Ирандын башкы дипломаты Дүйшөмбү (Душанбе) шаарына келген күнү эле тажик президенти менен бир нече саат бою жабык сүйлөштү. Жолугушуудан кийин тажик президентинин басма сөз кызматы болгону эки сүрөт жарыялап, ортодогу пикир келишпестиктер тууралуу эч сөз кылган жок. Жакынкы күндөрү эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиялары жолугары гана учкай айтылды.
Андан соң Мухаммад Жавад Зариф тажик кесиптеши Сирожиддин Аслов менен чогуу Ирандын Дүйшөмбүдөгү элчилигинин жаңы имаратынын ачылышына катышты. Аземге күбө болгон расмий өкүлдөр жолугушуу позитивдүү маанайда өткөнүн, эки өлкөнүн башкы дипломаттары дээрлик чогуу жүрүшкөнүн "Азаттыктын" тажик кызматына билдиришти.
Зариф соңку эки жылдан бери Тажикстанга келген жогору даражалуу алгачкы ирандык расмий өкүл болуп калды. Тили тектеш эки өлкөнүн алакасы баштан бери эле өтө мыкты деңгээлде өнүгүп кетпесе да, акыркы төрт жылда мурда болуп көрбөгөндөй солгундап кетти.
2013-жылы Иран жергиликтүү миллиардер Бабак Занжанини кармап, аны мунайды сатуудан түшкөн акчаларды Тажикстандын банктары аркылуу кымырып алган деп айыптаган. Тажик тарап Иран көрсөткөн документтерди жалган деп мүнөздөгөн.
2015-жылы болсо Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу" партиясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабиринин Тегерандагы эл аралык жыйынга чакырылышы эки өлкөнүн алакасын ого бетер начарлаткан. Мындан көп өтпөй расмий Дүйшөмбү иран товарларын алып кирүүгө чектөө киргизген, ирандык бир катар чакан жана орто фирмалар жабылган.
- Иран менен Тажикстандын алакасы жакшы эмес. Эки ай мурда Тажикстанда документалдуу тасма көрсөтүлүп, анда Иранга олуттуу айыптар тагылган. Биздин өлкө Иранды террорчуларга колдоо көрсөтөт деп айыптаган. Мындай кескин дооматтардан кийин Тажикстандын Ирандын тышкы иштер министрин кабыл алганы таң калтырат, - деди тажик аналитиги Фаридун Ходизода.
Чындыгында быйыл август айында Тажикстандын бардык мамлекеттик телеканалдарында Иран тууралуу чуулгандуу документалдык тасма көрсөтүлгөн. Анда 1990-жылдары жарандык согуш маалында Иран террорчуларды каржылаганы айтылып, Тегеран тажик коргоо министринин мурунку орун басары, генерал Абдухалим Назарзода аркылуу белгилүү саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди өлтүргөн деген тыянак чыгарылган. Иран тарап бул тасма боюнча түшүндүрмө талап кылган.
21-октябрда тажик президентине караштуу Ислам таануу борбору Иранды Тажикстандагы туруктуулукка шек келтирип жатат деп айыптаган. Мекеменин сайтында жарыяланган «Шиизм: идеология жана тажрыйба» аттуу материалда Иран тажик коомун исламдаштыруу, шиизм идеяларын жайылтуу аракеттерин жүргүзүп жатканы, бул кадам эки өлкө ортосундагы мамилени туңгуюкка кептегени айтылган.
Материалда стратегиялык өнөктөштүктү калыбына келтирүүдө Иран менен Тажикстан саясий жана диний оюндарга муктаж эмес деп жазылган. Ошондой эле Тажикстандагы жарандык согуш маалында Ирандын кайсы бир топторго каржылык колдоо көрсөткөнү эске салынган.Тажик бийлиги 150 миң адамдын өмүрүн алган согуш үчүн Ирандан экономикалык жана моралдык зыян өндүрүү талабы менен БУУга кайрылууга укуктуу экенин ишара кылган. Иран болсо бул дооматтарды четке кагып келет.
Тажик талдоочусу, журналист Дориюш-и Ражабиён мындай олуттуу айыптоолордон кийин эки өлкөнүн алакасын министрдин бир сапары эле чечип сала албай турганын айтты:
- Ар бир кастыктын аягы тынчтык менен аяктаары бышык. Тажикстан менен Ирандын мамилеси жөнүндө деле ушуну айтсак болот. Бирок эки өлкөнүн ортосунда бир катар саясий жана экономикалык маселелер бар. Бул иш сапар эки тараптуу алаканы жакшыртууга салымын кошот деп ойлойм. Бирок алака тез арада жакшырып кетет деп күтүүгө болбойт.
Eurasianet.org басылмасы тили жана маданияты тектеш эки өлкөнүн алакасынын начар болушу Ирандын чөлкөмдөгү атаандашы Сауд Арабияны кубантат деп жазды.
Тажик серепчиси Фаридун Ходизода Тегеран менен Дүйшөмбүнүн ортосунда дипломатиялык алаканын жанданганын Орусияга байланыштырат. Ал Иран Орусиянын Дүйшөмбүгө таасирин колдонуу менен мамилени оңдоо аракетин көрүп жатат деген ойдо.
Иран Советтер Биримдиги кыйрагандан кийин Тажикстандын көз карандысыздыгын алгачкылардан болуп тааныган. Жарандык согуш маалында Тегеран тараптарды далай жолу тынчтыкка чакырган жана 1994-жылы тажик өкмөтү менен Бириккен тажик оппозициясы Тегеранда жолугуп, согушту токтотуу боюнча макулдашууга кол койгон.