Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 18:11

Саламаттык сактоо министрлиги Чүй облустук төрөт үйүндө көз жарган аялдын өлүмүнүн чоо-жайын иликтеш үчүн комиссия түздү. 15-январда операция жолу менен төрөгөндөн кийин абалы оорлоп кеткен Токмок шаарынын 42 жаштагы тургуну Роза Жусубалиева 20-январда эсине келбей каза тапкан.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болгонун айтып, милицияга арыз менен кайрылышты. Алар Башкы прокуратурага да арыз жазып, дарыгерлерди жазага тартууну талап кылышарын айтышууда.

42 жаштагы Роза Жусубалиеванын бул алтынчы кош бойлуулугу, бешинчи төрөтү эле. Ал төрт кыздан кийин уул төрөп алууну самап келген. Бирок бир ай мурда акыбалы начарлап, Чүй облустук төрөтканасына жаткырылган. 15-январда кан келгендиктен операция жасалып, наркоздон ойгоно албай, беш күн комада жатып каза болду. Кайненеси Сейне Жакшыбаева келиндин өлүмүнө байланыштуу дарыгерлерди айыптап, алар акча талап кылышканын айтууда:

- Негизи Розага "операция сегиз миң сом болот" деп айтышыптыр. Бирок дарыгерлер "акыбалың оор, хирургдан башка догдурлар да кирет, сумма дагы артышы мүмкүн" дегендей кылышыптыр. Ошондо келиним мага "10 миң сомго чейин көтөрүлүп кетет го" деп айтканынан, "акча маанилүү эмес, эң башкысы саламаттыгың" деп жубатып койгом. Акча деле кара жерге кирсинчи, аны сактап кала алышмак. Тону эртең менен эле бузула баштаптыр. Кан кетип, отуруп-тура албай кыйналып жатканын өзүм деле көргөм. Бирок дарыгерлер кечке чейин күтүп, кан таптакыр калбай калганда анан операция жасап, комага түшпөдүбү. Догдурлардын шалаакылыгынан эле көз жумду.

Роза Жусубалиев каза тапкан Чүй облустук ооруканасынын башкы дарыгери Шайыр Узагалиева өлүмдүн так себебин билиш үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 21-январь күнү маркумдан гистологиялык анализ алынганын билдирүүдө. Ал так аныктаманы бул анализдин бүтүмү чыкмайынча айтыш кыйын деген пикирде:

- Анализдин жыйынтыгы бир айдан кийин чыгат. Өлүмдүн себебин ошондо гана айтпасак, азыр бүтүм чыгара албайбыз. Тону жатындын оозун жаап калгандыктан, бизде ал бир айдан бери жаткан. 20-декабрда ооруканага келген, 20-январда каза болду. Ымыркайдын акыбалы жакшы, биздин карообузда. Бир нече күндөн кийин чыгарып беребиз. Бир тараптуу эле тигини же муну күнөөлөй албайм. Анткени аялдын да абдан көп оорулары бар экен. Көк боору, өтү алынган экен. Дайыма ичи көөп, ооруп жүрчү. Операциядан кийин комага түшүп, ичеги-карындары да иштебей калды.

Маркумдун артында төрт кызынан тышкары жаңы төрөлгөн ымыркай уулу калды. Наристени 10 күн багып берүү түйшүгүн төрөткана мойнуна алган.

Келиндин улуу кызы 16 жашта, кыздарынын бирөө тубаса майып.

Окуяны министр көзөмөлгө алды

"Балдардын энесинен ажырап калышына анын саламаттыгындагы оор патологиялар себеп болдубу же дарыгерлердин шалаакылыгыбы" деген суроого жоопту эми саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өзү издемей болду:

- Жакындарынын кабыргалары кайышып абдан оор абалда турушат. Мурунку төрөтү да аябай оор өткөн экен. Операция болордо дарыгабы же дагы кандайдыр бир заткабы, аллергия болуп, анафилактикалык шокко түшөт. "Төрөттөн кыйналып калат" деп дарыгерлер жалпы наркоз да беришкен. Баланы тирүү чыгарып алышкан, бирок тилекке каршы наркоздон ойгоно албай калган. Комада жаткан күнү эле мен кабар алдым. Кайра-кайра комиссия жиберип, акыбалын профессор дарыгерлер көзөмөлдөп турушту. Бирок, тилекке каршы, жакшы жыйынтык ала алган жокпуз. Кандай болгон күндө да бул окуяны аягына чейин изилдейм. Жеке көзөмөлүмдө турат. "Карга карганын көзүн чокубайт" кылып, өлүмдүн себебин жаап-жашырууга жол бербейм.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

Каза болгон аял мурунку төрөтүндө да операция болгонун дарыгерлер жана жакындары айтышууда. Кесарево ыкмасы менен төрөгөндөн кийин аял кийинки кош бойлуулугун дыкаттык менен пландабаса, төрөт кыйын өтөрүн акушер-гинеколог Эркинай Молдокматова белгилейт.

- Негизи дарыгерлер кесарево жолу менен көз жарган аялдарга атайын кеңеш беребиз. "Төрөттөн үч жыл өтмөйүнчө кош бойлуулукту пландабагыла" дейбиз. Бирок ага карабай эле бир же бир жарым жылдан кийин төрөгөн аялдар болуп калат. Алардын жатынындагы жараат айрылып, ичинен кан кетүү коркунучу жогору болот. Ушундан улам аялдар операциядан кийинки кош бойлуулукту өтө кылдат эсептеши керек.

Маркумдун жакындары социалдык тармактар аркылуу Чүй облустук ооруканасынан жабыр тарткан кыз-келиндерди дарыгерлердин атын ачык айтып, элге бетин ачууну суранып жатышат.

Дүйнөлүк Банк Кыргызстандагы кош бойлуу аялдар Казакстанга салыштырмалуу алты эсе көп өлүмгө дуушар болуп жатканын аныктаган. 2014-2015-жылдары 141 аял төрөт учурунда көз жумган.

"Азаттыктын" архиви: "Төрөттөн ажал тапкандар", 13.11.2015-жыл
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG