Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Жуңго кыргыздарынын тил-жазуу мектебине 30 жыл


Кытайлык кыргыздардын жетекчилери менен окумуштууларынан 80ге жуук киши Үрүмчү шаарында "Тил жана котормо" журналынын 30 жылдыгын куттуктоого жана окумуштуу Кален Асанакундун эмгектери боюнча талкуу жыйынын өткөрүүгө чогулушту.

"Тил жана котормо" журналы Үрүмчүдөн жарык көрүүчү кыргыз тилдүү эки журналдын бири. Алгачкы саны 1982-жылы жарык көргөн. Андан бери тил илимине жана котормочулукка байланыштуу бир жарым миңден ашуун макаланы окурмандар менен жүз көрүштүрдү. Анын 30 жылдан берки жетишкен ийгиликтери жөнүндө журналдын негизги жооптуу редактору Кармыштегин Макелек Өмүрбай сыймыктануу менен белгиледи:

Кыргыз тилинин байлыгы жылдан жылга кокту-кобурдан "Тил жана котормо" журналына чогулду.
Макелек Өмүрбай

- Кыргыз тилинин байлыгы жылдан жылга кокту-кобурдан ушул "Тил жана котормо" журналына чогулду. "Манас тили" деген айдарча ачып, ага "Манас" эпосунун ичиндеги гана эмес, башка да элдик адабияттагы, эл оозундагы сөздөрдүн корун чогултууга аракет жасадык. Ар бир сөздө элдин маданияты бар. Демек биз ошол маданиятты чогултууга жетиштик. Бул ушуну менен токтобойт, дагы уланат. Келечекте журналыбызды кыргыз тил байлыгынын кампасына айландырсак деген максат бар.

21-декабрда өткөн жыйында "Тил жана котормо" журналынын алгачкы редакторлорунун бири, анын жааматында 20 жыл кызмат кылып, ардактуу эс алууга чыккан Турдубүбү Абдылда бир кездеги жапалуу эмгектердин арты бүгүн майрамга айланып отурганын зор толкундануу менен тилге алды:

- "Тил жана котормо" журналы жуңго (кытай) кыргыздарынын алгачкы тил-жазуу мектеби болгон десем жаңылышпайм. Алгач жарык көрө баштаган кездерде өтө көп түйшөлдүк. Күндүз ишканадан иштеп, бүтпөгөнүн үйгө ала кетип, түнкүсүн үйдөн иштеп дегендей, жапаны-жапаа көрбөй жан-дилибиз менен эмгек кылганбыз. Кезеги келгенде белгилей кетүү керек, өз учурунда Кыргызстандын материалдарынан да көп пайдаландык, үлгү алдык. Ал кездеги түйшүктөрдүн бардыгы акталганын бүгүнкү жыйынга катышкан илимпоздордун сөздөрүнөн, бизге берген бааларынан улам сезип, сүйүнүп турам.

Аталган журналдын мааракесине улай эле санжырачы, окумуштуу Кален Асанакундун чыгармачылыгы боюнча талкуу жыйыны ачылды.
"Тил жана котормо" журналы жуңго (кытай) кыргыздарынын алгачкы тил-жазуу мектеби болгон десем жаңылышпайм.
Турдубүбү Абдылда

Окумуштуу Кален Асанакун уулу 1937-жылы Ак-чий ооданына караштуу Кара-чий айылынын Тегерек деген кыштагында төрөлгөн. Атасы Асанакун Жанболот көп жер көргөн, көп эл көргөн, көп жакшыларды жандаган, куйма кулак санжырачы, манасчы, жомокчу адам болгон. Атанын бул касиети уулу Календин келечегине зор таасирин тийгизген.

"Мен атамдын 34 жашында көргөн уулумун. Кичигимден баштап ал кишинин укмуштуу жомокторун, "Манасын" угуп чоңойдум. Жомоктун коркунучтуу жерлерине келгенде коркконумдан айран куйган челекке жашынып, же атамдын тонун чүмкөнүп алчумун" - деп эскерет Кален Асанакун аксакал.

Жыйында окумуштууга белектер сунулуп, каалоолор айтылды. Анын чыгармачылыгы, элдик маданий мурасты чогултуп, иреттөөдөгү эмгектери жогору бааланды. Ал эми эки жакшылыктын катар өтүп жатканыдыгынын себебин профессор Макелек Өмүрбай мындайча түшүндүрдү:

- Кален Асанакундун чыгармалары саны жана көлөмү боюнча "Тил жана котормонун" башка баардык авторлорунун алдында турат. Бул бир жагы. Экинчиден, бул киши кыргыздын маданиятын көпчүлүккө тааныткан. Мурда кагазга түшпөгөн, элге кеңири тарабаган, башкаларга таанылбаган маданиятты ачып берди. Ал өзү куйма кулак киши. Элден көргөн, укканын бүт жыйнап бизге берди. Биздин журналдын кадырын көтөрдү. Демек биз да ал кишини кадырлоого акылуубуз.

"Шинжаң эл басмасынын" Кыргыз бөлүмүнүн жооптуу редактору Мамбеткары Абдыкерим уулу окумуштуунун сыясы кургай элек "Кыргыз элинин маданият салттары " аттуу жаңы китебин жыйындын катышуучуларына тааныштырды.


Бектур Илияс уулу
Үрүмчү шаары,
2012-жылдын этеги


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.

XS
SM
MD
LG