Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

"Ишке кирерде өзүңдү мактагандан тартынба"


Чолпон Токтосунова, "Кей Эм Карго" аталышындагы германиялык компанияда логист болуп эмгектенет.
Чолпон Токтосунова, "Кей Эм Карго" аталышындагы германиялык компанияда логист болуп эмгектенет.

Ушул тапта жүздөгөн кыргызстандык жаштар чет жакта ар кандай эл аралык компанияларда эмгектенип жүрөт. Абройлуу компанияларга ишке орношуу оңой эмес. Кээ бирөөлөр беш жүздөй ишканага тапшырып, атайын баарлашуудан өтүп араң илинген. Ишке орношууда алгачкы баарлашуу же job интервьюдан кантип өтүү керек? Кандай сырлары бар? Эмнеге басым жасоо зарыл?

Дөөлөтбек Журтчу уулу Польшанын Лодзь шаарында жашайт. Ал Philips компаниясында жабдуулар менен камсыздоо боюнча адис болуп иштейт.

Европага жаңы келген кезде Дөөлөтбек бул жактан иш таба аларына анча ишенген эмес. Чындыгында оңой болгон жок. Жумушка кирүү үчүн ал 300дөн компанияга резюмесин жиберген. Алардын баары баарлашууга чакырып, бир нечеси иш сунуштаган.

Дөөлөтбек башында тажрыйбанын жоктугунан иш берүүчүнүн жеңил эле суроолоруна жооп бере албай кыйналган. Ал жумушка кирип жатканда адам өзүнүн жетишкендиктери тууралуу тартынбай айтышы керек деген пикирде.

"Интервьюга катышып, өтпөй калган көп эле учурлар болду. Мен башында абдан көп ката кетиргем. Кыргызстанда өмүрүмдө эч бир компанияда иштеп көрбөгөндүктөн, бул жакка келгенде көп нерсе билчү эмесмин. Окууну да бүтө элек болчумун. "Буга чейин эмне кылдыңыз эле? Биздин компанияга кандай пайда алып келесиз?" деген сыяктуу оңой суроолорго жооп бере алган эмесмин. Биз кыргыздар уялчаак келет экенбиз. Жетишкендиктерибизди айтып, мактана албайбыз. Менде да башында ошондой нерсе бар болчу. Аны жоюуга аракет кылыш керек. Уялбай, өзүңдү мактап, өзүңдү көрсөтүш керек".

Дөөлөтбек Журтчу уулу кесиптештери менен.
Дөөлөтбек Журтчу уулу кесиптештери менен.

"Бир эле резюмени баарына жибербеш керек"

Чолпон Токтосунова Польшадан магистратураны аяктап, андан кийин жумуш таап, иштеп калган. Ал азыр германиялык "Кей Эм Карго" компаниясында логист болуп эмгектенет. Чолпон башкалардан айырмаланып, 100дөгөн интервьюлардан өтпөй эле, баш-аягы үч-төрт интервью берип, жумушка кирген. Ал бир нече компанияга окшош резюме жөнөтүү жумуш издегендердин олуттуу катасы экенин баса белгиледи:

"Европада жашаганыма эки жыл болду. Жаңы келгенде бир эле резюмемди баарына жөнөтө берчүмүн. Ойлонуп көрсөм бул туура эмес экен. Кийин компанияны изилдеп, талаптарын карап, резюмемди ошолордун кызыкчылыктарына жооп бере тургандай кылып тапшырган соң позитивдүү жооптор келе баштады. Негизи эле адам өзү менен өзү болуш керек. Анткени, көп учурда интервью ала тургандардын арасында психологдор дагы отурат. Компаниялардын көбү келерки он жылдыктагы пландарыңызды сурайт. Бул суроого сиз бир-эки жыл иштеп кетем дебей, он жылдык перспективада карап, келечек пландарыңызды ошол компания менен байланыштырып айтып бергениңиз оң".

Чолпон Токтосунова.
Чолпон Токтосунова.

"Интервьюдан өтпөй калууга даяр болуш керек"

Бексултан Абакиров учурда Британиядагы "Эйч-эс-биси" каржы компаниясында IT-инженер болуп эмгектент. Буга чейин ал жүздөгөн компанияга тапшырып, иш берүүчүлөр менен баарлашкан. 28 жаштагы Бексултан интервью да өзүнчө бир жумуш экенин, ага жакшылап даярдануу зарыл экенин белгиледи:

"Өзгөчө дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүндө Америка, Европада интервьюда кандай сүйлөш керек, кандай даярданыш керектиги боюнча айлап окуткан курстар бар. Аны керек болсо тармактарга бөлүп алып окутушат. Мен аябай эле көп интервьюга тапшыргам. Көп жолу өтпөй калгам. Кээ бирлери дароо эле айткан. Жада калса интервью учурунда деле "сен бизге туура келбейт экенсиң" деп айткандар болот. Кээде интервьюлар абдан жакшы өтөт. Өттүм деп ойлойсуң. Бирок аягында “ала албайбыз” деген жооп келет. Ошол нерсе оор тиет. Ошол себептен, бир гана компанияга фокус кылып албай, паралелдүү түрдө бир нече варианттарды карап жүрүш керек".

Бексултан Абакиров.
Бексултан Абакиров.

"Күзгүнүн алдында отуруп алып даярданам"

Калыгул Жунушбеков 24 жашта. Ал ушул тапта Германиядагы SAP SE компаниясында каржы жаатында эмгектенет. Калыгул баш-аягы 100дөн ашык компанияга арыз жөнөтүп, анын 20дан көбүнөн чакыруу алган. Ал ар бир интервьюнун алдында атайын чоң даярдыктан өтөт.

"Күзгүнүн алдында отуруп алып кадимкидей даярданам. Ошентип коркуу сезимимди жеңем десем болот. Кээде дос, тааныштарымды чакырып, аларга айтып берип, пикирлерин угам. Айрым учурда телефонумдун камерасына өзүмдү тартып, көрүп чыгам. Кемчиликтер болсо оңдогонго аракет кылам. Интервьюга киргенде жылмайып, көз менен байланышты сактоо, ар бир сөзүн уга билүү маанилүү. Өз оюңду дагы туура жеткире билишиң керек. Онлайн баарлашканда деле жылмайып турганың оң. Үтүрөйүп турсаң жактырышпайт. Ошондой эле суроолорго айландырып, оорлоштуруп берген жоопторун менен тажатып жиберишиң мүмкүн. Анан дагы STAR деген ыкма бар. Бир суроого жооп берип жатканда алгач маселени, анан кырдаалды, кийин кантип чечеринди, тагырагы жыйынтыгын айтып бересиң. Анан эң акырында “Бизге сурооң барбы?” деген суроого “суроом жок” деп жооп берсең, кызыкпай калган го же даярдыксыз келген го деген да ой пайда болот".

Калыгул Жунушбеков.
Калыгул Жунушбеков.

Ирина Ионеско Америка, Мексика, Гондурас сыяктуу мамлекеттерде жайгашкан эл аралык компанияларга кызматкерлерди таап берет. Ал бир күндө 10 адам менен баарлашат. 10 жылдык тажрыйбасы бар Иринанын айтымында, көпчүлүк адамдар интервьюга даярдыксыз келет. Ал жумушка орношууну көздөгөндөр үчүн мындай кеңешин берет:

"Алгач алдын ала берилген тапшырманы аткарып, сиз орношуп жаткан компания же мекеме тууралуу тыкыр изилдөө жасаңыз. Бериле турган болжолдуу суроолорго даярдык көрүңүз. Андан кийин өзүңүздүн күчтүү жактарыңызды аныктап алып, өзүңүздү тааныштырууда колдонсоңуз болот. Бул алгачкы таасир калтыруу үчүн абдан маанилүү".

Каармандарыбыз белгилегендей, адам алдыга койгон максаты так болсо бир-эки жолу эле тапшырып, "жолум жок экен" деп отуруп калбай, жүздөгөн компанияларга тапшырып, интервьюдан өтүүдөн чарчабаш керек. Бул үчүн эң негизгиси так максат коюп, талбай аракеттенүү зарыл.

Макаланы Жылдыз Арыстанбек кызы даярдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG