Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Деп-Шаардын тарыхы жана тагдыры


Жерге-Талдагы сайма.

Мындан алты-жети жыл мурда тажик бийлиги республикадагы тарыхый жер-суу аттарын толук өзгөртүп, тажикче аталыштарга алмаштырганга чейин Жерге-Талдагы айыл-кыштактардын 80-90% аты кыргызча болчу.

Алсак, райондогу айылдар: Жерге-Тал, Кошой, Бүтөө-Көл, Чоң-Кыргыз, Ак-Жар, Жараш, Сайроон, Жаңы-Шаар, Кашка-Терек, Жол-Терек, Коргон, Ой-Тал, Шилбили, Кашат, Кара-Сай, Ак-Сай, Жайылган, Кичи-Карамык, Саргой (Сары ой) Ачык-Алма, Гулама, Мукур, Кара-Шоро, Байлар-Топ, Сасык-Булак, Сары-Кенже, Кара-Кенже, Сары-Талаа, Кош-Тегирмен, Кайыңды, Калдар, Жолборсту, Чар, Жыланды, Сөгөт, Миң-Булак, Мөк, Деп-Шаар, Кожо-Топ ж.б.у.с. деп аталчу. Ал эми тажикче топонимдер саналуу эле. Тилекке каршы, азыр ушул аталыштардын дээрлик баары тажикчеге жасалма түрдө алмаштырылды.

Балким, бул аталыштардын беш-он кылымдык же андан да көөнө тарыхы, тагдыры бар. Ата-бабаларыбыздан калган таберик, мурас катары бул аталыштар ар бир кыргыз үчүн ыйык эле. Бул аталыштардын ар бири биздин улуттук уютку-угутубуз, түпкү тамырыбыз, эн тамгабыз болучу, рухий тирек-таянычыбыз болучу…

Жылдар өтүп, муундар алмашса, ондогон кылымдардан бери айтылып келе жаткан кыргызча аталыштар унутулат, элдин эсинен өчөт. Кара-Тегинде илгери кыргыздар жашабагандай эч кандай из калбайт. Ошол себептүү кеч боло элегинде Жерге-Талдын топонимикасы тууралуу маалымат чогултуп, макалалар түрмөгүн жазууну чечтим. Менин бул изги тилегиме жердештерим кайдыгер болбой, уккан-билгендерин айтып берип, ар тараптуу колдоо көрсөтөт деген үмүттөмүн. Буюрса, бир-эки жылда материал чогулуп калса, келечек муундарга мурас болуп калсын үчүн атайын китеп чыгарсак деген да максатым бар.

Каратегиндик аксакалдардын айтканына караганда, Гиссардын аймагына көчүп барган кыргыздардын тобу (ал эми Жерге-Талда кыргыздар 12-кылымдарда эле байырлай баштаган деген да маалымат бар) барган жеринде өздөрүнүн айылдарынын аттарын коюшуптур. Ошентип, Гиссардын тегерегинде да кыргыз айылдар пайда болгон экен. Кийинчерээк, жергиликтүү элдин кысымына уруштук бере албай, мурдагы Орджоникидзеабад, азыркы Вахдат шаарынын жака белине сүрүлүүгө мажбур болушат. Менимче, кыргыздар ошол жерде көбүрөөк мезгилге жашап калган сыяктанат, анткени ал жерде кыргыздардын азыр да чоң бейити бар.

Жер-суу талашып, ал жерден да куугун жеген кыргыздар Кара-Тегин өрөөнүнө тоо таянып качууга мажбур болот. Бир канча мезгил бою мурдагы Гарм (кыргызчасы Корум), азыркы Рашт районунун аймагын жердешет. Көчмөндү, Кызыл-Орок, Нөшөр ж.б. сыяктуу айылдардын аталыштары ал жерде да кыргыздардын жашагандыгына күбө.

Кийинки дагы бир катуу тирешүүдө кыргыздар чегинип, азыркы Лахш (Жерге-Тал) районунун аймагына, өз туугандарынын жанына жер которуп кетет. Натыйжада, учурда кыргыздар жашап жаткан аймак менен кошуна Рашт районун чектеген жерде тажик-кыргыздын жаңжалы токтоп, эки эл жарашат. Кийин ал чекте Жараш деген айыл пайда болот.

Көрүнүп тургандай, ар бир айылдын аталышынын келип чыгышынын өзүнчө тарых-таржымалы бар. «Кара-Тегин» деген топоним бир нече вариантта чечмеленет. Бул жөнүндө кези келгенге жазарбыз. Бүгүн мен өзүм туулуп-өскөн айыл Деп-Шаардын этимологиясына токтолмокчумун.

Деп-Шаар – чар тарабы бийик тоолор менен курчалган Жерге-Талдын эң четки айылдарынын бири. Болгону отузга жетпеген түтүн жашайт. Өткөн кылымдын элүүнчү жылдарындагы түштүк тарапка күчтөп көчүрүүгө чейин кырк-элүү үйлүү жашап, айылда мектеп болгон экен. Жолдун алыстыгына карабай, бизден кийинки Иргет, Кандов, Кожо-Топ деген чакан кыштактардын балдары Деп-Шаарга келип окушчу тура. Ал эми миграциядан кийин айылда бир-эки эле үй-бүлө калыптыр. Биз мектепти бүткөнгө чейин кошуна айылдарга каттап, жолдун азабын көп эле тарттык. Азыр айылда 4-класска чейинки башталгыч мектеп бар. Аны мен райондун чоңдоруна улам-улам кайрылып жатып, 2005-жылы ачтым. Ар бир класс үчүн окуучулардын саны жетпегендиктен, бир эле нөөмөттө, аралаш окушат. Алгачкы жылы атайын имарат жок болгондуктан, мектепти чайканада ачтык. Дүйшөндүн мектебиндей эле болду окшойт. Кийинки окуу жылына мектеп салынды.

Деп-Шаар кичине айыл болгону менен, бир топ эле белгилүү адамдар чыгыптыр. 20-кылымдын кыркынчы жылдары Тажик ССРинин Жогорку Советине шайланган биринчи депутат Деп-Шаардан болуптур. Шамши Сафаров деген киши алтынды мыкты казганы үчүн депутат даражасына жетиптир. Анын бир тууган карындашы Асел эже (бейиши болгур абдан акылман аял эле) пенсияга чыкканга чейин Шаартуз районунун бир сельсоветинде катчы болуп турду. Мындан тышкары Деп-Шаардан МАИ башчы, аскер комиссары кызматтарында иштеген кишилер болгон. Албетте, адамдын эмгеги анын кызмат даражасы менен эле бааланбайт. Менин «Ажыдаар» деген чыгармамдын башкы каарманынын прототиби, раматылык Топчубай аксакал өз эсебинен Шагазы суусуна курган көпүрө кырк жылдан бери калкка кызмат кылып келе жатат.

Эми «Деп-Шаар» деген топонимдин келип чыгуу тарыхына өтөлү. Уламышка караганда, илгери айылды Иди деген дөө урук-тууганы менен байырлаптыр. Иди ашкере мыкаачы, ырайымсыз болгондуктан, эл аны «Иди каман» деп атаптыр. (Биз бала кезде «Иди» эмес, «Ийри каман» дечүбүз.) Иди каман өз балдары менен элге күн көрсөтчү эмес экен. Кышын-жазын элди эзип, каяша кылгандарды жөн эле токмоктоп өлтүрүп салыптыр. Элдин баарын чыныгы кулга айландырып, эккен эгинин да, баккан малын да тартып алып турчу экен. Анын зулумдугу барган сайын ашып-ташып, тамакка кошуп өзүнүн заңын элге жедире баштаптыр. Анын мындай кордугуна чыдабаган эл бир нече жолу көтөрүлүп, таяк, балта, кетмен-күрөк алып Иди каманга чабуул жасашыптыр. Бирок дөө деген дөө, канчалык уюмдашса да жөнөкөй адамдын дөөгө күчү жетмек беле? Бечаралар анын мурдагыдан да катуу каарына калыптыр. Ошондо жетимиш-сексендеги бир кемпир акыл тааптыр.

Бактыга жараша, Иди каман бир жатса, күндөп-түндөп турбай уктай берчү экен. Жанагы кемпир: «Дөө уктап жатканда баарылап жабылгыла да, турганга үлгүртпөй шыйрагындагы тарамышын кесип салгыла! – дейт. Жаалы кайнап турган калайман кумурска жыланга жабышкандай Иди каманда ар тараптан жабышып, курч канжарлар менен заматта анын тарамышын шылып салышат. Айыл тургундары залимдин зордук-зомбулугунан ошентип кутулат. Ал эми Иди камап өлгөндөн кийин анын балдары элдин каарынан коркуп, башка жактарга качып кетет.

Ошентип, уламыш боюнча бир кезде дөөлөр жашагандыктан, биздин айыл Дөө-Шаар (кийин Деп-Шаар болуп өзгөргөн окшойт) деп аталып калат. Айылдан ыраакта кичирээк үйдөй болгон Иди камандын ташы бар. Айылга кире бериштеги дөңчөнү кечээ жакынга чейин эле «Иди камандын гөрү» дечүбүз. Бирок ал жерге азыр кыштактын жашоочулары картөшкө сактоо үчүн ороо казып алышкан.

Деп-Шаарда кыргыздын ичкилик бутагынын кыдырша уруусунан тарагандар жашайт. Түпкү атабыз Нурмат деген киши болгон экен.

Аким Кожоев, жазуучу

P.S. Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG