Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Кыргыздын Остап Бендерлерине эстелик керек


Остап Бендердин Элиста шаарындагы айкели.
Остап Бендердин Элиста шаарындагы айкели.

Вашингтондогу айтылуу Смитсониан музейинин каадага сыйбас бир залы бар. Ал залдын экспозициялары, жөнөкөйлөштүрүп айтканда, бал тилдүү алдамчы-кесептерге, аферисттерге, финансылык авантюристтерге арналган.

Калыстык үчүн музей жетекчилигине алкыш айтканга аргасыз болосуң. Себеби, алдагы адамдарсыз АКШнын тарыхы толук болмок эмес. Мына ошондой кесеп-аферисттердин бири Виктор Люстиг (1890-1947) Париждеги дүйнөгө таанымал Эйфел мунарасын бир жолу сатып, экинчи жолу сатканы жатканда “бети ачылат”. Ал чыгаан гангстер Аль Капонени (1899-1947) Улуу депрессия учурунда бир чай кайнамда 5 миң долларга алдаганга чейин барган. Виктор Люстиг сыяктуу чаар ичегилер Кыргызстанда жок дейсизби? Албетте, бар. Болгондо да өлкө жетекчилеринин деңгээлине жеткендери бар.

Мисалы, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов тапкычтыгы жагынан америкалык башка бир “гений-кесеп” Фердинанд Уолдо Демарадан (1921-1982) өтсө өтөт, бирок кем калышпайт. Фердинанд Демара да өзүн өзү жалган өлтүрүп, Роберт Линтон Френч деген ат менен "кайыптан" жаралат. Аны менен токтобой "университетти бүттү" деген диплом сатып алып, католик коллежинде (университет) психологиядан сабак да берет. Даниил Тимурович Урицкий да “Данияр Үсөнов 2013-жылы Малайзияда өлгөн деп уккам” деп айтып жатпайбы!?

Ырас, орто билими да жок Демара алдоо жагынан таң каларлыктай жөндөмдүү болгону менен бизнес тармагында Үсөнов-Урицкийдин даңканына да тең келе албайт. Анткени Демара акчага көп анча маани берген эмес. Аны ириде коомдук макам кызыктырган.

Эгер Үсөновдун бизнес-стратегиясы ишке ашса, Беларус үч жылдан кийин мурдагы советтик мейиндикте атаандашы жок биотехнологиялык ишканага ээ болот.

Расмий маалымдалганга караганда, 160 гектар жерди ээлеген береги биохимиялык өндүрүш кеминде 1000 кишини жумуш менен камсыз кылат. Жаңы корпорация казынага жыл сайын 100 миллион доллар таза киреше берип, сегиз жылда курулушка кеткен чыгымды актайт имиш. Мындайда Үсөнов-Урицкийдин жана анын пири Александр Лукашенконун душмандарына “ичиңер ачышса туз жалагыла” дегенден башка эмне айтабыз?

Ал эми мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев амалкөйлүгү жагынан ооматы келип турганда жумасына 300 миң доллар чөнтөгүнө түшүп турган Аль Капонени алдаган Виктор Люстигге окшоп кетет. Бирок да Шадиевди богемиялык В. Люстигден өзгөчөлөгөн бир катар маанилүү жагдайлар бар. Эгер А. Атамбаев президенттиктен кетип, ордуна Сооронбай Жээнбеков келбесе жана балакет басып Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын акчасы 30 000 долларды уурдоого жарнакташ болгону ашкере болуп калбаса, Шадиев мурдагыдай эле төрт тарабы кыбыла болуп жүрө бермек. Ал тургай элдин көзүнө чөп салып жүрүп премьер-министр же спикер болуп калышы мүмкүн эле. Анткени, эл арасында айтылып жүргөн кеп-сөздөргө ишенсек, Аскарбек Шадиев мамлекеттик кызматтагы карьерасын такай президенттер менен премьерлердин “көңүлүн табуу” аркылуу жасаган.

Ошентсе да 2000-жылы Жогорку Кеңешке оболу депутат болгондо, дасыккан саясатчы Турдакун Усубалиев жана президент А. Акаевдин бир тууган агасы Асанкул Акаевге катар альтернативасыз негизде шайланган. Ошондо Аскарбек мырза 31 жаштагы капчыктуу ишкер экенин эске алсак, ал үкүнүн уясы кайда экенин караңгыда жаңылбай таба билген саналуу жигиттердин тобуна киргенин көрөбүз.

Дагы эле эл ичинде айтылганга караганда, 2012-жылдан тартып Шадиев мүлк-дүйнөсүн А. Атамбаевдин мурдакы шопуру Икрамжан Илмиянов менен эриш-аркак болуп жүрүп жана кызматынан пайдаланып көбөйткөн. Анын биз билген жалпы дүнүйөсү 1, 2 миллиард долларга бааланып жатат. (Караңыз: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_crime_shadiev/29336154.html). Бул Кыргызстандын бюджетинин теңине жакын сумма.

Данияр Үсөнов жана Аскарбек Шадиев бүгүн өлкөдө жок. (Алар мыйзамсыз иштерге аралашпаса, качып кетпей, өздөрүн сот алдында коргогонго бардык мүмкүнчүлүктөрү бар эле). Бирок алар бизнесте колдонгон “кара схемалар” бүгүн деле жашоодо. Ошондуктан мунун баарын эл билиши үчүн Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде Үсөнов-Урицкий менен Аскарбек Шадиевге жана башка ушулардын деңгээлиндеги кесептерге арналган туруктуу көргөзмө ачуу зарыл.

Бул көргөзмөдө бизнесте ийгиликке кандай жетишкенин, чоң пайданын артынан кууп, кандай мыйзамсыз схемаларды колдонушканын толук көргөзүш керек. Өлкө өз баатырларына катар, казынага суук колун салган даражалуу ууру-кескилерин да билиши абзел. Ансыз өлкө тарыхы бөксө болот.

Ал эми кыргыздын Остап Бендердей шылуундарынын көркөм образдарын түзүү - жазуучулар менен кинорежиссёрлордун, сүрөтчүлөр менен скульпторлордун милдети.

Баса, Илья Ильф менен Евгений Петровдун калеминен жаралган адабий каарман Остап Бендерге бир эмес, жыйырмадай шаарда эстелик тургузулган. Эмнеге биздин чыныгы шылуундарга андай эстелик тургузса болбосун?!

Соңку сөз ордуна. Эгер Москвадан төбөлсүздүк жылдары Кыргызстанда өз ишин ачык-айкын (транспаренттүү) жүргүзгөн башкаруу системасы түзүлсө, президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев Конституцияны улам өздөрүнө ылайыктап быча бербей, мыйзамга гана таянып иш жүргүзүшсө, Данияр Үсөнов, Аскербек Шадиев жана башка мурдагы мартабалуу аткаминерлер, ошондой эле Акаев менен Бакиев бүгүн бозгун болуп жүрөт беле? Үсөнов-Урицкий 700 миллион долларлык кытай насыясын Кыргызстанга алып келбейт беле? ...беле? ...беле? ...беле?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG