Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Оштогу ураганы турган үйлөрдүн азабы


Авариялык абалда делген үйлөр. Ош шаары
Авариялык абалда делген үйлөр. Ош шаары

Ош шаардык мэриясы ураганы калган көп кабаттуу эки үйдүн жашоочуларын чукул арада башка жакка көчкүлө деп эскертти.

Калаа жетекчилиги ал тургай жаңы үй сала турган инвестчини да таап койгонун кабарлады. Тургундар болсо башка жакта жашоого шарттары жоктугун айтып, мэриядан шаштырбоону өтүнүшүүдө.

Ош шаардык мэриясы, Экологиялык-техникалык инспекция, Архитектура башкармалыгы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен түзүлгөн атайын топ урап калышы мүмкүн делген үйдүн жашоочуларынын ар бири менен жолугуп, эскертүү берди. Алардын айтуусунда, Курманжан датка көчөсүнүн 264- жана Ленин көчөсүнүн 351-көп кабаттуу үйлөрү соңку жер силкинүүдөн кийин жашоого дээрлик мүмкүн болбой калган.

Ага карабай башка жакка көчпөй жаткан тургундарга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров мындайча кайрылды:

- Бизге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Экологиялык-техникалык инспекция “бул жерде жашоого мүмкүн эмес” деген бүтүмүн берген. Сиздердики 4-даражадагы авариялык үй – жашоого кооптуу. Ошого байланыштуу сиздерди атайын эскертип атабыз. Дагы бир 5-6 балл жер титиресе үйүңөр күп этип түшүп калат. Адам өмүрү кыйылса, ага ким жооп берет? Ошого туугандарыңардын үйүнө барып жашап тургула же батирге чыгып кеткиле. Ордуна тезирээк үй салынуусун кааласаңар, биз дароо инвестор таап беребиз. Өзүңөр сүйлөшүп, макулдашып, анан чыгып кетесиңер. Үйүңөрдүн чарчы метрине жараша жерди силерге бекер берет, калганын сатып аласыңар.

Үйлөрдүн дубалдары ушундай болуп жарылып кеткен
Үйлөрдүн дубалдары ушундай болуп жарылып кеткен

Калаа жетекчилери аталган эки көп кабаттуу үйдүн тургундарына буга чейин да бир нече жолу эскертүү беришкен. Үйлөр алгач 2008-жылы эле жараксыз абалга келип, 2011-2012-жылдары да зилзаладан жабыр тарткан. Соңку жер силкинүүлөрдөн кийин үйлөр такыр эле жашоого мүмкүн болбой калганын бийликтегилер эскертип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык бөлүмүнүн өкүлү Нурбек Исмаилов буларга токтолду:

- Жер титирөө катуураак болсо бул үй көчүп түшүп калышы мүмкүн. Анткени турак үйлөрдүн ички “сөөктөрү” толугу менен жараксыз болуп калган. Биз жашоочуларга 2008-жылы эле эскертүү бергенбиз. Жыл сайын барып айтып, кулактандырып, үй көчүп түшөт деп эскертебиз. Алардын менчик үйү болгондуктан биз аларды же үйүнөн кууп чыга албайт экенбиз.

Үйдүн дагы бир жарака кеткен бурчу
Үйдүн дагы бир жарака кеткен бурчу

Шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан бул эки көп кабаттуу үйдө 100гө жакын үй-бүлө жашайт. Калаа бийлиги үй бузулуп анын ордуна жаңы турак жай салынгыча жашоочуларды башка жакта түнөп турууга чакырууда. Шаардык мэрия чечим акыркы экенин эскерткиси келдиби, айтор, үйлөрдүн биринчи кабатында жайгашкан дүкөн, кафе жана башка жайлардын жарыгын жана сууларын өчүрдү.

Дүкөндөрдүн биринин ээси Айзат Сапарбекова бийликтин бул аракетин мыйзамсыздык катары баалады:

- Биринчиден, мэрия келип, биздин өз үйүбүздөн мыйзамсыз түрдө дароо кууп чыкканга акысы жок. Экинчиден, бул үйдүн абалы бүгүн-эртең түшүп кала тургандай анчалык деле коркунучтуу эмес. Ошентсе да биз башка жакка чыгып кетүүгө макулбуз, бирок аны үчүн биринчи жаңы үй сала турган киши менен ачык сүйлөшүп алышыбыз керек. Анан келип алып эле бизди жарыгыбызды өчүрүп салышканы, суубузду бууп кетишкени бул акылга сыйбаган нерсе. Мэриянын бул кадамы, биринчиден, мыйзамсыздык, экинчиден, акылсыздык. Анткени, бул биздин менчигибиз.

Үйдөгү жарака
Үйдөгү жарака

Жашоочулар ошондой эле башка жакта батирде жашоого жетиштүү каражаттары жоктугун билдирүүдө. Алар мындан сырткары жаңы үй салчу инвесторлор алдап кетет деп да кооптонуп турушат. №264-үйдүн тургуну Жамила Кадырова мындай дейт:

- Жер титириген сайын коркуу сезиминде жашайбыз. Жашоочулар чыгып кеткенге деле макулбуз. Бирок бизге келе турган инвестор бизди алдап кетпейт деп, мэрия бизге убада бериш керек. Анткени азыр ушундай үйлөрдүн ордуна үй кургандар менчик ээлерин алдап кетип атышат. Экинчиден, алар үйдү сапаттуу сала алышабы, ага да кепилдик болуш керек. Эгер алар да чала-бучук, эптемей үй салып, бизди киргизип коюшса, анда бизге не пайда. Авариялык үйдөн, кайра авариялык үйгө барып жашагандай эле болуп калабыз. Азыр жаңы салынган үйлөр бир-эки жер титирегенде эле жарака кетип калып атпайбы. Биз батирге чыксак, анын акысын да төлөп бере тургандай болушу керек. Ошол себептүү мэрия бизди “бүгүн-эртең үйдөн чыгып кеткиле” дегени туура эмес.

Ош шаардык бийлиги азырынча жаңы үйдү курчу инвесторлордун аты-жөнүн жана компанияларды жарыялай элек. Эки күндүн ичинде ишкерлер жашоочулар менен жолугушаарын мэрия кабарлаганы менен, алар үй ээлери менен али жолугуша элек.

Соңку катар-катар орун алган зилзаладан кийин Ош шаарындагы жабыркаган 178 объекти текшерилген. Анын ичинен 60тай жеке турак жай жана 20дай социалдык объектилер кооптуу абалда экендиги жана толугу менен кайра оңдолушу керектиги аныкталган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG