Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Европа оогандарга мамилеси үчүн сын укту


Германиядан депортацияланган ооган жигит Кабул аэропортунда, 2017-жылдын 24-январы.
Германиядан депортацияланган ооган жигит Кабул аэропортунда, 2017-жылдын 24-январы.

Amnesty International уюму Европа Биримдигин ооган качкындарын депортациялоону токтотууга чакырды.

Эл аралык “Эмнести интернешнл” уюмунун жаңы баяндамасында депортацияланган оогандардын өмүрү коркунучта экени айтылат. Өткөн жылы Европа өлкөлөрүнөн тогуз миңден ашуун качкын Ооганстанга жиберилген.

“Эмнести интернешнл” уюму Европа өлкөлөрүнүн башпаанек сурап келген ооганстандыктарды күчтөп өз мекенине кайтарып жатканы “эл аралык укукту атайлап бузуу” болуп саналат деп айтып чыкты. Баяндаманын авторлору миңдеген оогандыктардын укуктары тепселенип, зордук-зомбулукка, кыйноолорго, өлүмгө дуушар болуп жатканын билдирет.

Эл аралык уюм ошондой эле Европа өлкөлөрүн оогандыктарды кайра мекенине кайтарууга мораторий киргизүүгө үндөйт. Уюмдун Евробиримдик боюнча кеңсесинин директору Айверн МакГаун кайтып баргандарга Ооганстанда кооптуу экенин белгилеп, өлкөдө коопсуз кырдаал түзүлмөйүнчө "качкындарды кайра кайтарууга мораторий киргизүүнү" сунуштайт.

Жаңы баяндамада күчкө салып жана “өз эрки менен” депортацияланган качкындардын саны өткөн жылы мурдагыга салыштырганда үч эсе көбөйүп – тогуз жарым миң кишиге жеткени белгиленет. Алар негизинен Норвегиядан, Голландиядан, Швециядан жана Германиядан өз жерине кайтарылгандар.

Ооган качкындары
Ооган качкындары

Докладдын авторлорунун бири Анна Шей Европа өлкөлөрү депортациялангандардын санын көбөйтүү менен "жоопкерчиликсиз жана мыйзамсыз саясатты ишке ашырууда” – дейт. “Мен Кабулда кезиктирген адамдардай жүрөгү түшкөндөрдү эч бир жерден көргөн эмесмин. Алар террордук чабуулдарга кабылабыз же жараат алабыз деп коркушат. Андан дагы ким экени билинсе кол салууга кабылабыз деп чочулашат” - деди Шей.

Докладда мекенине кайткан диний жана сексуалдык азчылыктардын өкүлдөрү өз өмүрү үчүн өтө кооптонуп турганын баса белгиленет. Алардын арасында балдар жана кичине кезинде Европага келген өспүрүмдөр да бар.

Баяндаманын авторлору депортациялангандардын айрымдары менен жолукканда, алар келгенден кийин өлкөнүн ар кайсы тарабына жөнөтүлгөнүн айтып беришкен.

“Эмнести интернешнл” Ооганстанда киши өлтүрүү, уурдоо, бирөөнүн менчигин тартып алуу, кыйноо жана адамдын фундаменталдык укуктарынын бузулганы кеңири жайылган көрүнүш экенин белгилейт. Мындай мыйзам бузуулар өкмөт көзөмөлдөгөн аймактар менен 20дан ашуун куралдуу топтор басып алган жерлерде бирдей жайылган.

Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын миссиясы өткөн жылы өлкөдө болгон чабуулдардан мерт кеткен карапайым адамдардын саны 11 миңден ашканын билдирет.

2001-жылы Кошмо Штаттар НАТОдогу өнөктөштөрү менен Ооганстанга кирип, талиптердин режимин кыйраткан. 16 жылдан бери бул өлкөдө тынчтык орнобой, өкмөттүк армия менен куралдуу топтордун кармашы уланып келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG