Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

"Имарат эски, комуз жок". Музыкалык мектептердин аянычтуу абалы


Токтогул райондук балдар чыгармачылык үйүнүн имараты.
Токтогул райондук балдар чыгармачылык үйүнүн имараты.

Кыргызстанда учурда 88 музыкалык мектеп бар болсо, алардын 80 пайызынын имараты авариялык абалда. Бул Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин расмий маалыматы. Айрым имараттар капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болсо, кээси жараксыз, жаңы имарат керек.

Адистер өнөрлүү, маданияттуу жаш муундун келечеги үчүн бул маселеге эбак көңүл бурулушу керек эле дешет.

Кооптуу жайда өнөр үйрөнгөн жеткинчектер

Кыргызстанда атайын музыкалык билим берүүчү жогорку окуу жайлардан сырткары 88 музыкалык мектеп ишмердүүлүк жүргүзөт. Алардын ар биринде өнөр ээси болууну көздөгөн ышкыбоздор арбын. Мугалимдер мындай идиректүү жеткинчектердин үмүтүн өчүрбөө үчүн эскилиги эбак жетип, оор абалга келген имараттарда окутууга мажбур.

Заңгыраган имараттарды, тойканаларды салууда атаандашып, курулуш иштери өнүккөн коомдо жашасак да өлкөдөгү маданий жайлардын абалы оор бойдон калууда.

Маселен, Караколдогу балдар музыкалык мектебинин курулганына 90 жылга чукулдады. Анда азыркы тапта 323 окуучу бюджеттик негизде билим алат. Мектеп фортепиано, скрипка, флейта, гитара, комуз, аккордеон, кыл кыяк аспаптарында ойноону үйрөтөт. Аны беш жылдан бери жетектеп келген директору Нарынбек Өмүрзаков учурда маданий жай жаңы типтеги эки кабаттуу имаратка муктаж экенин айтууда:

“Караколдогу музыкалык мектептин имараты 1936-жылы курулган. Эскилиги эбак жеткен. Азыр косметикалык ремонт жүрүп турат. Бирок кооптуулугу бар. Чатырдагы тактайлары чириген. Негизи жаңы имаратка өтө муктажбыз. Бул эски жай кандай курулса ошол бойдон турат. Кабинеттери өтө кичинекей. Эки киши араң батат. Концерттик залыбыз да чакан. Комуз бөлүмүндө эле 120дай окуучу окуйт. Отчёттук концерттерди бергенде кыйын. Андайда айласыз шаардагы театрды ижарага алабыз”.

Каракол шаардык балдар музыкалык мектебинин имараты.
Каракол шаардык балдар музыкалык мектебинин имараты.
Каракол шаардык балдар музыкалык мектебинин чатыры.
Каракол шаардык балдар музыкалык мектебинин чатыры.
Каракол шаардык балдар музыкалык мектебинин бөлмөсү.
Каракол шаардык балдар музыкалык мектебинин бөлмөсү.

Кезинде искусство бааланып турган доордун шарапаты менен бардык аймактарда эле маданий жайлар курулган. Азыр жалпы көл өрөөнү боюнча сегиз музыкалык мектеп иштеп жатат. Бирок көзгө басар Чолпон-Ата шаарындагы мектеп деле Караколдогудай эле 1930-жылдардан кийин салынган. Ал эми Кажы-Сай менен Ак-Суудагы музыкалык мектептер такыр эле жараксыз абалга келди.

Мектептердин имарат маселеси өлкөнүн түштүгүн деле кыйгап өткөн жок.

Жаштар шаары аталган Жалал-Абад шаардык Михаил Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинде 300 окуучу окуйт. Алар билим уясында классикалык (фортепиано, скрипка, гитара үйрөтүлөт), элдик (комуз, кыл кыяк, чоор ж.б аспаптар үйрөтүлөт) жана теория багытында билим алат.

Маданий жайды тогуз жылдан бери жетектеп келген директор Кымбат Бердалиева мектеп имараты жараксыз абалга келгендиктен, былтыр октябрь айында Жалал-Абад шаардык мэрияга караштуу бала бакчанын имаратына көчүшкөнүн айтат. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков жаңы имарат эки жыл ичинде бүтөт деп убада кылган.

“Жаңы салына турган музыкалык мектептин имараты эки жылда бүтөт дешкенинен көчүп келдик. Анткени келишим ошондой болгон. Мурдагы имаратыбыз 1933-жылдары салынгандыктан аябай эскирген. Бирок быйыл депутаттар ал имаратты бузууга уруксат бербеди. Шаар мэри Эрнис Ормоков кийинки жылы жаңысын салууга аракет кылабыз деген. Ошону күтүп жатабыз”.

Жалал-Абад шаардык Михаил Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин эски имараты.
Жалал-Абад шаардык Михаил Глинка атындагы балдар музыкалык мектебинин эски имараты.

Бул мектепте окуучулар элдик бөлүм үчүн айына 293 сом, классикалык бөлүм үчүн 586 сом төлөйт. Жетекчиликтин айтымында бул каражат курулуш материалдары асман чапчып турган учурда маданий жайдын маселесин чечүүгө жетпейт.

Ал эми Токтогул райондук балдар чыгармачылык үйүнүн имараты башкалардан айырмаланып 1970-жылы курулган. Бирок жарым кылымдык имарат деле эскирүүгө эбак моюн сунду. Ага карабастан чыгармачыл багыттагы 14 ийрим бар, ага 500гө чейин бала билим алат.

Мекеменин жетекчиси Айнур Абдырахманова эскилиги жеткен имаратты жаңылоо үчүн өкмөттү карап кол куушуруп отурбай, быйыл май айында борбордогу улуттук филармонияда марафон өткөрүшкөнүн айтат.

Ага Токтогулдан шайланып келген депутаттар баш болуп жердеш өнөр адамдары колдоо көрсөткөн. Абдырахманова кыйын кырдаалдан өз аракетибиз менен чыгып кетебиз деген ойдо.

“Маданият мекемелеринде, чыгармачыл үйлөрдө көйгөй бар экени чындык. Биздин имарат да башка музыкалык мектептердей эле тар. Кабинеттер жетишсиз. Анткени бул имарат кезинде ооруканага ылайыкташып салынган экен. Азыр үстүнөн суу да өтөт. Залы да жок. Анан биз эки жакты карап күтүп отура бербей, бир топ кадам жасап койдук. Буюрса коомчулуктун колдоосу менен көйгөйүбүз чечилип калат деген ойдо турабыз. Анткени бул чыгармачыл үйдөн зээндүү, таланттуу балдар тарбияланат. Миграцияда жүргөн ата-энелердин да балдары бар. Өнөр менен алектенип чоңойгон балдар өлкө келечеги. Аларга кам көрүшүбүз биздин милдет”.

Токтогул райондук балдар чыгармачылык үйүнүн имараты.
Токтогул райондук балдар чыгармачылык үйүнүн имараты.

Музыкалык мектептердеги көйгөй имаратта эле эмес, аспаптарда да бар экенин жетекчилери саймедирешет. Имарат кандай эскирсе, андагы айрым асапатардын да эскилиги жеткен. Анткени айрым мектептердеги рояль, фортепиано өңдүү музыкалык аспаптар союз мезгилинен бери жаңылана элек. Каракол шаардык балдар музыкалык мектебинин директору Нарынбек Өмүрзаков бул жааттагы көйгөйдү да кошумчалады:

“Маданият министрлиги 88 мектепке бир жылда үч фортепиано кезек менен бөлүштүрүп берип жатат. Муну деле түшүнүү менен кабыл алганды үйрөндүк. Негизи фортепиано болобу, скрипка болобу же улуттук аспаптар болобу жалпы жолунан баары эле жетишсиз болууда. Колдон келсе окуучуларыбыздын келечеги, алардын татыктуу билими үчүн аспаптар кенен болсо жакшы болмок”.

Маданият министрлигине сын

Өлкөдөгү музыкалык мектептердин абалы тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов 16-июнда “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирген.

Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

“Өлкөдөгү музыкалык мектептердин 80 пайызы оңдоп-түзөөнү талап кылат. Негизи эле алардын имараттарынын баарын кайра жаңыдан салыш керек экен. Анткени кыдырып чыгып, көбү жараксыз абалга келгенин көрдүк. Имараттардын баары эле совет доорунда салынгандыктан эскилиги жеткен. Көпчүлүгү талапка жооп бербейт, бир бөлмөдө музыка ойнолсо, башка бөлмөгө угулуп турат. Негизи музыкалык мектептердин дубалы калың болушу керек эле. Министрлик атайын мониторинг жасап, имараттарды оңдоп-түзөө үчүн Министрлер кабинетине сунуш бергенбиз. Бирок ремонт жасалганы менен имараттар эски болгондуктан кайра эле бир-эки жылда баштапкы абалына келип калат. Азыр каражатка байланыштуу 40 имаратты калыбына келтирүү, айрымдарын кайра куруу иштери боюнча макулдашуу жүрдү. Быйыл 30 маданий имарат жаңыланат. Анын ичинде музыкалык мектептер да бар”, - деген министр Алтынбек Максүтов.

Депутат Надира Нарматова маселени чечүүнүн башка жолдору бар экенин, маселен эл өкүлдөрү да көмөк кыла аларын кеп кылган:

Надира Нарматова.
Надира Нарматова.

“90 депутат менен биргелешип сый-урматта иштесеңиз эле ар бири бирден музыкалык мектепти көзөмөлгө алмак. Сиз айткан 80 пайыз бир жылда эле бүтүп кетмек. Себеби иштөөнүн ыкмалары көп да. Мына мен быйыл Ноокат районундагы бир музыкалык мектепти, бир музейди капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн грантка киргиздим. Ушинтип эле бизден айланып өтүп качпастан, “эл өкүлү катары жардам бериңиз” деп чап жармашып иштеңиз. Өз чөнтөгүнөн жардам берип коё турган деле депутаттар бар”.

Маданият министри Максүтов катышкан жыйында башка да маселелер көтөрүлдү. Маселен, депутат Жеңишбек Токторбаев Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры сыяктуу эскилиги жеткен маданият жайлардын сүрөтүн көрсөтүп, маданият ишмерлеринин көбүнүн материалдык абалы начар экенин айтып, столду муштап министрге күпүлдөгөн.

Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

“Сиз чыгармачыл чөйрөнүн адамысыз. Актёр, режиссёр катары урматтайбыз. Бирок жетекчи катары жумушуңуз абдан начар. Туризм, спорт саясаты боюнча кеп кылбай эле коёюн. Мына, маданият тармагын эле алайын, сиз эки ирет министр болдуңуз, бирок өзүңүздүн учкан уяңызды карабай жатасыз. Театрлар, клубдар, китепканалар талкаланып бүттү. Акча жок дебей келбейсизби бизге “акыбал начар, жардам бергиле” деп. Керек болсо Акылбек Жапаровдун алдына барып жатып албайсызбы плакат көтөрүп. Мен ал киши менен жакшымын. Акча бөлөлү деп айтмакмын. Артисттерибиздин да материалдык абалы начар, жок дегенде "үй куруп берели" демекмин”.

Адистер соңку жылдары Кыргызстанда классикалык музыканын айрым аспаптары менен аны үйрөтө турган мугалимдер таңкыс болуп баратканын айтып келет. Оркестрде арфа сыяктуу айрым аспаптар жок болуп, анын ордун айласыздан башкалар толуктап жатканы тууралуу да маселе көтөрүлгөн.

Кыргызстанда классикалык искусстводогу музыканттарды тарбиялай турган окуу жайлар – Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерватория, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жай. Андан сырткары Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы жана Каракол шаарында Ыбрай Туманов атындагы окуу жайлары, жалпысынан кошумча билим берүүчү 88 музыкалык мектеп бар.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG