.

Маданий элчи кантип душманга айланды?

Таанымал кылкалем бийликти ачык сындаганга чейин коммунисттик Кытайдын тыш дүйнөдөгү “Маданий элчиси” болуп жүргөн. Бирок Ай 2008-жылы майда Сычуан провинциясындагы зилзалада көптөгөн мектеп окуучуларын өкмөт сейсмикалык талапка ылайык деген имараттардын басып калганын ачык сындагандан кийин аны куугунктоо башталган. Жер тербетүү 68 миң адамдын өмүрүн жуткан эле.

Сүрөткер 2009-жылы Сычуанга барганда полициянын тепкисинде калып, ага Мюнхенде операция жасатылган. Былтыр мартта Ай өлкөдөн чыгып кетерин жарыя кылгандан кийин бийлик сүрөткердин көргөзмөлөрүнө тыйуу салып, Шанхайда жаңы курулган студиясын сүздүрүп салган.

Сүрөтчүнүн досу жана адвокаты Пу Жиченгдин пикиринче, Ай Вэйвэйди камакка отургузуу- жаш муун арасында популярдуу инсанды элден четтетүүгө багытталышы ыктымал:

- Ай Вэйвэйди абакта кармоо эң алды бийликтин коркконун күбөлөйт. Бийлик коомду же эркин адамдарды кантип башкарууну билбейт. Бийлик өзүн урматтаган адамдарды тепсеп, өз бутун кыскартып жатканын түшүнбөйт.

Укук коргоочулар Кытай бийлигине болгон көз карашын жашырбаган жана Батышта белгилүү Ай Вэйвэйди камакка алууну ырасмий Бээжиндин өлкөдө Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагыдай өкмөткө каршы чыгууларды алдын алуу аракети деп баалашууда.

Серепчилер Кытайдагы бийлик сынчыларына каршы жарыктын күчөшүн өкмөттүн экономикалык өсүүнү 7 проценттик деңгээлге түшүрүү жөнүндө мартта кабыл алган чечими менен байланыштуу деп түшүндүрүшөт. Анткени ички дүң жыйымды кыскартуу жумушсуздуктун өсүшү жана социалдык нааразылыктар менен коштолушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG