Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Үрүмчүдө «Китепти кадырлоо күнү» өттү


Чыңгыз Айтматов кытайлык кыргыз студенттер менен. 1989-жыл. Бээжин. (Сүрөт кытайлык кыргыз жазуучу Турсун Жумаалынын албомунан алынды. Аманат сүрөт).
Чыңгыз Айтматов кытайлык кыргыз студенттер менен. 1989-жыл. Бээжин. (Сүрөт кытайлык кыргыз жазуучу Турсун Жумаалынын албомунан алынды. Аманат сүрөт).
10-июнда Үрүмчү шаарындагы кыргыздар китепти кадырлоо күнүн белгилешти. Шинжаң педагогика университетинде өткөн бул чогулушка үрүмчүлүк кыргыз окумуштуулар, басма сөз өкүлдөрү жана студенттер болуп жетимишке жуук адам катышты.

Мамбеттурду Мамбетакун
Мамбеттурду Мамбетакун
«Сен китепти ачсаң, китеп да сени ачат» деген залкар сүрөткер, көркөм сөздүн аалымы Чыңгыз Айтматовтун каза болгон күнүнө багышталган чогулуштун чоо- жайы жөнүндө Шинжаң педогогика университетинин адабият институтунун профессору, окумуштуу Мамбеттурду Мамбетакун буларды айтты:

- Былтыр Үрүмчүдө түрдүү багыттар бойунча окуп жаткан кыргыз жигит-кыздары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аалам менен кош айткан күнүн утурлап, биринчи жолу китеп күнүн тосушкан экен. Быйыл дагы ошол жөрөлгөнү улап кетүү жөнүндө Шинжаң педагогика университетинде окуган балдар мага сунуш айтышты. Кытай кыргыз элине бүгүн эң жетпей жаткан нерсе - китеп. Китепсиз күн өткөрүүгө көнүп бара жаткан элибиздин абалы, айрыкча жаштардын ички жардылыгы терең ойлонуу чегине жетип калды. Ошого бул сунушка кылчактабай макул болдум да, университетте аны орундаштурууга сунуш киргиздим.

Шинжаң педагогикалык университетиндеги жыйын
Шинжаң педагогикалык университетиндеги жыйын

Чогулушта Айтматов жана китеп темасында кеңири сөз болду, ошондой эле катышуучулар бир-бирине китеп соога кылышты. Мындай жөрөлгө келерки жылдан баштап Кытайдагы бардык эле кыргыздар жашаган аймактарга жайылтуунун мүмкүнчүлүктөрү каралмакчы болду.



Былтыр ушул күнү Үрүмчү шаарында окуп жана иштеп жаткан он чакты кыргыз жаштары чогулуп, «Китепти кадырлоо күнүн» биринчи жолу белгилешкен эле.


Бектур Илияс
Үрүмчү


P.S. Автордун жазуу стили сакталды






XS
SM
MD
LG