Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:14

Онлайн экстремизм дүйнөнү чочутууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө лидерлери жана ири технологиялык компаниялардын жетекчилери Парижде Интернеттеги экстремизмге каршы жыйынга чогулушту.

Саммит Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн менен Франциянын президенти Эммануэл Макрондун демилгесинен улам өткөрүлдү.

«Microsoft», «Google» сыяктуу бир катар ири технологиялык компаниялардын башчылары, Британиянын премьер-министри Тереза Мей, Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдо баш болгон 15тей өлкөнүн лидерлери Франциянын баш калаасы Парижге 15-майда чогулушту. Интернеттеги зомбулуктун жайылышына каршы чара көрүү боюнча демилгени Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн сунуш кылып, аны Франциянын лидери Эммануэл Макрон биринчилерден болуп колдогон.

Жыйындын уюштурулушуна үч ай мурда Жаңы Зеландиянын Крайсчөрч шаарында болгон теракт түрткү болду. Анда ак расанын үстөмдүгүн жактаганын айткан адам эки мечитте 51 кишини атып кеткен. Ал бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатканын башына тагып алган камерадан социалдык тармак аркылуу түз көрсөткөн. Айрым колдонуучулар анын видеосун социалдык түйүндө бөлүшүүгө үлгүрүшкөн.

Крайсчөрч шаарындагы теракт болгон мечит.
Крайсчөрч шаарындагы теракт болгон мечит.

«Фейсбук» компаниясы 24 сааттын ичинде бул видеонун баш-аягы 1,5 миллиондой көчүрмөсүн өчүрсө да терактты жайылтууга жол бергени үчүн катуу сынга кабылган. Ошондуктан Интернет гиганты алгач социалдык тармактагы ак расанын үстөмдүгүн жактаган көз караштарга, экстремисттик билдирүүлөргө тыюу саларын жарыялаган. Андан соң Париждеги жыйынды утурлай видеону онлайн режимде көрсөтүү боюнча жаңы эрежелерди кабыл алганын билдирди. Компаниянын жетекчилиги эреже бузуу менен түз көрсөткөндөр дароо бөгөттөлөрүн жарыялады.

«Зомбулукту чагылдырууга, экстремисттик маанидеги видео жана аудио тасмалардын социалдык тармактарда жайылышына жол берүүгө жана аны кечирүүгө болбойт», -деген АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жон Керри ошол эле учурда компаниялар мыйзамдуу талкууларды цензурага албай турганына кепилдик бериши керек экенин белгиледи.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн. Веллингтон. 15-апрель, 2019-жыл.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн. Веллингтон. 15-апрель, 2019-жыл.

Кошмо Штаттар социалдык тармактарда терроризмди жайылтпоо максатында технологиялык компанияларды чогуу иштешүүгө чакырган Ардерндин демилгесин колдоодон баш тартып, Парижге өз делегациясын жибербей койду. Анткен менен Ак үй чакырыктагы жалпы максаттарды колдой тургандыгын жана Интернеттеги экстремизмге каршы күрөштү уланта берерин билдирди. Ошол эле учурда Силикон өрөөнүндөгү ири компаниялардын жетекчилери Париждеги саммиттке келишти.​

Жыйындын соңунда мамлекеттердин жетекчилери жана IT компаниялардын лидерлери атайын документке кол коюшту. Юридикалык күчү жок бул келишимди жактырган мамлекет лидерлери экстремизмге каршы мыйзам долбоорлорунун сакталышын катуу көзөмөлгө алууга, террорчулуктун негизги себептеринен арылуу боюнча чара көрүүгө милдеттенме алышты. Ал эми технологиялык компаниялардын лидерлери экстремисттик контент менен күрөшүү боюнча кошумча так чараларды киргизүүгө убада беришти.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG