Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

Иран тасмаларындагы доор үнү


Ирандык тасмадан алынган кадр.
Ирандык тасмадан алынган кадр.

Бишкекте иран тасмаларынын жумалыгы өтүп жатат. 7-февралда башталган иш-чаранын биринчи күнүндө “Кыял чабытынын таттуу даамы” аттуу көркөм фильм көрсөтүлдү.

Алдыда дагы беш тасма тартууланат. Алар Ирандагы эл аралык “Фаджр” кинофестивалында жана дүйнөлүк фестивалдарда алдыңкы сыйлыктарга ээ болгон.

Жергиликтүү кино адистери иран тасмалары дүйнөлүк кино тармагында улуттук өзгөчөлүгүн сактаганы менен айырмаланып турарын айтышат.

Жумалыктын биринчи күнү коюлган ирандык режиссер Камал Табризинин “Кыял чабытынын таттуу даамы” аттуу тасмасында экология маселеси козголгон. Окуя Ирандагы жогорку окуу жайлардын биринде өтөт. Кинонун баш каарманы - коомчулукту табиятты коргоого, электр энергиясын, жылуулукту үнөмдүү пайдаланууга чакырган жаш окумуштуу.

Режиссер Камал Табризи
Режиссер Камал Табризи

Ал автоунаалар абаны булгап жатканына нааразы. Өзү көчөдө жел араба менен жүрөт. Велосипедине күндөн кубат топтой турган атайын жабдык орнотуп алган. Студенттеринин арасынан Ширин - анын идеясын колдогон жалгыз шакирти.

Экөө адамзат үчүн табиятка зыян келтирбей турган энергия булактарын таап берүүнү кыялданып, ал максатка жете турган жолду издешет.

Сөз болуп жаткан тасманы көрүп чыккан Кинематография департаментинин жетекчиси Муктаалы Бектеналиев адис катары иран тасмасынын өзгөчөлүгү тууралуу кеп кылды:

- Азыркы кинодо жаңы технологиялар, компьютердик графика пайдаланылган экен. Анимациялык ыкмалар да кошулуптур. Демек бул кино аркылуу Ирандын кино өндүрүшү өз тармагында жаңы технологияларды колдонуп жатканын көрөбүз. Бул көрүнүш инновация менен технологиянын өнүгүп жатканы да кино искусствосуна таасир этип жатканын туюнтат.

Глобалдашпаган кыргыз же атам өлдү - салт өлгөн жок

Глобалдашпаган кыргыз же атам өлдү - салт өлгөн жок

Азат атасынын карызынын баарынан кутулду. Эми маркумдун акыркы аманаты калды.

Бектеналиев жумалыктын алкагында кыргыз кинематографисттери менен Иран элчилигинин ортосунда кино тармагындагы байланыштар боюнча пикир алмашуу жүрөрүн кошумчалады.

Иран маданиятын, киносун жакындан билген режиссер-оператор, Кыргыз эл артисти Карел Абдыкулов иран тасмалары тууралуу төмөндөгүдөй пикирде:

- Ар бир улуттун өз маданияты, жүрүш-турушу, бири-бири менен болгон мамилеси бар. Орустардыкы башка, кыргыздардыкы башка дегендей. Мына, ирандыктардын тасмасын өзүң көрүп турасың. Биз жаман айтпайлы, бирок бул тасмалардын деңгээли биздин кыргыз киносуна жетпейт. Анткени булардын темалары башка. Мен иран тасмаларын көп жолу көрдүм. Мүмкүн буларда диний чектөөлөр болгону үчүн ушундай болуп калгандыр? Ошондуктан кино тартууда да "тигиндей сүйлөш керек, мындай сүйлөш керек, тигини тартыш керек, муну тартпаш керек" деген эрежелери бар окшойт.

Абдыгулов анткен менен Иран дүйнөнү таңдандырган баалуу маданий мурастарга бай экенин белгилеп, "кинодо ошол мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана элек" деген оюн билдирди.

Кыргызстандагы Иран элчилигинин маданий өкүлчүлүгүнүн башчысы Али Хакимпур жумалыкка сунуш кылынган фильмдер көрүүчүнү ойлондура турган заманбап тасмалар экенин, алар эл аралык фестивалдарда жетишкен жеңишине жараша тандалганын айтты:

- Жаңылбасам иран киносу 1998-жылы Мажида Мажидинин “Асман балдары” аттуу тасмасы менен дүйнөлүк абройлуу сыйлыктарга кадам таштаган. Андан соң 2012-жылы Асгар Фархадинин "Надер менен Симиндин ажырашуусу" аттуу тасмасы "Оскар" сыйлыгына татыктуу болуп, Иран кинотасмасынын тарыхын жаңылаган. Мындан башка да эл аралык кадырлуу кароо-сынактарда жеңишке жетишкен тасмаларыбыздын катары калың. Учурда заманбап иран тасмаларында да жаңылыктар көп.

Иран маданиятынын Дүйшөмбүдө өткөн жумалыгы. Тажикстан. 2015-жыл
Иран маданиятынын Дүйшөмбүдө өткөн жумалыгы. Тажикстан. 2015-жыл

Адистер Иран мамлекети соңку он жылдан бери өзүнүн кино тармагын идеологиялык курал катары өнүктүрүүгө көңүл коюп келатканын айтышат. Мындан тышкары, иран кинематографиясы кийинки убакта материалдык-техникалык базасын чыңдап, айрыкча анимациялык фильмдерди жаратууда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү менен теңтайлашууга жетишкени белгилүү.

2015-жылы Садык Шер-Нияздын “Курманжан Датка” тасмасы Иранда өтүүчү “Фаджр” кино фестивалына катышып, калыстардын атайын сыйлыгына ээ болгон. 2017-жылы кыргызстандык жаш режиссер Салтанат Зарнаеванын “Үй” тасмасы да Тегеренда өткөн кыска метраждуу тасмалардын эл аралык IYCS кинофестивалында "Азиянын эң мыкты тасмасы" деп табылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG