Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Жаркын элесиңиз эч качан эстен кетпейт, Гүлмира эже!


Маркум профессор Гүлмира Сулайман кызы Мамбеталиева (1956-2017).
Маркум профессор Гүлмира Сулайман кызы Мамбеталиева (1956-2017).

Кыргыздын заманбап илимпоз жана демөөрчү кыздарынын бири, маркум Гүлмира Сулайман кызы Мамбеталиеваны (1956‑2017) эскерген күндөлүк саптары.

Гүлмира Сулайман кызы Мамбеталиева эжекебиз болгону алтымыш бир жаштын чайын иче баштаганда мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Азыркы учурдун цивилизациялык сереси бул жашты чыгармачыл жана башка коомдук баамдан алганда нагыз толукшуп турган чак деп мүнөздөйт.

Эжебиздин өмүр жолу тууралуу кыргызча “Википедиядан” жана башка булактардан аздыр-көптүр маалымат алууга болот.

Бирок бул супсак маалыматтын артында атажуртун башкача сүйгөн, сөзү менен гана эмес, ар кыл нуктагы иши менен да Кыргызстандын гуманитардык илимдер тармагына, көркөм өнөрүнө, билим берүү тармагына, музей таануусуна меценат (демөөрчү) катары эбегейсиз зор салым кошкон инсандын тагдыры тургандыгын ар ким эле элес ала бербейт.

Өткөн кылымдын соңунда, 1999-жылы, Гүлмира эже “Оптималдаштыруу өнүгүп келе жаткан түшүнүк катары: логикалык-гносеологиялык анализ” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон.

Он жыл өткөн соң, 2009-жылы, Гүлмира эже саясат таануу тармагында докторлук диссертациясын коргомокчу болуп калды. Диссертациялык кеңештин отурумуна мен да карапайым байкоочу катары катышып, эжекенин жогорку илимий деңгээлине күбө болдум. Татаал да, жеңил да, “кантээр экен” деп сынамакка берилген да ар кандай суроолорго эжекебиз татыктуу жооп берип, интеллектуалдык (айдыңдык) көрөңгөсү терең экендигин, узак жылдар бою эмгегин бышырып келгендигин тастыктады.

Бул отурумда ар кыл татаал суроолор узаткан бир профессор замандашыбыз “азыркы чоң байдын жубайы катары эмес, татыктуу, зирек, өзү иликтеген маселени эл аралык деңгээлде талдай билген окумуштуу катары жооп берип жаттыңыз” деп эжекеге жакшы баасын айтканы эсте.

Ошентип, Г.С.Мамбеталиева «Улуттардын Шериктештиги азиялык мүчө-өлкөлөрдөгү саясий процесстердин фактору катары» деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактап, саясат таануу илимдеринин доктору даражасына татыды. 2016-жылы 24-ноябрда эжекеге саясат таануу адистиги боюнча “профессор” окумуштуулук наамы ыйгарылган.

Эжекенин негизги илимий эмгектеринин диапозону өтө кеңири болду: эл аралык мамилелер, азыркы дүйнөлөшүү жүрүмдөрүнүн шартындагы саясий жана философиялык көйгөйлөр, ошондой эле демократия, адам укуктары жана гендердик саясаттагы жаңы баскычтар жана башка илимий маселелер анын эмгектеринде ургаалдуу чагылдырылган.

Гүлмира эжекенин демөөрчү болгондугу тууралуу далай инсандар кабардар. Эми өтө бай инсандын жубайы болгон соң, демөөрчүлүк кылбай койбойт да, деп анын бул ишмердигине кадыресе же төмөндөтүп мамиле кылган замандаштар деле жок эмес.

Бир ирет сыналгыда куудулдар “Кытайдагы панда аттуу аюунун түрүн, Антарктидадагы пингвиндерди сактайлык” деген сыяктуу демилгелерди колдоп, назданган аксөөк айымдар тууралуу сатиралык оюн көрсөтүшкөнү эсимде. Албетте, аларды колдоо керек деңизчи, бирок алиги назданган “демөөрчүлөр” панданы сейрек дарак деп аңдап, пингвинди пигмей менен алмаштырып адашып түшүнүп алышыптыр.

Гүлмира эжекебиз болсо илим, маданият жана көркөм өнөр жаатында даректүү жана натыйжалуу каржылык колдоо көрсөткөн, коомдук ишмер катары өз ордун жана колдоого муктаж багыттарды мыкты таразалай алган инсан эле.

Кыргыздын туңгуч этнограф айымы Какен Мамбеталиева атындагы коомдук фонддун төрайымы катары ал этнография, археология, антропология адистеринин башын бириктирген эл аралык жыйындарды бир нече ирет уюштурду. Жаш тарыхчылар, ‑ арасында археолог Темирлан Чаргынов, этнографтар Айнагүл Жоошбекова, Нурабидин Маразыков, Гүлзада Жумашова сыяктуу таланттуу инсандар, ‑ дал ушул кайрымдуулук корунун сыйлыгына татышты.

Кошой-Коргон ажайыпканасы. Ат-Башы району. 03.11.2015.
Кошой-Коргон ажайыпканасы. Ат-Башы району. 03.11.2015.

Археолог, профессор Кубат Табалдыев Ат-Башы районунун Кошой-Коргон шаар чалыбарынын жанында жаңы ажайыпкана (музей) курулганда, анын археологиялык бөлүмүн түптөөгө кол кабыш кылганын бир ирет айтып калды. Бул ажайыпкана Карахандар доорунда Улуу Жибек жолунун таманында гүлдөп-өскөн Атбаш шаарынын маданий мурасын чагылдырган Ат-Башы өрөөнүндөгү маанилүү музей болуп калды.

Айрым башка жерлерде музей курмак түгүл, эски шаар калдыктары таламакейге айланып жаткан чакта, бул Кошой-Коргон чалдыбарындагы иш-аракет, ошондой эле, Нарын облусундагы Какен Мамбеталиева атындагы чөлкөм таануу музейинин демөөрчүлүк колдоого алынышы өлкөбүз үчүн өрнөктүү иш болуп калды.

Маркум эжекебиз жаш таланттарга камкордуктун түрү катары ырааттуу уюштуруп жаткан кароо-сынактар жөнүндө сүрөттөрдү бир ирет мага салып жибергени эсимде. Далай өнөрлүү ырчы, бийчи, шахматчы жана башка таланттар эжекебиздин батасын алып, эл аралык чөйрөгө чыгышкан.

Нарын шаарында көркөм сүрөт галереясы уюштурулуп, ага облустун ар кыл аймактарында кароосуз калган клубдарда чаң басып жаткан оригиналдуу сүрөттөр топтолгон, башка да жаңы бойок сүрөттөр чогултулуп, аймактагы калайыктын эстетикалык таалим алышына бул галерея огожо болуп калган.

Пост-советтик доордогу бир катар жаңычыл эмгектерге да эжеке демөөрчү болуп, басмадан чыгартты. Өзү кыргыздын көрүнүктүү журналисти, далай жылдар гезит редактору болгон Сулайман Мамбеталиевдин кызы болгондуктан, кыргыз тилин мыкты билчү. Нарындагы В.Чкалов атындагы орус мектебин мыкты бүтүргөн, орус тилинде да жогорку деңгээлде жаза билген адис эле.

Кээде илимий жыйнактардын текстин редакциялоодо ушул эки тилдеги терминдер тууралуу эжебиз менен талкуулашып калаар элек. Мындан улам анын китепти редакциялоо ишине эч кайдыгер карабаган, талапчыл жана кош тилде сөз байлыгы терең дареметтүү сапатын байкап, ыраазы болуп калганымды кошумчаласам ашыкча болбос.

Профессор Гүлмира Мамбеталиева кеңсесинде.
Профессор Гүлмира Мамбеталиева кеңсесинде.

Албетте, Гүлмира эжекенин бул сыяктуу ар кыл багыттардагы демөөрчүлүгүн жана илимий-педагогдук жана башка багыттардагы ишмердигин жан дили менен жана ырааттуу колдоп, аларды каржылашкан инсандар – анын өмүрлүк жубайы, демөөрчү, коомдук ишмер жездебиз Аскар Салымбеков жана алардын уулу, жээнибиз Улукбек экендигин ыраазылык менен баса белгилөө керек.

Эжекебиз эрктүү да, мээримдүү да инсан эле. Айрым бир маселеде талаша кеткенде жүйөөнү уга билчү. Акыры позитивдүү чечим чыгарууга бара алгандыгы – ар кандай турмуштук тар жол, тайгак кечүүдө өзгөчө прагматик инсан экенинен кабар берчү.

Аттиң, айыккыс оору деген Гүлмира эжекебиздей асыл инсандарды да аңдыйт тура!

Акыркы айларда телефон чалып, жолугууга далаалат кылдым, бирок эжекебиз ширесинен ажырап бара жаткан мөмө сымал эң соңку аялуу учурун бизге көрсөткүсү келбеди. Өтө жакындарынын айтымында, ал ар мүнөтү үмүткө, тилекке байланып, жашоодон күдөрүн үзбөй жатып дүйнө салды.

Айтылуу гуманист жана ишкер Стив Жобс да мындай азаптуу ооруга жеңилүүгө дуушар болгон. Жамы журтубуз урматтаган айтылуу ишкер Табыке Эгембердиев агабызды да бул оорудан эч ким арачалап кала албады. Дарыгер академиктер да бул жагдайда алсыз...

Бирок шум ажал бир нерсени жеңе алган жок – Гүлмира эжекебиздин жаркын элеси ар дайым жүрөгүбүздө калат, анын жасаган кайрымдуулук иштери ар дайым эл-жерине мөмөсүн берип келет, анын секулярдык, демократиялуу, көп партиялуу жана парламенттик башкарууну көздөгөн идеялары окуу китептери жана илимий эмгектери аркылуу болочокку муундарды тарбиялоосун улантат.

Ажалдан улук өмүр бар деген ушул.

Эжекенин үй-бүлөсүн, жакындарын жана шакирттерин дал ушуга каниет кылалы деп чакыраар элем.

Постскриптум.

Маркум профессор Гүлмира Мамбеталиеванын ысымы Кыргызстандын Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын түштүк-чыгышындагы "Кой-Таш" эс алуу жайына берилгени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG