Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:45

Каршыбыз! Неге? Ит билсинби..


«Күлкү кербенинин» кезектеги сатиралык жанытмасы.

Жумуш издеп жүргөн эки досту бир жолу кайсы бир шылуундар акча төлөнгөн митингге чакырышты.

- Эмне кылышыбыз керек?

- Жөн гана «Биз каршыбыз!» деп кыйкырып жүрө бергиле, анан борбордук аянттын аркы четинен миң сом акыңарды аласыңар.

- Эмнеге чыгып жатасыңар? Деги биз кимге каршыбыз?

- Аны акча алганыңарда айтабыз!

Алар нааразылык жыйынына көңүлдөнбөй катышты. Кудайдын көзү турат, жарым жолдон «Качып кетсекпи?» деп да ойлошту. Анан «бара көрөлүчү» деп котологон калайыкты ээрчип кете беришти.

Бирок жыйын соңунда берки шылуун аларды алдап: «Экөөңөргө биригип миң сом болот дегем!» - деп аз акча берип туруп, каяккадыр безип кетсе болобу?

Анан эмне... Анан... алар оңой акчанын кыныгын алып, шаардагы улам жаңы бир митингге барып, «Каршыбыз!» деп айбаттуу кыйкырып, эч бел бүгүп, кол күчүркөнтүп кыйналбастан эле чай-чамектик тыйын-тыпыр таап алып жүрүштү.

Бир күнү тиги эргулдар дагы бир чоң жыйынды көрө калып, сүйүнүп жетип келишти да, калайык менен чогуу борбордук аянттан өтүштү.

Эл катары «Биз каршыбыз!» деп кыйкырып да коюп жатышты. Анан эле аянттын четинен эч бир акча берчү киши таппай кайсалактап калышпадыбы!

...Көрсө, бул демонстрация «шайтандын шабырларынын» буга чейинки акча төлөнгөн митингдерине каршы тургандар кайдан-жайдан чогула калып уюштурган, эч акча төлөнбөгөн «флешмоб» деген чогулушу тура, саат баскырдыкы!..

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG