Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

"Эхо Москвы" радиосунун журналисти бычак жеди


Татьяна Фельгенгауэр
Татьяна Фельгенгауэр

Орусиядагы "Эхо Москвы" радиосунун белгилүү журналисти Татьяна Фельгенгауэрге кол салуу болду. Белгисиз адам Москвадагы радиостанцияга кирип келип, журналистке бычак урган.

Дүйшөмбү күнү түшкө маал "Эхо Москвы" радиосунун Москвадагы баш кеңсесинде ойго келбеген окуя болду. Радионун башкы радокторунун орун басары жана алып баруучу Татьяна Фельгенгауэрге кеңсеге кирип келген белгисиз адам бычак урду.

Ошол замат ооруканага жеткирилген журналистке операция жасалды. Кол салган кишини радионун коопсуздук кызматкерлери кармап, полицияга өткөрүп беришти. Ал чет өлкөнүн жараны экени кабарланды. Федералык тергөө комитети адам өлтүрүүгө аракет кылды деген берене менен кылмыш ишин козгоду.

Учурда кол салган адам радионун 14-кабаттагы кеңсесине кантип кирип келгени аныкталып жатат. Радионун башкы редактору Алексей Венедиктов бул окуяны "бандиттердин кол салуусу" деп атап, анын чоо-жайы боюнча өз маалыматы менен бөлүштү:

"Ал "Стройгаздын" кароолчусунун көзүнө газ баллон чачып, ылдый жактан кирип келген. Кароолчуга тез жардам чакырылды. Андан соң кол салган адам радиостанцияга чуркап жеткен. Конок бөлмөсүнө кирип, Танянын мойнуна бычак урган. Доктурлар айткандай, Танянын жарааты орточо оордукта".

Кол салган адам кармалып, полицияга өткөрүлүп берилди, 23-октябрь 2017-жыл.
Кол салган адам кармалып, полицияга өткөрүлүп берилди, 23-октябрь 2017-жыл.

"Эхо Москвынын" окуяга күбө болгон журналисти Сергей Бунтмандын айтымында, кол салган адам эч добуш чыгарбастан кирип келип, Татьяна Фельгенгауэрди кармап алып, бычак менен ура баштаган.

Алдын ала маалыматтарда бул кол салууга жеке пикир келишпестик себеп болду деп кабарланды. Бирок саясат таануучу Екатерина Винокурова "ВКонтакте" социалдык түйүнүндөгү баракчасына: "Таня жана "Эхо Москвы" канча жылдан бери бутага алынып келет",-деп жазды.

32 жаштагы Өзбекстанда төрөлгөн журналист Татьяна Фельгенгауэр бул радиодо 12 жылдан бери иштейт. Ал орусиялык таанымал журналист жана аскердик эксперт Павел Фельгенгауэрдин өгөй кызы.

Орусиянын Журналисттер биримдигинин башчысы Всеволод Богданов Фельгенгауэрге кол салууну айыптап, Эл аралык басма сөз федерациясынын мүчөсү болгонуна карабастан Орусияда журналисттердин коопсуздугу сакталбай жатканын айтты.

"Эхо Москвы" радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов.
"Эхо Москвы" радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов.

Орусияда журналисттер коркутууга жана кол салууга кабылган учурлар көп катталат. Нью-Йорктогу "Журналисттерди коргоо комитети" билдиргендей, 2017-жылы Орусияда эки журналист киши колдуу болгон. "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун маалыматына ылайык, Орусия медиа эркиндиги боюнча 180 өлкөнүн ичинен 148 орунда турат.

Сентябрь айында "Эхо Москвынын" дагы бир журналисти Юлия Латынина өз өмүрүнө кол салуу болгондон кийин Орусиядан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

"Эхо Москвы" радиосу 1990-жылдан бери Орусиянын аймактарында жана айрым КМШ өлкөлөрүндө обого чыгып келатат. Кремл көзөмөлдөгөн "Газпром" мунай компаниясы ээлик кылган кылган бул радиостанция Орусиядагы саналуу көз карандысыз медиа каражаттарынын бири. Радиодо Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан айырмаланган, бийликке сынчыл көз караштагы пикирлер да жаңырат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG