Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

Диктатор өлгөндө эмне болот? Борбор Азиядагы мисалдар


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов.

Диктатор өлгөндөн кийин постсоветтик аймактагы өлкөдө эмне болот? Демократиялык өзгөрүүлөрбү? “Жазгы жылымыкпы” же “бурамалар бошоңдоп” калабы? Же бир диктатордун ордуна башкасы келеби? Бул аймакта соңку мезгилде бир нече авторитардык лидер каза болгондон кийинки жагдайларды талдап көрөлү.

Башчылар өлөр өлгөнгө чейин өлкөнү жетектеген өнөкөт монархиялык түзүмдөргө эле мүнөздүү эмес. СССРде муну "кызматта туруп өлүү" дешчү. Мисалы, Ленин, Сталин, Брежнев, Андропов, Черненко ушундай болушкан.

Бул көрүнүш жакынкы тарыхта да кайталанды – Түркмөнстандагы Сапармурат Ниязовдун жана Өзбекстандагы Ислам Каримовдун өлүмүн эстейли.

Каримов эгемен Өзбекстанды 25 жыл (1991-жылы өлкө эгемендик алгандан 2016-жылы Эгемендик күнүнүн эртеси көз жумганга чейин) жетектеген. Расмий Ташкент анын көз жумган күнү ушул деп жүрөт эмеспи. Чындыгында Каримов өлдү деген кабар расмий жарыядан бир нече күн мурда эле тарай баштаган.

"Каримовдун өлүмү биз үчүн күтүүсүз болду, – деп эскерет өзбек диссиденти Мухаммад Салих. – Анткени ошол кезде анын ден соолугу түзүк эле болчу. Кандай болгон күндө да анын саламаттыгынан чочулагыдай жышаан жок эле. Эгер жаңылбасам, бул окуя 2016-жылы август айынын аягында болгон. Бизге, оппозициялык "Эрк" партиябыздын сайтына күтүүсүз кабар келди – Каримов катуу ооруп жатыптыр, өлүп калган болушу да ыктымал дешти. Үч күндөн кийин гана... Үчүнчү күнү деле, менимче, майрам болчу. [Эгемендик] күнү, менимче, анын куттук сөзүн окуп беришкен. Президенттин атынан. Башкача айтканда, Каримовдун өлгөнүн үч күн жашырып отурушкан".

Түркмөнстандын өмүр бою шайланган президенти, түркмөн элинин башчысы – "түркмөнбашы" наамын алууга жетишкен Сапармурат Ниязовдун өлгөнүн да бийлик дароо айткан эмес.

Сапармурат Ниязов жана Владимир Путин. 2002-жыл
Сапармурат Ниязов жана Владимир Путин. 2002-жыл

"Ниязов акыркы жылдары катуу ооруп жаткан, – дейт түркмөн диссиденти Нурмухаммед Ханамов. – Немис догдурлары дарылап, атайын келип, текшерип, нускама берип турса да, ал кант диабетинен жабыр тартып, кан басымы да өтө жогору болгон. Бирок Ниязов, чындыгында, догдурлардын айтканын аткарган жок. Ал өзүнө зыяндуу нерселерди жегенди жакшы көрчү. Коньяк иччү. Мунун баары, албетте, ден соолугун оорлотуп жатты. Мен [Ниязовдун өлгөнүн] билер замат Ашхабаддагы тааныштарыма чала баштадым. Азыр карайлычы, телевизор коёлучу дешти. Алар эми эле уйкудан ойгонушкан. Анан эле телевизор койгон соң: "Ооба, адатта бул убакта айрым берүүлөр, жаңылыктар же концерт болчу эле. Азыр – жалаң музыка, башка эч нерсе жок”, – дешти. Советтер Союзунун тушундагы мындай окуялар эске түштү: баш катчылар (генсектер) өлгөндө дайым ушундай музыка жаңырып турчу эмес беле. Ошондуктан бирдеме болгонун түшүнүп турдук. Анан бир топ убакыт өткөндөн кийин чын эле ошондой болуп чыкты", – деп эскерет Ханамов.

2006-жылы 21-декабрда Түркмөнстандын да телеканалдарынан Ниязовдун портрети көрсөтүлүп, анын фонунда белгилүү түркмөн композиторунун “Ак куу көлүнө” үндөш кайгылуу фортепиано музыкасы коюлган.

Жаңылыктардын ордуна музыка, ден соолугу жакшы делген президенттин куттуктоосу – мунун баары эмне үчүн чыгарылып жатты? Чындыгында, диктатуралык түзүм шартында мамлекет башчысы каза болсо эмне кылуу керектиги так аныкталган учур өтө сейрек кездешет. Расмий түрдө, албетте, тийиштүү жол-жоболор Конституцияда деле бекитилген болушу мүмкүн. Бирок иш жүзүндө алар эске алынбайт.

Түркмөнстандын жетекчилиги парадда.
Түркмөнстандын жетекчилиги парадда.

Өлкөдөгү №2 адам

Диктатуранын жана авторитаризмдин өзөгүн азыркы лидерден башка жогорку бийликтин оор жүгүн көтөрө алгыдай башка эч ким жок деген идея түзөт. Көптөгөн диктаторлор көзү тирүүсүндө атаандаштарынан кутулууга аракет кылышат. Бирок саясий түзүлүштө ар дайым ыктымал мураскорлор болот.

Ошентсе да мамлекет башчысынын милдеттерин мыйзам боюнча өткөрүп алат делген адамдар бийликти дайыма эле ээлеп кала албайт. Маселен, Түркмөнстанда Ниязов каза болгон учурда анын ыйгарым укуктарын парламент башчысы Овезгелди Атаев алышы керек болчу. Бирок анын ордуна бийлик ошол кезде алты жыл вице-премьер-министр болуп иштеген Гурбангулы Бердымухамедовдун колуна өткөн.

Овезгелди Атаев Гурбангулы Бердымухамедов менен
Овезгелди Атаев Гурбангулы Бердымухамедов менен

"Парламенттин төрагасына мурдагы иштерин тез эле эстетип коюшту, – деп эскерет Нурмухаммед Ханамов. – Гурбангулы Бердымухамедов да анын эски көйгөйлөрүн дароо казып чыкты – бул жагынан президенттин коопсуздук кызматынын башчысы Режепов көмөктөштү. Атаевге каршы иш мурда жабылган. Бирок алар ошол ишти кайрадан көтөрүп чыгып, Атаевди айыптап, дароо темир торго камап салышты. Ошентип, Бердымухамедовго жол ачылды. Мына ушундай мамлекеттик төңкөрүш болгон".

Атаевди 2006-жылы декабрда түрмөгө отургузушкан, ошондон бери андан эч кабар жок. 2012-жылы Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги Атаев бошотулганын билдирген, бирок бул маалыматты же жок дегенде саясатчынын тирүү экенин көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Өзбекстанда диктатор өлгөндөн кийин бийлик кыйла тынч жол менен алмашты.

Нигматулла Юлдашев.
Нигматулла Юлдашев.

"Нигматулла Юлдашев парламент төрагасы болчу, – дейт Мухаммад Салих, – бирок ал Республиканын Конституциясында белгиленген милдетинен баш тартты – ал Өзбекстан Республикасынын президентинин кызматын ээлеши керек болчу. Ал баш тартты. Ал мамлекеттик иштерди билбестигин, активдүү саясатка аралашпаганын же башка бирдемелерди айтып, президенттин милдетин аткаруучу кызматын премьер-министр Шавкат Мирзиёевге берип койду".

Демек, президент каза болгондо бийликтин алмашуу механизми иштебей калат. Диктатор каза болду, парламенттин спикери өз милдеттерин аткарбай жатат, теориялык жактан алганда, мындайда оппозиция өзүнүн бирдиктүү жалгыз талапкери менен чыгышы керек эле. Бирок Өзбекстанда да, Түркмөнстанда да оппозиция саясий оюнга катыша алган жок.

Мухаммад Салих 1992-жылы Ташкенттеги оппозициянын митингинде
Мухаммад Салих 1992-жылы Ташкенттеги оппозициянын митингинде

Оппозиция кайда?

"Каримов өлгөнгө чейин оппозициянын бийликке келүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес, – дейт Мухаммад Салих. – Анткени ал убакта, Каримов 27 жыл башкарып турган чакта, бардык оппозициялык түзүмдөрдү репрессия жана мамлекеттик террор шал кылып салган. Бүт бойдон. Түрмөгө камашчу. Жок кылышчу. Өлкөнүн чегинен тышкары кууп чыгышчу. Биз атүгүл өзүбүздүн чогулуштарды да ачык өткөрө албай калганбыз. Бир үйгө 10 кишини да чогулта алчу эмеспиз. Артыбыздан дароо келип кармап кетишчү. Өзбекстанда ошончолук катаал саясий репрессиялар болду".

Мухаммад Салих, өзбек саясий оппозициясынын ишмери жана жазуучу
Мухаммад Салих, өзбек саясий оппозициясынын ишмери жана жазуучу

Өзбекстандагыдай эле түркмөн оппозициясы да куугунтукталып, Сапармурат Ниязов каза болгон учурда анын бардык активдүү мүчөлөрү темир торго камалган же өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон дейт Нурмухаммед Ханамов:

"Биз оппозиция дагы президенттик шайлоого катышууга даяр экенин айтып, талапкерибизди сүрөп чыгууга аракет кыла баштадык. Бул жерде иш-чараларды өткөрдүк. Бизге укук коргоочу эл аралык уюмдар жардам беришти. Андан кийин биз бул маселени Европа Биримдигине алып чыктык. Европа Биримдиги жана европалык парламентарийлер бизди оппозиция катары колдоп, ошол учурда кепил болду. Анткени Оразов да, мен да 2002-жылы төңкөрүш жасоого жана Ниязовго кол салууга аракет кылган деп жалган жалаага кабылып, бизге карата өмүр бою эркинен ажыратылсын деген өкүм чыгарылды. Ошондуктан эгерде республикага кайтып келип, Түркмөнстандын президентин шайлоого өз талапкерлигибизди койсок, биз дароо эле темир торго түшүп калмакпыз”.

Түркмөнстандын саясий оппозициясынын ишмери Нурмухаммед Ханамов
Түркмөнстандын саясий оппозициясынын ишмери Нурмухаммед Ханамов

Демек, бийликтен көрсөтүлүүчү талапкерге альтернатива жок. Бирок ал жалгыз талапкер ким болот?

Бийликтен талапкер

Каримов каза болгон кезде Шавкат Мирзиёев 13 жыл бою Өзбекстандын премьер-министри болуп турган. Бирок Каримовдун көзү тирүү убакта ал ыктымалдуу жалгыз мураскер болгон эмес.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Эгемендик күнү бийлеп жатат. Анын сол жагында – премьер-министр Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 2007-жыл, 31-август
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Эгемендик күнү бийлеп жатат. Анын сол жагында – премьер-министр Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 2007-жыл, 31-август

Вице-премьер Рустам Азимов бар эле (Оксфорддун бүтүрүүчүсү, чет элдик экономика жана инвестиция маселелерин көзөмөлдөгөн), Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятов да бар эле. Аларды көбүнчө негизги үч талапкер деп аташчу. Бирок Каримов каза болгондо, алардын ортосунда эч кандай күрөш жүргөнү байкалган жок.

Мухаммад Салих Каримов Ташкентте каза болгондо, андан ары эмне болору мурдараак эле аныкталып калган деп эсептейт:

"Ролдор бөлүштүрүлгөн болчу. Баары, ар бири өздөрүнө тагылган ролдорду так ойношту. Ал эми Нигматулла Юлдашев дароо эле, биринчи эле күндөн тартып, чү деген жерден өзүнө берилген текстти сөзмө-сөз окуп берди. Ал ошол тексттин чегинен чыккан жок. Рустам Азимов да, башка ыктымал талапкер деп эсептелген адамдар да эч кандай талапкер болушу мүмкүн эмес эле. Талапкер Каримов өлөрдөн алда канча мурун эле аныкталып калган. Мен ушундай деп ойлойм".

Түркмөнстандагы кырдаал кыйла чиеленишкендиктен, Бердымухамедовдун бийликке келиши анча айкын эмес эле. Эксперттер анын абдан жолдуу болгонун айтышат. Анткени Ниязов өзүнүн чөйрөсүндөгү ыктымал атаандаштарынын баарын жок кыла берчү. Демек, саясий элитадагы күчтөрдүн катышы ар дайым өзгөрүп турат.

Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов Ашхабаддагы иш-чаралардын биринде. 14-декабрь, 2005-жыл
Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов Ашхабаддагы иш-чаралардын биринде. 14-декабрь, 2005-жыл

"Ниязов өлгөнгө чейин Бердымухамедов көлөкөдө болгон, – дейт Ханамов. – Атүгүл соӊку кезде деле, эгерде Ниязов өлбөй калса, ал вице-премьер-министрлик кызматында тура алмак беле же жокпу, билбейм, белгисиз. Анткени акыркы убакта Ниязов аны катуу сындаган эле. Ошондо баары анын тагдыры чечилип калды деп ойлошкон. Бирок баары тескерисинче болуп чыкты. Ниязов каза болду, Бердымухамедов учурдан пайдаланып кетти.
Ал учурда Бердымухамедовдун күчтүү атаандаштары бар эле. Биринчиси – Режеп Сапаров. Бул Ниязовго абдан жакын киши болгон. Ал эми экинчиси – Ёллы Курбанмурадов. Бирок Ниязовдун өмүрүнүн акыркы жылдарында ал соттолуп, түрмөгө камалганы Бердымухамедов үчүн абдан пайдалуу болду. Ошондуктан Бердымухамедовдун жолу ачылды".

Диктаторду акыркы сапарга узатуу

Ошентип, диктатор өлдү. Жаңы тыӊ чыкма – келечектеги президент – аныкталды. Эми аз эле иш калды: мурунку диктаторду көмүп, жыйынтыгы алдын ала белгилүү болгон шайлоо өткөрүп коюш керек. Бул учурда экөө тең – формалдуу эле азем. Бирок совет доорунан бери келаткан маанилүү өрнөк бар: лидер өлгөндөн кийин анын ордун ээлей турган жаңы жетекчи аза күтүү комиссиясын башкарат.

Ленин каза болгондо, Сталин аны акыркы сапарга узатуу аземинде комиссиянын төрагасы болгон. Ал дароо болбосо да, кийинчерээк, сөөк коюудан кийин башталган саясий күрөштө бир нече атаандашын жок кылып, Коммунисттик партиянын башында туруп калган.

Сталинди акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча комиссияны Хрущёв жетектеген. Айтмакчы, ал өзү өлө электе эле кызматынан четтетилген. Бирок анын ордун баскан Брежнев кызматтан кете электе каза болуп, салт улана берди: Брежневди Андропов, Андроповду Черненко көмдү да, Черненкону СССРдин соңку президенти Михаил Горбачев акыркы сапарга узатты.

Ниязовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 2006-жыл, декабрь
Ниязовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 2006-жыл, декабрь

Түркмөнстанда Ниязов өлгөндөн кийин сөөк коюу салтын советтик үлгүгө ылайыктап алышты.

Гурбангулы Бердымухамедов өлкөдө таанымал эле, бирок тирүү диктатордун тушунда өзүн мураскер катары көрсөтүү ал үчүн өтө кооптуу кадам болмок. Ал эми сөөк коюу комиссиясын жетектегенде, Сталин, Хрущёв жана Андропов сыяктанып, керектүү ишаратты дароо берүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу аземинде. 2016-жыл, сентябрь
Шавкат Мирзиёев Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу аземинде. 2016-жыл, сентябрь

Бир аз убактан кийин, Ислам Каримов каза болгондо, Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев да сөөк коюу комиссиясын жетектеп, кийинки президент болду. Жалпы коомчулукка “биз эми мындан ары башкара турган адам ушул болсун деп чечтик” деген ишарат берилди. Башка ким болмок эле? Ошентсе да, келечекте кээ бир өзгөрүүлөр болчудай.

Диктатуранын экинчи версиясы
"Түркмөнстанда, эсиңизде болсо, Ниязов билим берүү системасын – орто билимди (мектептерди) да, ЖОЖдорду да толугу менен жок кылган, – дейт Нурмухаммед Ханамов. – Сиз эки жылдык университетти же жети жылдык окуудан соң дагы эки жыл практикадан өткөргөндөн кийин гана диплом бере турган медициналык институттун эки эле жыл менен чектелип калганын элестете аласызбы? Ошончонун баары эки жыл менен бүтүп калчу.

Сапармурат Ниязовдун "Рухнама" китеби"
Сапармурат Ниязовдун "Рухнама" китеби"

Он бир жылдыкты тогуз жылга түшүрүп, көптөгөн негизги предметтерди жоюп салып, өзүнүн "Рухнамасын" негизги сабак кылып койгон эле. Билим берүү системасынын кыйрашы – бир. Экинчиси – карылардын пенсия албай калышы. Түркмөндөрдө балдар кары-картаңдарга кам көрүшү керек, багышы керек деп эле коюшту. Ошондой эле айлардын, апта күндөрүнүн атын өзгөртүү сыяктуу жоруктар болду.

Ал эми Бердымухамедов президент болуп калгандан кийин, анын бийликке кандайча келгенин билсек да, биринчи жылы биз аны сындабай деле калдык (“болуп калган” деп бекеринен айткан жокмун – ал шайланбай эле болуп алган эле). Анткени анын алгачкы кадамдары элге жакты. Пенсияларды калыбына келтирип, билим берүү системасын, айлардын атын, жуманын күндөрүн өзгөртө баштады. Биринчи кадамдарына карап, реформатор боло алат экен деп ишендик.

Гурбангулы Бердымухамедов жана Владимир Путин. 2007-жыл
Гурбангулы Бердымухамедов жана Владимир Путин. 2007-жыл

Бердымухамедов алгачкы кадамдарынан кийин кайра эле Ниязовдун жолуна түштү: элди коркутуп, оппозицияны кыса баштады. Анан Ниязовдон да бетер болуп кетти. Ниязов балдар үйүндө өскөндүктөн, анын туугандары дээрлик болгон эмес, Гурбангулы Бердымухамедовдун эже-карындаштары, демек, чоӊ эле жээндери болгон. Ошондуктан бизнестеги бардык майталкан жерлер анын тууган-уругунун колуна өтө баштаган, азыр да жагдай ушундай.

Биз Бердымухамедовго, бүгүнкү күндө анын уулу башчылык кылган режимге каршы күрөштү уланттык. Уулу бийликке келгенде деле дээрлик эч нерсе өзгөрбөй кала берди. Анын аялдарга карата мамиле кыла баштаганын караңыз: чач боёого, атыр-эндик колдонууга, эрин же тырмак боёого тыюу салды. Бул орто кылымдарга кайтуубу? Орто кылымдарда деле азиялык аялдар дайыма чачын кына менен боёп, сурманы колдонушчу да. Ал эми Бердымухамедовдун уулу атасынан да ашып түштү".

Ниязов жана Бердымухамедовдун доорундагы Түркмөнстан, ошондой эле Каримов жана Мирзиёевдин доорундагы Өзбекстан сыртынан караганда кескин өзгөргөн сыяктанат. Бирок иш жүзүндө бул жылтырак, көзгө урунган өзгөрүүлөр өлкөдөгү саясий системага эч таасир эткен жок.

Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев


Өзбекстанда башчы алмашканда өзгөрүүлөр башталгандай сезилди, бирок бул саясий системада чыныгы жаӊылануу болгон жок дейт Мухаммед Салих: "Мирзиёев келгенден кийин коомдук-саясий турмушта, айрыкча экономикалык чөйрөдө жана тышкы саясатта либералдаштырууга карай алгачкы кадамдар жасалгандай көрүндү. Тажикстан менен Кыргызстанга эшигин ачып, бажы системасын жумшартты. Биздин бир тууган өлкөлөрүбүздүн ортосундагы соода бул кезде кыйла жанданып, валюталык операциялар жеңилдетилгендиктен, адамдар акчасын жаӊы ачылган алмаштыруу кеңселеринен эле алмаштыра алган жагдай түзүлдү. Чындыгында бул Каримовдун режимин ушинтип боёп койгон жорук эле, анткени толук масштабдуу саясий реформа болгон жок. Дагы эле боло элек, реформа болорун күтпөй деле калдык.

Режим гана өзгөрбөй калган жок – баары мурункудай, негизги кадрлар да ошол эле эскилер, – дейт Салих. – Мен бүгүнкү саясатта кызматтан кеткен “кгбычы” генерал Руслан Иноятовдун деми дагы эле сезилип турарын анык билем. Ал өзү көрүнбөсө да, саясаты Өзбекстанда дагы эле уланууда, атайын кызматтарда бүт эле КГБ, ФСБ менен, Москва менен байланышкан адамдар отурат. Укук коргоо органдары бул эски советтик “кгбычылардан” толук тазаланышы керек. Ошондо гана реформа болушу мүмкүн. Реформага каршы негизги тоскоолдук – “кгбы” системасы, Каримов режиминин калдыктары. Азыр сүйлөбөйм, унчукпайм, анткени пайдасыз. Эгер сөз кылсам, 25 жыл мурун айтканымды кайталап, ошол ойлорумду айтышым керек болмок. Эмне үчүн ошол эле сөздөрдү кайталашым керек? 25 жыл бою бир эле сөздү айта бергенден уялам, ошондуктан көбүнчө унчукпай жүрөм. Менин унчукпаганым – эң катуу нааразылыгым".

Шавкат Мирзиёев жана Владимир Путин. 2016-жыл
Шавкат Мирзиёев жана Владимир Путин. 2016-жыл

Бердымухамедов да, Мирзиёев да чындыгында мурдагылардан калган мамлекеттик аппаратка таянышат. Депутаттар, саясатчылар, коопсуздук күчтөрү – баары мурункудай иштешет. Ошондуктан алар келгенден кийин бул өлкөлөрдө жаңы режим орнобой эле, эски жол уланууда. Мурунку диктатуранын эле экинчи версиясы: Мирзиёев, Каримов сыяктуу эле, экинчи мөөнөтүнөн кийин дагы мыйзамдуу башкаруу үчүн Конституцияны өзгөрттү. Ал эми Бердымухамедов андан да катуу кетти – уулун президент кылып койду.

Макала орус тилинен которулду. Түп-нускасын бул жерден окусаңыз болот.

  • 16x9 Image

    Каарманбек Кулуев

    "Азаттыктын" социалдык медиа боюнча продюсери. Лондон Экономика мектебинин магистратурасынын бүтүрүүчүсү. Буга чейин "Азаттык+" жаштар студиясынын продюсери, "Ынтымак" телерадиосунун жетекчиси, БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыш боюнча адиси болуп эмгектенген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG