Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:25

Александр Моррисон: Борбордук Азиядагы айкелдердин тарыхый сабагы


Бамиянда талиптер талкалаган Будданын айкелинин ордунда акмалаган талип өкүлү. 26.3.2001.
Бамиянда талиптер талкалаган Будданын айкелинин ордунда акмалаган талип өкүлү. 26.3.2001.

Чыгыш таануучу, түрколог, саясат таануучу Александр Моррисондун “Эстеликтер жана алардын маңызы: Борбордук Азиянын сабактары” деп аталган англисче макаласынын Т.Чоротегин даярдаган кыргызча котормосун жана чакан тактоону сунуш кылабыз.

I. Эстеликтер жана алардын маңызы: Борбордук Азиянын сабактары

(Statues and their meanings: lessons from Central Asia, by Alexander Morrison, New College)

Айкелдерди кулатуу көрүнүштөрү англис тилдүү дүйнөнү өзүнчө эле титиретти окшойт. Бул окуя аларга XXI кылымдын жаңылыгындай эле сезиди. Мунун тескерисинче, мурдагы падышалык Орусия менен Советтер Биримдигинде бул өтө таанымал нерсе: мында XX кылымдын башынан тартып эле айкел кулатуунун жок дегенде үч жолку толкуну болгон.

Болшевиктер –– ыйык делген белгилерди ойрон кылган саясий күч эле; алар падышалык өтмүштөгү символика кыртышын системалуу түрдө тазалап келишкен: режиссёр Эйзенштейндин “Өктөбүр” (1928) тармасынын өзгөчө эсте калчу эпизоддорунун бири падыша Александр Экинчинин айкелин кулатып жаткан котологон калайыкты өзүнө камтыйт. Никита Хрущёвдун тушундагы сталинсиздештирүү жүрүмү “жеке керт башка сыйынууга” каршы күрөштү эске салгандарды –– Сталиндин өзүнүн мумияланган сөөгүн, көптөгөн айкелдерин жана кайра таразаланып, редакцияланган тасмаларды –– ушундай эле жолойдо жок кылуу менен коштолгон. 1991-жылдан кийин дагы көптөгөн айкелдер тепсендиге калган, анын ичинде чекисттер уюмун негиздеген Феликс Дзержинскийдин мурда Маскөөнүн Лубянкасында, ЧКнын мураскору болгон КГБнын баш кеңсесинин маңдайында орнотулган айкели да кулатылган болчу.

Бирок Дзержинскийдин айкелин кулатуу мекемелик аталыштагы шарттуу кыскартууну алмаштыргандан башка өзгөрүү деле алып келген жок: КГБ эми ФСБ деп аталды, бирок дагы эле ал Лубянкада жайгашкан бойдон калды; ал эми өзүн чекистмин деп тааныган Владимир Путиндин бийлиги маалында бул уюмдун бүткүл Орусиянын үстүнөн жүргөн өкүмү ого бетер чыңдалып келди. Дзержинскийдин эстелиги 1991-жылы августта майнапсыз аяктаган козголоң аракетинен кийин чаржайыт алынып салынган анча-мынча советтик эстеликтердин бири болчу. Мындан кийин алынып ташталгандардын көпчүлүгүн кулатуу Ельциндин режиминин мыйзамды калыбына келтирүү долбоорунун бөлүгү катары аткарылган. Советтик айкелдерди кулатууга карата табит 1990-жылдардын акырына карата басаңдай берди да, советтик режимдин көптөгөн курмандыктарын эскерүүгө же репрессиялар тууралуу архивдерди толук ачууга карата жасалган ар кандай тийешелүү чакырыктарга эч качан шайкеш келбеди.

Ал түгүл азыркы тапта да Орусияда сталиндик доордо орун алган ГУЛагга же мамлекеттик бийлик өзү уюштурган ачарчылыкка байланыштуу эскерүү жайларынын анча-мынча санын колдун манжасы менен гана санап берүүгө болот. Алардын дээрлик бардыгы орусиялык мамлекетик бийлик тарабынан эмес, атуулдук коомдук уюмдар тарабынан жүзөгө ашырылган. Бул айкелдерди кулатып салуу, –– маселен, Дзержинскийдин эстелиги сакталып (балким, андан дурусураагы –– бетин төмөн каратып жаткырылып) кала берип, бирок жанында эле анын курмандыктарынын айкелин орнотуп койгонго караганда, –– акырындап тарыхый эс-тутумдун начардашынын ыңгайлуу жүрүмүнө шарт жаратты деген да жүйөөлүү ойлор жок эмес. Албетте, Украинада орун алган символдук маанидеги советсиздештирүүнүн алда канча кылдат жүрүмү жиктегич мааниде болду да, өлкөнүн көйгөйлөрүн чечүүдө эч кандай майнаптуу ишке жарабады.

Борбордук Азияда падышалык Орусиянын же Советтердин тушунда тургузулган эстеликтер мүшкүлдүү идеологиялык өтмүштүн гана эмес, көп кишилердин баамында, оторчулук доордун да эскермеси болуп саналышат. Падышалык доор Борбордук Азияны орусиялык каратып алуулардын өзөккү учурларын, маселен, 1864-жылдагы Ыкандын жанындагы салгылашуу, 1865-жылдагы Ташкендин алынышы жана 1881-жылдагы Гөк-Тепедеги түркмөндөрдүн кыргынга учурашы сыяктуу окуяларды чагылдырган айкелдердин тургузулушуна күбө болгон эле. Булардын бардыгы 1917-жылдан кийин болшевиктер тарабынан ойрон кылынган.

Арийне, өзгөчө символдуу жай –– Ташкен шаарынын орустар байырлаган бөлүгүндөгү борбордук аянт болду: мында 1865-жылы шаарды каратып алуу маалында набыт болгон жоокерлерге жана Түркстандын алгачкы генерал-губернатору Константин Петрович фон Кауфманга арналган эстелик 30 жылдык күрөштүн натыйжасында 1913-жылы тургузулган, бирок алты жыл өтүп-өтпөй кулатылган болчу. Бир нече жолу убактылуу курулуштар тургузулуп келген соң, 1940-жылдардын этегинде Сталиндин айкели тургузулган, бирок ал 1961-жылы кайра алынып салынган. Андан соң анын ордуна 1968-жылы Карл Маркстын айкели туруп калган. Бул айкел болсо азыркы тапта, 1993-жылдан тартып, атчан Эмир Темирдин айкели менен алмаштырылды (эми бул аянт ушул өкүмдардын ысымын алып келет).

Мага азырынча маалым болгон нерсе: Борбордук Азияда падышалык доордон бери сакталып калган анча-мынча эстеликтер –– бул Өзбекстандын Зарафшан өрөөнүндөгү Жам деген кыштактын жанындагы тээ 1878-жылы холеранын айынан набыт болгон жоокерлердин айкели, ошондой эле, азыркы Алматы шаарына жакын жерде 1860-жылы падышалык аскерлер Кокон хандыгынын аскерлерин жеңилүүгө дуушарланткан Узун-Агач салгылашуусуна арналган эскерүү жайы болуп саналат.

Биринчи эстеликтин темасы бүдөмүк, а балким, аны тек гана көңүлгө алып отурушкан эмес; кийинки эстеликти 1921-жылы жарым-жартылай буздуруп салышкан; бирок, сыягы, бул эстелик Жети-Суудагы орус келгиндеринин өздүк таанымынын символу болуп калгансыды; ал эми 1950-жылдарга карата ушул эстеликти советтик көркөм тасмада Биринчи дүйнөлүк согуштан соң өз атажуртуна кайтып келген орус жана казак жоокерлери үчүн мекенге кайтуу белгиси катары чагылдырууга мүмкүн болуп калган. Жакында бул эстелик кылдаттык менен калыбына келтирилди.

Булардан тышкары изилдөөчү Николай Пржевальскийге арналган айкел Кыргызстандагы Каракол шаарында дагы эле козголбой сакталып келет. Пржевальский падышалык Орусиянын империячыл каратып алууларынын расачыл көз караштары ачык айгинеленген жактоочусу болгон; бирок ал советтик режим тарабынан анын география илимине кошкон салымдарынын аркасында “прогрессивдүү” деп таанылган жана мындан улам анын эстелиги өз жайынан козголбой кала берген. Бүгүн Пржевальскийдин ишмердигиндеги жаманаттыга калтырчу жактары көбүнесе унутта калтырылды да, анын (бир кыйла кооз) эстелиги үйлөнүү үлпөтү үчүн сүрөткө түшүү жайына жана жергиликтүү калайык сыймыктанган сейил мерчемине айланды.

Советтик эстеликтердин сакталуу жагдайы алда канча кеңири мүнөзгө ээ. Өзбекстан менен Казакстан бир кездери Ташкен, Алматы жана башка ири шаарлардын мейкиндиктерин кооздоп турчу Ленинге арналган эстеликтердин басымдуу көпчүлүгүн алып салышты; арийне, анчалык жеңил-желпи алына бербей турган ыйык белгилер, маселен, дубалдагы мозаика жана сөлөкөттөр, көп учурда сакталып кала беришет; эми болсо алар көркөм касиети үчүн жогору бааланууда.

Мен 2003-жылы Кожентке алгач келген чагымда, Лениндин эбегейсиз зор айкели Сыр-Дарыяны үстүнөн караган бийиктиктен шаарда мунара сымал дагы эле калкайып тураар эле. Эстелик шаардын совет доорундагы аталыштарынын бири –– Ленинабадды эске салып турчу. Эми ал Тажикстандын жаңы ыйык белгиси болгон инсандын –– Исмаил Саманинин айкелине орун берди; бирок Лениндин айкели дарыя жээгиндеги алда канча жупуну жайда дагы эле жайгашып кала берүүдө.

Бишкекте болсо айтылуу “Алай канышасы” атыккан жана кыргыз улутунун сыймыгына айланган Курманжан датканын жаңы айкели тээ бир кездери Михаил Фрунзенин жетекчилиги астында чөлкөмдү кайра каратып алуу үчүн жүргүзүлгөн салгылашуу маалында набыт болгон кызыл аскерлерге багышталган болшевиктик эстелик орнотулган парктын дал өзүндө турат. Ал эми Михаил Фрунзе –– европалык келгин (б.а. анын урпагы. -- Котормочу.) эле жана анын ысымын кийин Пишпек шаарына коюшкан болчу.

Борбордук Азиядагы совет доорундагы эстеликтер чаканыраак жана калайык азыраак саякат кылган жерлерде көбүрөөк аман сакталып калууда: сыягы, мен учураткан өзгөчө жанды ачыта турган эстелик –– бул Казакстандын түндүгүндөгү Тонкошуровка кыштагындагы Лениндин бетондон куюлган чакан бедизи болду го деп ойлойм. Бедиздин пайдубалындагы жазуу анын 1940-жылы жайында мурдагы “Фриден колхозунда” орнотулгандыгын айгинелеп турат. Бул аталыш Волга (Эдил) боюнан депортацияланган немистердин тургун жайы болгонуна ишаара кылып турат.

Жакын арада эле акталып коюлган жана 1990-жылдары курулган католик чиркөөсүнө ылайыксыз түрдө кол жаңсап тургандай сезилген бул айкел азаптуу жапа чегүү мезгилин жана жок болуп калган жамаатты эскерип турган кези: Тонкошуровкадагы немис тургандардын басымдуу көпчүлүгү соңку 20 жылдын ичинде чет өлкөгө журт которуп кетишкен. Бул бедиздин заманбап маанисинин тарыхый инсан катары Ленинге да, ал өкүлү болгон идеологияга да эми эч кандай тийешеси жок.

Жогорудан улам, айкелдер ар дайым эле өздөрү сыпаттап турганды кадырлап турат, же болбосо, бул айкелдерди жараткандар ушул эстеликтин көмөгү менен ниет кылган маани-маңызды кийинки доордогулар так ошондой сактап калат деп эсептөө чындыкка туура келбейт. Алматы шаарындагы (ортодокстордун) Ыйык Көтөрүлүү (Вознесенский) жамы чиркөөсүнүн жанындагы Улуу Панфиловдук аскердик эскерүү жайы (“Даңк” эскерүү жайы. -- Котормочу.) эч качан орун албаган окуяга –– Маскөөнү нацисттерден коргоп калуу маалында 28 панфиловчу гвардиячынын каармандарча каршылык көрсөтүүсүнүн окуясынын урматына арналып, брежневдик доордо тургузулган болчу. Бул –– сталиндик доордун эчак эле ышпалдасы чыккан уламышы болчу; бул эстелик 1976-жылы тургузулган чакта ошол курман болду деп эскерилгендердин айрымдарынын көзү дагы эле тирүү болчу; бул –– коло менен мармарга айландырылган жана атайылап жасалган тарыхый бурмалоо эле.

Бирок бул эстеликке алматылыктар ыйгарган маани эстеликтин ушундайча башатына байланышкан эмес жана андан улам кирдеп да калган жок. Бул эстелик бардык советтик жарандардын (жалаң гана орустардын эмес) нацисттерди жеңгендеги ойногон ролу үчүн азыркыга чейин улантылып келе жаткан жана адилеттүү сыймыктануусун чагылдырат. Бүткүл мурдагы Советтер Биримдигиндеги аскердик эскерүү жайларындагыдай эле, бул эстелик дагы турмуштагы башкы учурлар (баарынан мурда, үйлөнүү тойлору) тост көтөрүп тилек айтуунун жана үй-бүлөлүк фотосүрөттөрдүн коштоосунда белгиленип жүрчү куттуу жай.

Эгерде эстеликтерди кыйратуу унуткарууга жетелечү болсо, ошол эле учурда аларды өз жайында калтыруу аркылуу алардын тарыхый маанисин бир эле учурда сактаган жана күнү бүгүнкүгө чейин маани-маңыз берип турган ыкмалар да бар. Өзгөчө натыйжалуу өрнөктөрдүн бири башка бир отордук тургун жайда –– Түндүк Индиядагы Лакхнау ак сарай конушунда орун алган; бул жер 1857-жылкы көтөрүлүш маалында ири камалоого дуушарланган эле. Урандылардын, эскерүү жайларынын жана мүрзөлөрдүн абдан чоң комплекси британдыктар тарабынан ыйык жай катары кийинчерээк да корулуп келди, анткени алар мындан Британдык Индияны куруу маалындагы каармандык менен шейит кетүү символун да көрүшкөн.

Индия көз карандысыздыкка жетишкенден кийин да бул жай эч өзгөрүүсүз кала берип келди, бирок Индиянын өкмөтү набыт болгон индиялык көтөрүлүшчүлөрдү эскерүү максатында өзүнүн эскерүү жайын негиздеди да, бул жайда көмүлүп жана башка жактарда “козголоңчу” жарлыгына кабылгандар эми патриот катары каралаарын баса белгиледи.

Ал эми борбордук азиялык теңдегич салыштырма жүргүзүү үчүн өзүңүзгө Ташкендеги Эмир Темир борбордук аянтын, аны кооздогон 1913-жылы фон Кауфманга тургузулган айкелди, 1968-жылдагы Карл Маркс айкелин жана азыркы доордо орнотулган Эмир Темирдин айкелин бир эле учурда элестетип көрүңүз. Бул –– азыркы шаарды кудум өзүндөй курган күчтөрдүн –– орус оторчул башкаруусунун, советтик коммунизмдин жана азыркы өзбек улутчулдугунун таасын чагылдырылышы болуп калмак. Соңку жылдары ошол өтмүштүн абдан көп изи таптакыр ойрон кылынбадыбы.

Деги өтмүштүн кайсы символдору азыркы маалда дагы эле кабыл алууга ылайык? –– бул маселе айкелдерди кыйраткысы келгендер үчүн дагы, аларды сактап калгысы келгендер үчүн дагы олуттуу көйгөй. Ал эми Сталиндин айкелдерине келсек, анын өзү өзгөчө ырайымсыздыкты элестетээрин жана анын айкелдери азыркы заманда саясий өнөктөштүк буталары катары колдонулуп калуу ыктымалдыгын эске алганда, балким, теңирден тескери турумга ылайыктыр.

Гөк-Тепе кыргынын уюштурган башкесер генерал Михаил Дмитриевич Скобелевге арнап 2014-жылы Маскөөнүн Вернадский даңгыр көчөсүнө жаңы эстеликтин орнотулушу –– Орусиянын мурдагы оторчул өтмүштү четке кагуусунун жана “ак генерал” дегенге сыйынуунун кайра жаралышынын андан аркы далили. Анын Тверская көчөсүндө 1912-жылы курулган баштапкы айкелинин кийин болшевиктер тарабынан алынып ташталган учуру –– өтмүштү унуткаруунун азыркы таптагы көрүнүшүнө биринчи кезекте өбөлгө түзгөн деп жоромол кылса да болоор.

Мен үчүн айдан ачык нерсе –– бул болшевиктердин өтмүшкө карата мамилесине сак болуу; бул мамиле азыркы таптагы режимдер менен ортодокс агымдар биздин коомдук чөйрөлөрүбүзгө идеологиялык жеке басар үстөмдүк жүргүзүшүн талап кылат.

Кандай болсо да, эстеликтер жансыз нерселер эмеспи: алар өздөрү ичинде жайгашкан коомдор менен жамааттардан өздөрү ала алчу нерселерден тышкары эч кандай каражат деле жок. Эң жакшысы –– өкмөттөргө караганда, жергиликтүү жамааттар жана жарандык коом бул айкелдердин сакталып турушу улантыла бериши керектиги жаатында өз чечимдерин кабыл алышы дурус болуп саналат.

Александр Моррисон,

Тарых факультети,

Нью Коллеж, Оксфорд университети,

Улуу Британия.

Англис тилинен кыргызчага которгон Тынчтыкбек Чоротегин.

II. Котормочудан соңку сөз.

Албетте, таланттуу чыгыш таануучу Александр Моррисон бул макаласында бир катар кызыктуу салыштырмаларды санап берип, символдор кандайча улам жаңы доорлорду алмаштыргандыгын баяндап, жаңы тарыхый доордун өкүлдөрү кээде эски доордун ыйык делген белгилерин идеологиялык, саясий, диний жана башка көз караштардын айынан ойрон кылган учурларын сыпаттайт. Мындай көрүнүштөр дүйнө жүзүндө өтмүштөгү бардык эле тарыхый баскычтарда орун алган.

Британдык тарыхчы Александр Моррисон. 03.10.2011.
Британдык тарыхчы Александр Моррисон. 03.10.2011.

Чыңгыз хандын мүрзөсүнүн жат көздөр билбей тургандай жашыруун жайда көмүлүшү, “Манас” эпосунда да Манастын сөөгүнүн көмүлгөн жайын билгендерди тындым кылган окуя –– булар өтмүштүн руханий байлыгын жана сөөк коюлган жайды чоочун кишилерден катып, аруу сактоо далаалаттарынын бири болгон.

Түрк жоокерлери Византиянын ордо шаарын басып алганда Айа София ыбаадатканасындагы ортодокс христиандык сүрөттөрдү жок кылууга, үстүнөн Ала-тааланын, Мухаммеддин ысымдарын чийип жаздырууга аракеттенгени, талиптер Ооганстанда бийликти убактылуу каратып алган чакта, Бамияндагы Будданын эбегейсиз зор айкелин замбирек менен аткылап, жардыргыч зат коюп талкалаганы да эсте. Сауд Арапстанында Меке шаарында заманбап ири имараттарды куруу үчүн айрым тарыхый жайлар XX соңунда эле ойрон кылынган.

Бамиянда 2001-жылы талиптер жардырган Будданын айкелинин сыныктары. November 6.11.2016.
Бамиянда 2001-жылы талиптер жардырган Будданын айкелинин сыныктары. November 6.11.2016.

Орусиялык оторчулар деле далай имараттарды, Чүйдөгү Бишкек жана Токмок чептерин, ал түгүл Анжыяндын жанындагы Миң-Төбө сыяктуу кыштактарды жер менен жексен кылышкан; жалпы эле европалык оторчулар жаңы кыргын куралдары жана жапайы айлана-чөйрөнү тарыткан чарба ыкмалары менен Азия, Африка, Латын Америкасында табиятка өлчөөсүз зыян келтирип, маселен, борбордук азиялык жолборс сыяктуу далай сейрек жан-жаныбарларды тукум курут кылышканы да маалым. Албетте, оторчулар тарабынан бир катар прогрессивдүү жылыштар да болгону шексиз деңизчи.

Айтылуу Таж Махал.
Айтылуу Таж Махал.

Ал эми Бабурдун урпактары болгон мусулмандар курган “Таж Махал” –– таш симфониясы –– азыркы айдыңдык, көп диндүү Индияда көз карегиндей сакталып келет, байыркы египеттиктер курган пирамидаларды да калкы негизинен мусулмандардан турган бүгүнкү Египетте өзгөчө кастарлап сакташат. Кытайдын Сиан шаарынын байыркы урандыларынан табылган империячыл Цин Шихуандинин чопо жоокерлеринин галереясын бүгүнкү коммунистик Кытай бийлиги дүйнөлүк туристтик ажайып жайга айлантты.

А.Моррисон кээде шарттуу символикага берилип, эстелик жайларды алмаштырып алган учурлары да бар. Мисалы, Бишкекте Курманжан датканын азыркы айкелинин ордунда мурда чекист Феликс Дзержинскийдин айкели турган. Ташкенде заңкайган борбордук аянтта Лениндин эстелиги турчу, эми анын ордуна бетинде Өзбекстандын картасы жпйгашкан эбегейсиз зор жер төгөрөгү (“Көз карандысыздык эстелиги”) тургузулган. Аянтты эми “Көз карандысыздык аянты” деп атап калышты. Ал эми Карл Маркстын эстелиги бул аянттан чыгышыраакта –– саал жупунураак жерде орун алган болчу. Бул жер Өзбекстандын эгемендик доорунда гана өзгөчө кеңейтилип, Эмир Темир аянты болуп калды. (Өзүм 1983––88-жылдары Ташкенде жашагандыктан, байтактынын бул борбордук бөлүгүн кыйла дурус билем).

Бишкекте Лениндин эстелиги борбордук “Ала-Тоо” аянтынан алынып салынып, ордуна оболу түндүк көтөргөн Эненин айкели тургузулган (бедизчи Т.Садыков). Эгемендиктин символу болгон бул эстелик мага жакчу. Андан соң А.Атамбаевдин бийлиги маалында ал Манастын айкели менен алмаштырылган. Бишкектеги Лениндин айкели болсо коммунисттер менен социалисттердин талабына ылайык сакталып калды да, эски өкмөттүк аянттын түштүгүндөгү жапызыраак пайдубалга көчүрүлдү.

Албетте, АКШдагы айрым мурдагы оторчу жана расачыл ишмер делген тарыхый инсандардын айкелдерине акаарат келтирүү аракеттери талиптердин Бамияндагы бутпарастык мурасты ойрон кылганындай эле жосунсуз жорук деп санайм. Коомчулук бул жорукту айыптоосу абзел. Бирок бул аракеттин артында мурдагы тарыхый инсандарды ар тараптуу чагылдыруу жана жаш муундарга ар бир илгерки эстелик –– жалпы адамзат тарыхынын үзүмү экендигин аңдагандай тарбияны берүү зарылдыгын көрсөтөт.

Биз Лениндин коёндой окшош эстеликтеринин бирин Бишкекте сактап калдык деп манчыркана албайбыз: көз алдыбызда эле Мамлекеттик тарых музейиндеги байыркы мумияны чала сабат аткаминерлерге жана бакшыларга алдырып жиберип, музейлердеги көп экспонаттарды ойрон кылдырып, күйүнүп отурабыз.

Макалада автор: “...Тонкошуровка кыштагындагы Лениндин бетондон куюлган чакан бедизи болду го деп ойлойм. Бедиздин пайдубалындагы жазуу анын 1940-жылы жайында мурдагы “Фриден колхозунда” орнотулгандыгын айгинелеп турат. Бул аталыш Волга (Эдил) боюнан депортацияланган немистердин тургун жайы болгонунан кабар берет”, –– деп жазат. Мындагы “1940-жылдын 13-августу” деген бадырайган датага биз оболу бир аз таң калуу менен карадык.

Казакстандын түндүгүндө немистер бери дегенде XIX кылымдын башынан тартып байырлай башташкан (ал эми Кыргызстандагы Талас өрөөнүндө XIX кылымдын акыркы чейрегинде менонит жана башка немистер жашай башташкан).

Ал эми 1940-жылы августта (б.а. “Молотов-Риббентроп пакты” түзүлгөндөн 1 жылдан кийин) Сталин менен Гитлер дагы эле калайык көзүнчө “социализмди колдогон шериктер” катары бири-бирин алкап жатышкан да, сталиндик Кремль үчүн Эдил аймагынын немистерин депортациялоого эч мүмкүн эмес болчу.

Демек, “1940-жыл” деген жазуу так көрүнүп турат, ошондуктан бул кыштакта өз автономиясы 1941-жылы 28-августта Сталиндин өкүмү менен жоюлган Эдилдеги немистерге эч байланышпаган казакстандык жергиликтүү немис диаспорасынын өкүлдөрү болгону анык. Чын эле, интернеттен карасам, Тонкошуровка кыштагы падышалык Орусиянын Саратов губерниясынын Мариентал (Тонкошуровка) аттуу конуш жайынан көчүп келген католик немис келгиндери тарабынан 1909-жылы, падышалык доордо эле негизделген экен:

ТОНКОШУРОВКА, до 1917 – Акмолинская обл., Кокчетавский у., Корнеевская вол.; в сов. период – Северо-Казахстанская обл., Ленинский р-н (в наст. время – Есильский р-н). Кат. село, осн. в 1909. К югозап. от Петропавловска. Назв. по поволжской кол. Мариенталь (Тонкошуровка). Церковь. Земли 4966 дес. (1916). Средн. школа. Жит.: 485 (1925), 241 (2009).

(Булак: Немцы России: населенные пункты и места поселения: энциклопедический словарь / Сост.: В.Ф. Дизендорф. – М., “ЭРН“, 2006. – 472 с.)

Ал эми А.Моррисондун макаласындагы 28 панфиловчу тууралуу маалыматка келсек, чынында да сталиндик доордо 1941-жылдын 16-ноябрындагы кырчылдашкан салгылаш тууралуу “Красная звезда” гезитинин редакциясында адабий катчы болуп иштеген журналист Александр Юрьевич Кривицкий (өз аты — Зиновий Юлисович Кривицкий; 15 [28].8.1910, Курск — 13.1.1986, Москва) даярдаган 28 панфиловчу тууралуу кабар жалган (“фейк”) болуп чыккан. Кривицкий өзү Дубосеково жол кесилиши жакка жолоп да койгон эмес. Ага болсо аскердик штабдан эле кайткан журналист В. Коротеев штабдагылардан чала-чарпыт укканы боюнча эле кабардап койгон экен.

Кийинчерээк А.Кривицкий өзү да сурак маалында мойнуна алган: “28 баатырдын сезимдери жана аракеттери жаатын алсак –– бул менин адабий ойлоп табуум болду. Мен жарадар болгон же тирүү калган эч бир гвардиячы менен баарлашкан эмесмин”.

Ал эми согуш тарыхын изилдеп келген кыргыз тарыхчысы Нарынбек Алымкулов билдиргендей, кыргыз баатыры Дүйшөнкул Шопоков бул журналисттик баяндагы көрсөтүлгөн күндөн саал мурдараак окко учкан деген маалымат бар. “Набыт болду” делген 28 панфиловчунун ичинен (алардын ысымдарын штабдан эле чүргөп жазып алышкан) төртөө 1948-жылга карата тирүү болуп чыккан жана алардын бири –– теги украин Иван Евстафьевич Добробабин (украинче тегаты: Добробаба; 08 [21].6.1913 — 19.12.1996) болсо туткунга түшүп, бир аз убакыт нацисттерге кызмат өтөп, кайра Кызыл армиянын катарында Борбордук Европаны фашизмден бошотууга катышкан, ал эми согушка чейин анча-мынча убакыт “Советская Киргизия” гезитинде фотокабарчы да болуп иштеген.

Бирок жалпы панфиловчулардын Маскөөнү коргоодогу эрдиги –– эч жалган эмес. Ошол Дубосеково жол кесилиши тараптагы кан майдан тилкесинде 28 жоокер эмес, 100дөн ашуун жоокер бир нече күн бою айыгыша салгылашкан. Алар генерал Иван Васильевич Панфиловдун (1892/93 –– 1941) жетекчилиги астындагы 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунун 2-батальонуна караштуу 4-ротанын жоокерлери эле.

Панфиловчу жоокерлердин каармандыгын ошол күндөрү аларга каршы улам жаңы күч менен жүткүнгөнгө далаалат кылган баскынчы нацисттердин өкүлдөрү да баалашкан эле. Мурдагы советтик Кыргызстандын аскер иштери боюнча эл комиссары, генерал Иван Панфиловдун өзү да 1941-жылы 18-ноябрда Маскөөнү коргоо маалында Волоколамск районуна караштуу Гусенево кыштагына жакын жерде баатырларча курман болгон.

Макаладагы мозаикадай кынапталган ойлордун көбүн колдогубуз келет. Чынында, Лубянкадагы Дзержинскийдин эстелиги кыйратылган менен, ири пост-советтик Орусияда мурдагы КГБнын мураскорлорунун катаал таасири сакталып калгандыгы КМШ өлкөлөрүнө да өлчөөсүз зор кесепетин тийгизип жаткандыгы жалган эмес.

Жалпысынан, Александр Моррисон макаласында түпкү максатына жетти го деп санайм: биз анын макаласын окуган соң, дагы бир ирет тарыхый мурастарга астейдил мамиле кылуунун, ошол эле учурда, мурдагы тоталитардык жана оторчул доордун эстеликтерине ыйык чүпүрөк байланган мазарга табынгандай эмес, акыл калчап, сергек мамиле жасоо зарылдыгын, мурда айтылбай келген адилетсиздиктер жана турмуш чындыгы тууралуу ошол сакталган эстеликтердин мисалында ачык ачык айтуунун маңызын аңдоого айдыңдык түрткү алдык.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG