Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Борборго Бишкектин эстелиги орнотулат


Бишкек баатырдын айкелинин долбоору.

Жакында Кыргызстандын борборунда Бишкек баатырдын айкели тургузулмакчы. Бул маселеге карата коомчулуктун пикирлери ар кыл болуп турат.

Бишкектин борбордук бөлүгүнө – Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине Бишкек баатырдын бийиктиги үч метр болгон эстелигинин курулушу башталды. Анын айкелин тургузуу - бир канча жылдан бери карама-каршы пикир жаратып келген.

Баш калаада Бишкек баатырдын айкелин коюу боюнча иштер 2020-жылы июндун этегинде башталган. Бишкек мэриясы билдиргендей, айкелдин салтанаттуу ачылышы 31-августка - Кыргызстандын мамлекеттик эгемендик күнүнө пландалып жатат.

«Мэрия айкелге атайын каражат бөлгөн эмес. «Бишкек баатыр» коомдук бирикмеси марафон өткөрүп, айкелди орнотуш үчүн акча чогулткан. Алар Бишкек мэриясынан жер берүүнү суранган. Керектүү иш-чаралар жүргүзүлүп, атайын жер тандалган. Айкелдин курулушуна биздин салымыбыз - «Бишкек башкы архитектура» айкелчилер арасында сынакты уюштурганы болду. Азыр биздин шаарыбыздын «Бишкек асфальт сервис» ишканасынын кызматкерлери аны орнотуунун үстүндө иштеп жатат.

Негизи эле акыркы эки жылда Бишкек мэриясы бир да айкелге акча бөлгөн эмес. Биз азыр шаарды жашылдандырууга, сейил бактарды курууга көңүл буруп жатабыз», - деди Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова.

Айкелдин көрүнүшү чоң айлампага окшош, ал макет боюнча Бишкектин картасы түшүрүлгөн калкандай көрүнүш болуп, анын жанында Бишкек баатырдын үч метрлик айкели тургузулат.

Монументтин автору - скульптор Адил Сейталиев. Анын айкелдик долбоору 2019-жылы «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы уюштурган конкурста жеңүүчү деп табылган.

Бишкек баатырдын айкели.
Бишкек баатырдын айкели.

Бишкек баатырдын эстелигин орнотуунун жалпы баасы - 8 млн. сом. Бул каражатты «Бишкек баатыр» коомдук бирикмеси марафон аркылуу чогулткан.

«Каражатты эл чогултту. 2012-жылы марафон өткөргөнбүз. Ошондо Бишкекти түптөгөн баатырдын айкелин орнотуу боюнча демилге көтөрүлгөн. Чүй, Нарын, Ысык-Көл, бүт эле республика аймактарынан чогултушту. Ардагерлер пенсиясын берип жатышты. Бишкектин урпактары чогултту. Башында 6 миллион сом чогулган болчу. Акырындык менен чогулуп отуруп, каражат 8 миллион сомго жетти. Биз ошол акчаны айкелди орнотуш үчүн короттук», - деди «Бишкек баатыр» коомдук бирикмесинин төрайымы Жамиля Алымбекова.

Борбор шаарда Бишкек баатырдын эстелигин куруу бир канча жылдан бери коомдо карама-каршы пикир жаратып келет. Баатырдын чыныгы турмушта жашап өткөндүгүнөн күмөн санагандар да бар.

Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев Бишкек баатырдын өздүгү так аныкталмайынча, коомдо ача пикир жарала берерин айтты:

Ташманбет Кененсариев.
Ташманбет Кененсариев.

«Бишкек баатыр ким болгону жөнүндө материалдар бар. Бирок аны талашып жаткандар көп. Бишкек солто, Бишкек саруу болгон деп айткандар бар. Бири Бишкек баатыр десе, бири дыйкан болгон дейт. «Бишкектин түз урпагы болом» деп айтып чыгып жатышат. Ача пикир болбошу үчүн чоң илимий жыйын өткөрүп, изилдеп чыгыш керек. Азыр анын эстелигин коюуга эрте. Бишкек баатыр жөнүндө бир да конференция болгон жок. "Бишкек баатыр" деген китеп чыкты, макалалар жарык көрдү. Бирок коомдо дагы эле ача пикир жаралып, талашып жатышат. Андыктан анын инсан катары өздүгүн тактап, анан эстелигин коюу туура болот. Азыр анын эстелигин коюп алып, сынга кабылуунун кереги жок».

Кыргыздын оозеки чыгармаларында Бишкек баатыр тууралуу уламыштар айтылып келет. Анда көчмөн кыргыз мал менен жүргөндө Бишкек эгин эгип, дыйканчылык кылып, устакана ачып, там салып, коңшу элдер менен соода-сатык иштерди жүргүзгөнү айтылат. Бирок ошол эле учурда эл арасында «Бишкек» деген сөздүн этимологиясына кызыккандар да бир топ.

Тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов Бишкектин баатыр катары тек-жайы тастыкталганын айтып, буларга токтолду:

Кыяз Молдокасымов.
Кыяз Молдокасымов.

«Шаарыбыздын атын өзгөртүү мезгилинде бир топ изилдөөлөр жүргөн. Ошондо эле талаш-тартыш жүрүп, бир топ илимий жана коомдук жыйындар өткөн. Анда борбор шаарды «Ала-Тоо же Манас же Пишпек дейбизби» деген талаш-тартыш чыкканда, биз тарыхчылар өзүбүздүн сунушубуз менен чыкканбыз.

Мына ошондо Бишкек баатыр болгондугун, ал инсан тууралуу санжыралык маалыматтар көп кездешерин, айрым бир жазма булактарда Бишкек баатыр тууралуу маалыматтар жазылгандыгын жүйөлүү маалымат катары айтып чыкканбыз.

1876-жылы «Туркестанские ведомости» басылмасына Николай Пантусов деген чыгыш таануучу, археолог Бишкек баатырдын күмбөзү турган жердин айланасына шаар пайда болгонун, Бишкек баатыр солто уруусунан чыкканын жазган. Андан сырткары Бишкек баатырдын бейнеси жана доору тууралуу бир канча илимий конференциялар өттү. Анын айкелин куруу - бул жалпы элдин каалоосу».

Анын пикирин «Кыргыз тарых коому» коомдук бирикмесинин башка да мүчөлөрү колдошот.

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, баш калаанын өзүндө эле аттуу-баштуу деп айтылып келген 122 адамдын, анын ичинде таанымал тарыхый инсандардын айкелдери бар.

Кыргызстанда тирүү туруп өзүнө айкел жасап алгандар да кездешет.

Бирок Бишкек баатырдын болочок айкели эгемендиктин символунун бири катары аздектелиши керек, бул тарыхый аталышты калыбына келтирүү аркылуу Кыргызстанда советтик доордо үстөмдүк кылган коммунисттик идеологиянын урашы да тездеген деген замандаштар да арбын.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (22)

XS
SM
MD
LG