Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Жалал-Абаддагы "тескери" аңчылык


Карышкыр аткан мергенчилер.
Карышкыр аткан мергенчилер.

Жалал-Абадда ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынганы менен адистер иш жүзүндө мораторий иштебей жатканын айтып жатышат. Мындан сырткары карышкыр жана чөө сыяктуу жырткыч жаныбарларды атууга бөлүнгөн каражат да мергенчилерге жетпей келүүдө.

Жалал-Абад облусунун аймагында 2017-жылдан тартып ача туяктуу жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга үч жылга мораторий жарыяланган. Бирок өкмөттүн ал токтому мергенчилик кылгандарга таасир эткен жок. Облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун төрагасы Абдужалил Исмаилов түшүндүрүү иштерин күчөтмөйүн мыйзамсыз аң улоо токтобой турганын айтты:

- Мораторий деп чыкканы менен ал иш жүзүндө аткарылбай жатат. Жакында эле Казарманда үч эликти аткандар кармалды. Мына, мораторий. Бир райондун прокурору, соту же акими мергенчилерге буюртма берип, «бир чоң келе жатыптыр, кийик же аркар атып келчи» десе мораторийге карабастан аткарылат. Мыйзамдын катуу иштебегени болуп жатат. Булар өздөрү «корукчу коомду түгөтөт» болуп жатпайбы. Кожожаш аскада калганы турмуштан алынган эмес. Ал бизге «табиятка аяр мамиле кылбасаңар аскада каласыңар» деген тарбия.

Жалал-Абад облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунда миңден ашык мүчөлөрдүн 650сү мергенчилер. Былтыр август айында башталган аңчылык сезону ушул айдын этегинде жыйынтыкталат. Ушул аралыкта коомдун мергенчилери тарабынан 10 миңге жакын түрдүү канаттуулар, 400дөн ашык коен атылган. Абдужалил Исмаиловдун айтымында, калган жапайы жандыктарды атууга тыюу салынган.

Абдужалил Исмаилов.
Абдужалил Исмаилов.

- Аркар, кулжа, кийик, элик, каман, улар атууга 2020-жылдын 1-июлуна чейин мораторий жарыяланган, - деди ал. - Бул Жалал-Абад облусуна гана тиешелүү. Ал эми Ошто жана Баткенде атууга уруксат берилген. Анткени алардан качкан жапайы жаныбарлар биз жакка өтүшү мүмкүн. Ошондуктан мораторий кезек-кезеги менен коюлуп турат.

Кыш чилдеде тоолуу аймактагы чабандар малын жапайы жаныбарлардан коргоо менен алек. Жергиликтүү тургундар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаменти тарабынан аларды атууга бөлүнгөн каражаттар мергенчилерге жетпей жатканын айтып жатышат. Абдужалил Исмаилов бул багытта 2018-2019-жылдарга мергенчилер коомуна эч кандай акча берилбегенин билдирди:

- Акыркы учурларда чөө жана карышкыр атуу боюнча план аткарылбай калды. Анткени жакынкы эки жылдан бери департамент бизге бир тыйын да акча берген жок. Айтсак эле «Бишкектен каражат которулбай жатат» деп шылтоолошот. Карышкыр аткандар анын терисин же башка мүчөлөрүн сатып акча кылышат. Чөө аткандарга төлөнүп берилиши керек. Былтыр, мисалы, биздин коомдун мергенчилери 70 чөө, 50 карышкыр атышкан. Бирине да каражат берилген жери жок. Анын айынан азыр айылдарда чөөлөр көбөйүп кетти.

Департамент бир чөөгө 2 миң, карышкыр атууга 6 миң сом бекиткен. Жыл сайын бюджеттен бул жумуштар үчүн 6 млн. сомго жакын каражат каралат. Аңчылык департаментинин мурунку кызматкери Абабакир Кадыров мекемедеги коррупциялык иштер боюнча орган кызматкерлерине кайрылганын кеп салды:

Абабакир Кадыров.
Абабакир Кадыров.

- Булар жыл сайын «мынча карышкыр менен чөө атылды» деп жасалма протокол түзүшөт, анан «өрттөдүк» деп бекитишет. Ага келген акчаны жетекчиси менен бухгалтерлери бөлүшүп алышат. Жакында эле телевизордон айтып жатат, «Нарында 400 карышкыр атылды» дейт. Кыяматта да мындай карышкыр атылбайт. Мен өмүрүмдүн баарын ушул тармакка арнаган адаммын. Карышкыр менен чөөнү атуу оңой эмес. Департаментте схема мындай. Быйыл 10 карышкыр атса, анын терисин туздап жашырып коюшат. Кийинки жылы 5 карышкыр атса, аны менен кошуп, акчасын да ала беришет. Бул багытта мен бир топ жолу укук коргоо органдарына кайрылдым. Бирок азырынча жыйынтык болбой жатат. Мен иштеп турган убакта Сузакта бир кийик аткан адамды кармап, ага айып салыш үчүн бир жыл сотто жүгүрүп жүрдүк. Биз мыйзамсыз аңчылык кылгандарды кармаганыбыз менен бошоп кетип жатышпайбы?

Аксы районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну, мергенчи Миркыяз Дилмурат уулу да былтыркы жылдан бери аткан 9 карышкырга мамлекет бир сом да төлөп бербегенин айтты:

Мыркияз Дилмурат уулу.
Мыркияз Дилмурат уулу.

- Токойго 60ка жакын жерге тузак койгонмун. Былтыр декабрь айында эки жана быйыл январь айында 7 карышкырды тузакка түшүрдүм. Алардын бир тобун түрүүлөй кармап алдым. Мамлекет тарабынан карышкырдын башына 5 миң сомдон акчалай сыйлык коюлганын билем, бирок ал акчаны алуу түйшүктүү иш экен. Документ чогултуп жана башка маселелер менен жүрүүнү каалабадым. Анан айыл өкмөтүнө кармалган карышкырларды алып барып көрсөттүм, алар «кийинчерээк акча болот» деп айтышкан бойдон кабар жок. Анткен менен өз алдыбызча карышкырдын терисин жана этин бөлүп сатып олтуруп, ар бирин 18 миң сомго чейин баалайбыз.

Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар департаментинин облустук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Бакыт Жаанбаев айтылгандардын баарын төгүнгө чыгарды:

- Департамент өз убагында акча каражатарын төлөп берген. Былтыр 389 чөө менен 81 карышкырга 1,2 млн. сом каражат которулган. Биз мамлекеттик ишкана болгондуктан быйылкы жылдын бюджети бекитиле элек. Ошондуктан быйыл акча төлөй элекпиз. Ар бир райондо өз алдынча комиссиялар иштейт. Алар карышкыр аткандарды аныктап, документ иштерин бүтүрүшөт. Комиссияга район акимдеринин орун басарлары төрагалык кылышат.

Облус аймагында былтыркы жылы мыйзамсыз аңчылык кылуу боюнча 38 факт катталган. Өткөн айда Тогуз-Тородо үч кийик аткан адамдарга 260 миң сом айыппул салынган. Ача туяктуу жаныбарларга аңчылык кылууга 10 жылга чейин мораторий киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору азыр Жогорку Кеңештин кароосунда жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG