Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:57

ЖККУну кооптондурган Ооганстан коркунучу 


ЖККУнун Бишкектеги бейформал жыйынына Тажикстандын, Беларустун, Армениянын, Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары катышты.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги жыйынында Ооганстандагы террордук коркунучтун Борбор Азия чөлкөмүнө таасири талкууланды.

Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары жамааттык коопсуздуктун чек араларын бекемдөө жана жаңы чакырыктар менен коркунучтарды алдын алуу чаралары боюнча пикир алмашты. Мындан сырткары жамааттык коопсуздук келишими уюмунун натыйжалуу иш алып баруусун арттыруу багытында сөз болуп, анын баш катчысы алмашты.

Коопсуздук чаралары

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкекте болуп өткөн бейформал жыйынында чөлкөмдөгү жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү чаралары талкууланды. Бул жыйын жабык өткөнүнө байланыштуу бейформал жыйындын күн тартиби боюнча кандай конкреттүү маселелер каралганы журналисттерге белгисиз болду.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов учурдагы жаңы чакырыктар жана коркунучтарга каршы биргеликте кызматташууну күчөтүү маселеси талкууланганын айтты:

- Бул бейформал жыйында уюмду андан ары өнүктүрүү жана аймактык коопсуздукту чыңдоо маселеси каралды. Бул багытта биргеликте иш алып барууну арттыруу үчүн кызматташууну күчөтүү чаралары каралды. Ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин аймагындагы террордук коркунучтарды алдын алуу жана эл аралык террордук уюмдардын таасирине жол бербөө маселеси талкууланды.

Ошол эле учурда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бул жолку жыйынында учурдагы эл аралык абал жана террордук коркунучтарды алдын алуу маселеси талкууланганы белгилүү болду. Ошондой эле бул уюмдун жоопкерчилик тилкесинде террордук жана экстремисттик уюмдардын жайылышын көзөмөлдөө маселеси көтөрүлгөн.

Терроризм сөз менен жеңилбейт

"Ислам мамлекети" сыяктуу террордук уюмдарга азгырылган же башка экстремисттик топторго кошулуп кеткендерге каршы кандай иш-чаралар жүрүшү зарыл? Дегеле Кыргызстандын жана жарандардын коопсуздугун коргоо, терроризмге каршы туруу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?

Айрыкча Борбор Азия чөлкөмүндө жана Орусияда жарандарды эл аралык террордук уюмдарга азгырууга жол бербөө үчүн көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы коюлду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Артур Медетбеков соңку мезгилдеги жанкечтилердин жардыруулары тууралуу мындай дейт:

- Соңку жарым жылда Кыргызстандын жарандары же мурда жашап кеткен адамдар террордук уюмдарга байланышып, ал аркылуу жанкечтиликке барып, жардыруу жасаган учурлары болбодубу. Жакында Санкт-Петербургда, Түркияда болгон жардырууларда ошондой адамдардын аралашып калганы кооптуу белги. Анан эми жанкечтилер же болбосо террорчулар жеке эле Кыргызстандан же Борбор Азиядан эмес, Орусиянын өзүнөн дагы чыгып жатпайбы. Азыркы учурда согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактардагы ДАИШ, "Аль-Нусра" сыяктуу уюмдарда Орусиянын алты миңге чукул жарандары жүргөнү боюнча дагы маалыматтар бар. Коңшу өлкөлөрдүн жарандарынын саны дагы бир топ экени белгилүү болгон.

Ойго салган Ооганстан

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун жыйынында негизги террордук коркунучтун очогу катары Ооганстан аталып, ал жактан Борбор Азия чөлкөмүнө таралып жаткан радикалдык аракеттердин жолун бөгөө чаралары талкууланганы белгилүү болду. Жыйында жамааттык коопсуздук уюмунун баш катчылыгына Армениянын Генералдык штабынын башчысы Юрий Хачатуров тандалды.

Юрий Хачатуров.
Юрий Хачатуров.

Уюмду 14 жыл бою үзгүлтүксүз жетектеген Николай Бордюжа жаңы жылдын башында кызматынан кеткен болчу. Жамааттык коопсуздук уюмунун баш катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков соңку мезгилдеги Ооганстандагы террордук коркунучтар талкууланганына токтолду:

- Ооганстан боюнча өтө көп талкуу болду. Андагы чакырыктардын жана коркунучтардын бүгүнкү күндө Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасири тууралуу бир топ маселе козголду. Буга чейин Ереванда өткөн жыйында коюлган тапшырмаларды тактап, биздин мындан аркы иштерди натыйжалуу алып баруу боюнча кошумча көрсөтмөлөр берилди.

Терроризмдин каржы булагы

Кыргызстандын каржылык чалгындоо кызматы өткөн жылы терроризмдин каржылоо булактарын аныктоо боюнча он беш материал чогултулганын отчетунда жарыялаган. Мына ошол шектүү каржылык операцияларга катышы бар 714 адамдын иши атайын кызматка өткөрүлүп берилген. Терроризмге каршы күрөшүү борборунун сунушу менен каржылык чалгын кызматы Кыргызстанда үч миңге чукул адамдын каржылык операцияларын текшергени белгилүү болду. Ардагер чекист Артур Медетбеков терроризмге каршы күрөш алсыз болуп жатканын айтып, жаңы коркунучтар жаңыча усулдарды талап кылып жатканын белгиледи:

- Терроризмге каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгууда алсыздык болуп жатат. Чечкиндүүлүк менен иш алып барып, алардын очокторун аныктап, каржылоо булактарын таап чыгып, тамырын кыркуу ишинде көзгө көрүнөрлүк иш-аракеттер байкалбайт. Ошонун натыйжасында аларга азгырылган жаштарыбыздын саны көбөйүп жатканы кооптуу. Анан эми терроризмге каршы жылмаланган "компанейшинаны" токтотуу керек. Бир эле ЖККУ эмес, бүткүл дүйнө жүзүндө азыр терроризмге каршы күрөштүн деңгээли төмөн десек болот. Кээ бир мамлекеттер бир колу менен каршы күрөшүп, экинчиси менен ага көмөк көрсөткөн учурлардын кесепети тийип жатат.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Бишкектеги бейформал жыйынына Тажикстандын, Беларустун, Армениянын, Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары катышты. Быйыл бул аскердик уюмга Беларус төрагалык кылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG