Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:10

Cындаары жоктун сынары анык


Иллюстрациялык сүрөт.

Кошуна Казакстандагы оор кырдаалга сыртынан караганда өтө туруктуу, бекем көрүнгөн түзүмдүн өзөгүндө терең катылган зор өксүк – расмий бийликке сын айтып, анын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзгүдөй көз карандысыз жааттын жоктугу да себеп болду окшойт. Мунсуз саясий түзүмдүн тең салмактуу, ырааттуу өнүгүшү, мамлекетти башкаруудагы улантуучулук мүмкүн эмес экен.

Коргошундай көлкүткөндө кошомат...

Кыргыз элинин тарыхый келечегин ойлоп, эркиндиги үчүн күрөшүп өткөн Азамат Алтай эң соңку маегинде жаш мамлекеттеги биримдикти, ынтымакты кантип бекемдөөгө болот деген суроого: “Адилеттик менен!” – деп жооп берген. Бирок адилеттикти ар ким өз деӊгээлине ылайык түшүнөт: жалкоо киши совет доорундагыдай баарына бирдей айлык берген теңдемечилик болсо дейт, эмгекчилдер жана таланттуулар ар ким иштегенине жана коомго керектүү ишине жараша пайда көрсүн дейт.

Базар экономикасынын шартында, айрыкча мыйзам үстөмдүгү орной элек постсоветтик өлкөлөрдө май-талкандуу жерлерди ээлеген шылуундар мамлекеттик бюджетти талоонго алып, элдин акысын жегендерди жоопкерчиликтен бошотуу керек, мыйзамдар кедейлерге жана карапайым адамдарга карата гана колдонулушу керек дейт (албетте, элге угузбай, “өз кишилер” чөйрөсүндө).

Бай менен кедей ортосундагы ажырымдын тереңдеши канчалык опурталдуу экенин байлыгына мас болуп, ашыкча ээлеп алган ыйгарым укуктарынан көзү тунарган “чоңдор” билгиси келбей, муну айткандарды душман көрө баштайт.

Башкаруудагы эң маанилүү кызмат орундарына туугандарын, досторун жана ар качандан бир качан бийликке жагына билген кошоматчыларды тургузган падыша (же президент, премьер-министр) элден кескин обочолонуп калат. Анткени адилетсиз, акыбети жаман болор чечим чыгарганда тегерегиндеги жөкөрлөрдүн эч кимиси чыныгы жагдайды айтпайт. Көпчүлүгү иш билги эместиктен, ылдыйкы даражадагы, өзүндөй эле кошоматчы “адистердин” айтканына ишенгендиктен ошентет.

Аздыр-көптүр билими бар, эл арасындагы күбүр-шыбырга кулак салган “жөкөрлөр” ошол сөздөрдүн чын-төгүнүн иликтегиси келбейт, көзүнө сая көрсөтүп берген киши келсе да, анын айтканын “өйдө жакка” жеткирүүдөн тартынат. Башкалар “журт атасына” жарыша кошомат кылып, анын кулагына жаккан гана “жаңылыктарды” айтып турган шартта төбөлдөр чөйрөсүндөгү көпчүлүктөн айырмалануудан баары коркот.

Көңүлдүн кири канткенде кетет?

Тактысында узак отурган өкүмдарлар мансапка мас болбой, ар кандай жолдор менен эл аралап калайыктын жашоосун, маанайын билип, айрымдары чындыкты кыйытып же эл көзүнчө эле какшыктап сындоодон тартынбаган маскарапоздорго акы төлөгөн деп уламыштарда, тарыхый баяндарда айтылат.

Адамзат коому өнүгүп, мамлекеттик башкаруу өркүндөтүлгөн сайын көптөгөн өлкөлөр элдин өкүлчүлүгүн жаңыча камсыздоого өтүштү. Мыйзамдарды иштеп чыгуу, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, ар кандай нааразылыктарды, күдүк ойлорду аткаруу бийлигинен жазганбай айтып, ар бир орчундуу суроого анык, так жоопту убагында алып туруу озуйпасын аткарсын деп парламент шайланат. Анткени “көйнөктүн кири жууганда кетет, көңүлдүн кири айтканда кетет”.

Бирок парламент бийликтин каалагандай чечимин “бир добуштан колдоочулардан” куралып калса, мамлекетке, элге анын зыяны гана тиет. Эч кандай акыл калчабай, маселени талкуулабай эле “улуу урматтуунун” “акылман, кеменгер сунушун” жактаганга алдын ала даяр турган немелер өлкөнү оор тагдырга кириптер кылат. Ошондуктан Жогорку Кеңештин негизги курамын оппозициячыл өкүлдөр түзүшү өтө зарыл. Алар бийликтин кетирген каталарын, туура эмес кадамдарын дайым сындап тура алат.

Коомдо ачык-жарык диалог болбосо, бийлик менен элдин ортосун кошоматчылардын калың катмары тосуп калат. Алар ачуу чындыкты угузбайт, кулакка жагар калпты айтып, бийлик башындагыларды алдай берет. Калктын нааразылыгы толуп-ташып баратканда деле кошоматчылар “баары сонун” дей берет, анткени сөз укпагандарга таш ыргытылып, төңкөрүш болсо деле мителер чөгүп кетпейт – башкарууга камылгасы жетишсиз келген кийинкилер менен опоңой тил табышат.

Бийлик эсирип кетпей, элдин мүдөөсүн билип, адилет иштеши үчүн парламенттен башка да таянычтар болууга тийиш. Сөз эркиндиги, соттордун көз карандысыздыгы, мыйзамдардын бардык адамдарга бирдей колдонулушу – коомдогу туруктуулуктун, мамлекеттин ырааттуу өнүгүшүнүн эң зарыл шарты. Бирок булар кагазда эле кала бербеши үчүн бийликтин сары изине чөп салган атаандашы – кыраакы, билимдүү, чечкиндүү оппозиция болушу керек.

“Душмандарды” жок кылуу керекпи?

Социалдык желелерде азыр бийликти сындаган оппозиция өкүлдөрүн жазалап, камап, “жок кылууга” чакырган сөздөр көбөйдү. Албетте, булардын басымдуу бөлүгү – жалданма фейктердин эле ызы-чуусу. Бирок бийликти сындабай койсо эле эч мүдүрүлбөй, иши шыр кетет, айткан-дегенин, кылган-эткенин мактап гана туруш керек деп ишенгендер да бар.

“Дос” менен “душманды” айырмалай билгендер өтө аз. Бул жагынан айрыкча бийлик башындагылардын адашуусу өздөрүнө эле эмес, жалпы элге, бүтүндөй өлкөгө да кесепети тиерин Казакстанды биргелешип башкарып келген Назарбаев-Токаев тандеми даана көрсөттү. Казак бийлигинин оппозицияны жок кылган саясаты өлкөнү туюкка кептеди.

Дос деп ойлогон кишибиз чын эле доспу же жеке кызыкчылыгы үчүн эле жандап жүргөн немеби? Ташыӊ өйдө тоголонуп турганда, “достор” менен “туугандар” укмуштай көбөйөт. Үзөӊгүдөн бут тайганда, кечээки катыра сындап жинге тийгендер жөлөйт. Ал эми айга-күнгө теӊей мактап, кошоматты катырган немелер караанын көрсөтпөй жоголот, айрымдары жыгылганды тебелеп, кийинки “чоӊду” жандап кетет.

Сын уккусу келбеген, оппозицияны (иштин кызыкчылыгын, бүтүндөй өлкөнүн тагдырын биринчи орунга койгон чынчыл оппозицияны) душман көргөн “жакшылар” эртеби-кечпи, катуу сынбай калбайт.

Бул жарыкта эч ким түбөлүк калбайт, байлык менен бийликтин да чеги, убакыт-сааты болот. Мамлекетти башкаруу эч кимдин атасынан калган энчиси эмес! Акылдан азып, алдан-күчтөн таяр кезге калтырбай, кызматтан өз убагында, татыктуу кеткен салтты калыптандыруу өтө зарыл. Президенттердин эки мөөнөттөн ашуун шайланышына жол бербеген ченем дүйнөлүк тажрыйбада дал ушул себептен колдонулуп жатат.

Башкаруудагы ырааттуулукту камсыздоо үчүн акылдуу, саясий маданияты бийик, принциптүү оппозицияны эл өзү, жарандык коом тарбиялап өстүрүшү зарыл. Азырынча бизде саясий оппонент, атаандаш болуу маданияты жакшы өнүгө элек. Эптеп чоӊураак кызматка жеткенче эле бийликти сындамыш болуп, жылуу-жумшак орунга отурган күндөн тарта “кылы кыйшайбай” калгандар кездешет.

Бирок калыстыктан тайбаган азаматтар да бар. Катары жука, биримдиги борпоӊ болсо да, азыркы оппозицияны “жок кылып” ийбейли. Бул канчалык зарыл экенин биринчи кезекте бийлик башындагылар түшүнүүсү керек.

Жолдош Турдубаев.

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG